Кыргызстан калың кардын кучагында

Ала-Тоо аянты. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 600дөн ашуун кызматкери ондогон техника менен 4-январдын түнүнөн баштап иштеп жатканын мекемеден билдиришти. Бишкек. 

Бишкекте 4-январда түнү калың кар жаады. 

Бишкек шаардык мэриясы кар калың жаап жатканына байланыштуу жолдорду, эл баскан тратуарларды тазалоо, туз себүү иши жүрүп жатканын билдирди.

Ушул тапта Бишкекте абанын температурасы 1 градус болуп турат. Мындай аба-ырайы 14-январга чейин күтүлүүдө. 

Кар жамынган балаты. 

“Кыргыз автожол” ишканасы айдоочуларга кышкы дөңгөлөк салууну, чынжыр тагууну жана тыгын жаратпоо үчүн каршы тилкеге чыкпоону эскертет.

Кар алдында калган оюнчуктар.

Калың кар балдарды кубантты.

Калың жааган кар автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишине түйшүк жаратты.

Түнкүсүн Бишкекте -1 градус суук болушу күтүлүүдө.

Кар киши.

Жумгалда кар түшкөнү менен күн ачык.

Учурда Нарында абанын температурасы -5 градус. 

Милянфан айылы. Чүй облусу, Ысык-Ата району.

Баткенде жолдорду туман каптаган. 

Төө-Ашуу. Калың жааган кардан улам Бишкек — Ош жолунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди.