Эксперттер мындан аркы соттун жүрүшү ачык болушу керектигин айтып жатышат. Ал эми саясат талдоочулар болсо соттун чечими саясаттагы кылдаалга көз каранды болушу мүмкүн экенин эске салышты.
Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына козголгон кылмыш ишин тергөөдөн кийинки материалдары менен жактоочулар тааныша элек. Качан колдоруна тиери да так айтылган эмес.
- Тергөө аяктады. Бирок ишти колубузга берише элек. Даяр эмес экен. Балким ушул аптада берилеби же жокпу белгисиз. Негизи тергөө аяктаганда 50 том болобу, баарын тизип коюш керек. Адвокаттар кайсы тому болбосун алып таанышканы оң. Алар бизге жакынкы күндөрү “чакырабыз” деп айтышкан.
Буга чейин Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия "Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу" деген тыянакка келген.
Комиссия Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековго ачык кысым көрсөтүү менен ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, анын орун басарлары Болот Сүйүнбаев, Дамир Мусакеев, ички иштер министри (ИИМ) Улан Исраилов жана ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева аркылуу бийликке таасир этүүнү көздөгөн деп эсептейт.
Комиссияны жетектеген төрөганын орун басары Бакытбек Райымкулов комиссиянын корутундусунда камтылган фактыларды текшерүү жана чара көрүү милдети өкмөткө, тийиштүү укук коргоо органдарына тапшырылганын айтып, андан кийинки маалыматы жок экенин белгиледи:
- Биз корутундуну бергенбиз. Калганын тергөө иштери аныктайт. Биз ага кийлигише албайбыз, - деди Райымкулов.
Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Кой-Таш окуясына байланышкан соттук отурумдар ачык болушу керек деген пикирде:
- Бул өтө саясатташкан маселе болгондон кийин сот максималдуу түрдө ачык болушу абзел. Анткени бийлик элди ынандырышы керек. Болбосо эл ичинде “саясий конфликт болду” деген көз караш кала берет. Бирок “сот жабык өтөт экен” деген маалыматтар айтылып жатат. Андай болсо элдин бийликке карата шек саноосу күчөй берет.
ИИМдин маалыматына караганда "бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу", "калайман башаламандык уюштуруу", "барымтага алуу" “атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу”, “тергөөгө каршылык көрсөтүү”, “адамды коркунуч абалда калтыруу” жана “адамдын ден соолугуна зыян келтирүү” беренелери боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 киши кылмышка шек саналууда.
Дагы караңыз Атамбаевдин тарапташтарынын кезектеги сотуКой-Таш окуясы боюнча 39 факт менен сотко чейинки өндүрүш жүрдү. Бул иштин алкагында Алмазбек Атамбаев жана анын бир нече тарапкери камакка алынган.
Алардын арасында президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов, анын жансакчысы Канат Сагынбаев, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков жана Мээрбек Мискенбаев бар.
Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жана Алга Кылычев үй камагында отурушат.
Саясат талдоочу Марс Сариев бул ишке байланыштуу соттун өкүмү саясаттагы кырдаалга жараша чыгышы мүмкүн деп эсептейт:
- Кырдаал курчуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан Атамбаевге жана анын тарапташтарына Орусиянын позициясы кандай болору сөзсүз эске алынат. Менимче тышкы саясат таасирин тийгизет. Анын үстүнө бийликтин азыркы акыбалы жакшы эмес. Экономикалык өсүш жок. Күзүндө парламенттик шайлоо болот. Мына ушунун баары эске алынат.
Былтыр 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөй адам жабыркаган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.