Каракол: зоопарктагы жаныбарларга азык керек

Даша аттуу аюу сабиз жеп жатат. 

Каракол зоопаркында 150дөн ашуун жандык бар. Алардын арасында жырткыч жаныбарлар, тоо текелери, сүт эмүүчү жандыктар жана канаттуулардын түрлөрү кармалып турат. 

Симба аттуу арстан. 

Зоопарктагы жаныбарларга бир айлык тамагын камдоого (витаминдерден сырткары) 500 миң сом жумшалат. Айына үч тоннага жакын эт кетет. Ал эми кыштан чыгыш үчүн 5-4 миң түк чөп керектелет.

Эки өркөчтүү төө. Акыркы жылдары зоопаркка бөлүнгөн финансылык каражат кескин азайган.

Бүркүт.

Зоопаркка бөлүнгөн каражат азайгандыктан жаныбарлар кармалган вальерлерди оңдоп-түзөп, жаңы тийиштүү жабдыктарды сатып алууга зоопарктын чамасы жетпей жатат.

Капаста жата берип зериккен Даша. 

Учурда зоопаркта сегиз киши иштейт. Бирок бул жетишсиз.

Жумуртка басып жаткан үкү. 

Зоопаркта үч аю бар. 

Зоопарктын кире бериши. 

Каракол шаарындагы карантинден улам зоопарк көрүүчүлөрсүз калды. 

Учурда зоопарктагы жаныбарларга чөп, эт, сабиз, капуста жана жер-жемиштер жетишсиз болуп турат. Ал арада карантинге жабылып, зоопарк күнүмдүк каражатынан да ажырады. 

Азыр зоопарктын коммуналдык төлөмдөргө болгон карызы бар экенин зоопарктын директору Салтанат Сеитова билдирди. 
 

 Бул зоопаркка жаныбарларды көбү Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан алынып келинет. Жаз айларында канаттуулар жер которуп, арасында уча албай калгандары дал ушул жерге өткөрүлүп берилет.

Зоопарктагы эскилиги жеткен чакалар. 

Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири зоопарктын кызматкерлеринин апрель айындагы айлыгын төлөп берүүнү убада кылганын зоопарктын директору "Азаттыкка" билдирди. 

Азыр зоопарктагы жаныбарларга тамак-аштан сырткары, алар кармалып турган вольерлерди оңдоп-түзөөгө да каражат керек.

Каракол шаарындагы зоопаркта 150дөн ашык жаныбар бар. Пандемияга байланыштуу Каракол шаарында карантин жарыяланып, зоопарк көрүүчүлөргө эшигин жапты. Абалга байланыштуу зоопарктын жашоочулары ачка калуу коркунучунда турат.