Кыргызстан коңшу өлкөлөрдүн энергетика министрлерин "Токтогулга" чакырды

Токтогул ГЭСи.

Энергетика министрлиги Казакстан менен Өзбекстандын энергетика министрлерин "Токтогул" суу сактагычындагы абалды көрүп кетиш үчүн Кыргызстанга чакырды. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев 18-январда парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында айтты.

"2022-2023-жылдан өтүү боюнча январдын үчүнчү декадасына Казакстандын энергетика министрин, суу тармагындагы министрин, Өзбекстандын да энергетика министри менен суу тармагындагы жетекчисин чакырдык. Аларды "Токтогул" ГЭСине алып барып суунун көлөмүн көрсөтөбүз. Ортобузда атаандашуу болбой шериктеш бололу деп сунуш кылып кат жөнөттүк".

"Электр станциялары" ишканасынын сайтында суу сактагычтагы суунун көлөмү 18-январга карата 9 млрд. 559 куб метрди түздү.

Кыргызстан Токтогулдагы суунун аздыгынан оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алып жатат. Электр жарыгын Түркмөнстандан да импорттой баштаган.

"Токтогул" суу сактагычы Нарын дарыясына курулган. Ага башка дагы бир катар дарыялар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башкалар куят. Өткөн жылы өлкө бийлиги аба ырайына байланыштуу суу аз болорун эскерткен. Жайында Кыргызстан коңшулары Казакстан менен Өзбекстанга сугат үчүн "Токтогулдан" суу коё берет. (BTo)

Дагы караңыз

 “Нур Отан” партиясы кезексиз курултай өткөрөрүн жарыяладыПрезидент жаңы Салык кодексине кол койдуМадумаров суракта башка адамдар менен беттештирилетЖК: эки комитет министр кызматына Имановдун талапкерлигин жактырды Назарбаев нааразылыктар “атайын уюштурулганын” билдирди, Токаев менен тирешкенин төгүндөдү