Коррупция тууралуу ачык айткан чек арачы каза болду

Талгат Аланов.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Аланов 21-июлда мезгилсиз көз жумду.

Жакындарынын айтымында, Алановдун абалы күтүүсүз жерден начарлап, ооруканага жетпей "Тез жардам" автоунаасынан үзүлгөн. Подполковник болгону 38 жашта болчу. Мамлекеттик чек ара кызматы офицер Талгат Алановдун жүрөгү кармап каза болгонун билдирди. Анын бир тууган агасы Данияр Аланов инисинин ден соолугу чың болгонун айтып жатат.

"Жүрөгү кармап калганын айтып жатышат. Бирок инимдин эмнеден улам көз жумганын билбей, түшүнбөй турабыз. Коронавирус менен ооруган эмес. Жакшы жүрүп эле түштөн кийин кыйнала баштады. "Тез жардам" кызматы менен Ош шаарына жетейин дегенде үзүлдү. Талгаттын ден соолугу мыкты болчу. Мурда-кийин ооруп жүргөнүн байкаган эмеспиз, өзү дагы айткан эмес. Бир күн мурда эле жайлоодон келген. Көп балалуу болгондуктан, мамлекеттен үй ала турганын айтып, сүйүнүп жүргөн. Керектүү документтерди тапшырып койгон экен".

Туугандарынын айтымында, маркум туулган айылында эмгек өргүүсүнө байланыштуу эс алып жүргөн.

Дагы караңыз Офицер чек арадагы жемкорлукту сындады

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери Талгат Аланов өмүрүнүн соңку үч жылында өзү иштеген мекемедеги коррупциялык иштерди ачык айтып, система менен күрөшүүгө аракет кылды.

Ал 2019-жылдын 27-ноябрында басма сөз жыйынын өткөрүп, «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларын санап берген.

"Чек арачы бир кызматтан экинчи кызматка сөзсүз акча берип которулат. Мен түздөн-түз видеого тартып алган факты жок. Бирок бул нерсе болуп жатат. Жөнөкөй заставада иштеген чек арачынын акчасы жок болсо бербейт да. Бул чек арадагы өткөрүү бекеттеринде болот. Ошол жерде иштеген бирөө акча топтоп командирге берет, андан ары Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына жетет. Ошондой схема, чынжырча бар. Мага жогорку окуу жайларын бүтүп келген офицерлер келип «менин ордума акчасы бар бирөө дайындалды» деп кайрылат. Бул туура эмес".

Чек ара кызматы офицердин айткандарын четке кагып, "Талгат Аланов кызматкер болгонуна карабай Куралдуу күчтөрдүн ички кызматынын уставын бузду" деп айыптап чыккан. Удаа эле Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын беш кызматкери Талгат Алановду сотко берип, ар бири 100 миң сомдон кенемте талап кылган.

Аланов адвокат жалдаганга каражаты жок болгондуктан, сотто өзүн-өзү коргой турганын билдирген эле.

Дагы караңыз Подполковник Алановду беш чек ара кызматкери сотко берди

Мекеменин басма сөз катчысы Сажира Чоколоева Талгат Аланов айтып чыккан иштер боюнча буларды билдирди.

"Мамлекеттик чек ара кызматы каза болгон офицердин жакындарынын орду толгус жоготуусуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт. Подполковник Талгат Алановдун "Чек ара кызматында коррупциялык иш-аракеттер жүргөн" деген билдирүүлөрү боюнча тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүп, анын бардыгы Коопсуздук кеңешинин көзөмөлүндө болгон".

Ушул жылдын 30-январында Талгат Аланов Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев менен жолугушкан. Президенттик аппараттын маалымат кызматы Алановдун арызында жазылган бардык жүйөлөрдү сотко чейинки өндүрүштө дыкат уюштуруу жана текшерүү үчүн тергөө тобу түзүлө турганын да билдирген. Бул боюнча Аскер прокуратурасы дагы териштирүү иштерин баштаган эле. Азырынча жыйынтык чыга элек.

Төлөгөн Келдибаев.

Серепчи Төлөгөн Келдибаев Талгат Алановду калыптанган коррупциялык системага каршы чыккан офицер катары сүрөттөп, бирок жыйынтыгында бул күрөштө жалгыз калганын айтты. Ал Алановдун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө чакырды. Маркумдун айткандары акырындык менен унутулуп калышы ыктымал деп кейиди.

"Тергөө иштери адилеттүү, калыс жүргөндө Аланов айткандарын фактылар менен далилдеп бермек. Тилекке каршы, өмүрү кыска экен. Эми ал жигиттин эмнеден каза болгону иликтенип, адистердин корутундусу ачыкка чыгарылышы керек. Киши колдуу болдубу, ууландыбы же өнөкөт оорусу өрчүшүп кеттиби? Антпесе, эл ичинде "Аланов киши колдуу болду" деген бүдөмүк ой айтыла берет. Негизи коррупцияга баткан органдардын арасында Чек ара кызматы жалгыз эмес. Бажы тармагы баш болуп мамлекеттик органдардын бардыгы былык иштерге белчесинен батты. Жада калса коррупция менен күрөшө тургандар дагы таза эмес".

Коомчулук Талгат Аланов убагында айтып чыккан коррупциялык иштерди дагы бир жолу эстеп, "эми иликтөө иштери акырына чыгабы" деген суроону коюп жатышат.

Коомдук ишмер Кубанычбек Исабековдун опурталдуу ишке бел байлаган чек арачы Талгат Аланов "мамлекеттин колдосуна ээ болгон жок" деген пикирин айтты:

Кубанычбек Исабеков.

"Аланов сыяктуу өзү иштеген жердеги коррупциялык схемаларды айтып чыккандар көп болду. Бирок алар мамлекеттен колдоо таппай, тескерисинче азап тартышты. Чет мамлекеттерде ачык айтып чыккан адамдарга сыйлык беришет, кызматынан жогорулатат. Бизде андай кишилерди жумуштан бошотуп, жетекчилиги куугунтукка алып жатат. Атайын кызматтын өкүлдөрү кечирим суратып жатышат. Бул коррупция менен күрөшүү эмес, мыйзам бузууларды гүлдөтө турган саясат. Ушундай көрүнүш улана бере турган болсо, эч ким коррупциялык иштерди ачыкка чыгара албайт".

Маркум Талгат Аланов 1982-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Каратай айылында туулган. Мамлекеттик чек ара кызматында 2003-жылдан бери иштеп келген. Ал коомчулукка коррупциялык иштерди ачык айткандан тартынбаган офицер катары таанылды. 38 жаштагы чек арачынын артында жубайы, алты баласы калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​