Канат Исаев: Сот чечими Ак үйдөн чыгат
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Канатбек Исаевге бийлик басым жасап жатканын депутат “Азаттыктын” 2+1 форматындагы эксклюзив маегинде айтты. Саясатчы Башкы прокуратура териштирип жаткан Токмок ишинин чоо-жайы, президенттик аппарат менен мурдагы жана азыркы мамилеси, жеке саясий позициясы жана келечектеги пландарына байланышкан суроолорго жооп берди.