Шайлоону жылдыруу сунушу, Жээнбековдун сыны

Кыргызстандагы президенттик шайлоо учуру. 15-октябрь, 2017-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков пандемияга байланыштуу шайлоону жылдырууну сунуштаган партияларды "куру популизмге алдырды" деп сынга алды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун КТРКнын "Биринчи радиосу” менен маеги жыл башынан берки журналисттер менен алгач баарлашуусу болду көрүнөт.

Маалымат каражаттары менен көп баарлаша бербеген президент коронавирус пандемиясы башталгандан бери бир нече жолу элге кайрылуу кылганы менен, маек бере элек болчу. Мамлекет каржылаган радионун кабарчысы менен баарлашуу учурунда Жээнбеков коронавируска байланыштуу акыркы кырдаал боюнча суроолорго жооп берди. Алардын арасында өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга карабай, саясий талкууларды кызытканы - парламенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча президенттин так кесе позициясы да болду.

Дагы караңыз Шайлоонун санаага салган мөөнөтү

Сооронбай Жээнбеков кандай шарт болбосун шайлоону Конституцияга ылайык өткөрүү зарыл экенин билдирди.

“Президент катары айтам, бардыгы өз убагында аткарылышы керек. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун, эртеңкини унутууга акыбыз жок. Ошонубуз менен элбиз, ошонубуз менен укуктук мамлекетпиз. Эгерде, биз сыноо болсо, кыйынчылыктар болсо, мыйзамды бузалы, Конституцияны бузалы деп, башка жолго бургандарды ээрчип кетсек, анда укуктук мамлекетти кура албайбыз. Ошондуктан, күздөгү парламенттик шайлоо өзүнүн мерчемделген конституциялык мөөнөтүндө өтөт. Мен буга тийиштүү жарлыкка кол койдум. Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам алкагында ишин баштады”.

Сооронбай Жээнбеков шайлоо өз убагында өтөрүн кесе белгилеп, аны сарамжалдуу жана коопсуз уюштуруу боюнча тиешелүү органдар иштеп жатканын шардана кылды.

Дагы караңыз Бийлик пандемия шартында шайлоо өткөрөт

Ошондой эле президент пандемияга байланыштуу парламенттик шайлоону кийинчерээк өткөрүүнү сунуштаган саясий партияларды сынга алып, “куру популизм менен алектенип жатат" деп сыпаттады.

“Шайлоо өтпөшү керек деп, бүгүн куру популизм менен алек болуп жаткан партиялар баш болуп каттоодон өттү. Мен кайрылат элем, урматтуу “Ата Мекен” жана “Республика” партиясынын квотасы менен дайындалган Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөлөрүнө. Ушул партиялардан шайланып, иштеп келген, иштеп жаткан депутаттарга ушул партиялардан кайра депутат болуп келем деген саясатчылар жана алардын күйөрмандарына айтаар элем. Саясат менен ашкере алектенип, элди шайлоого байланыштуу маселеде адаштырууну токтотууга чакырам. Бул Конституцияда каралган маселе. Жок дегенде ушундай кыйын кырдаалда жигитчилигиңерди көрсөтүп, саясий күрөштү мыйзам алкагында алып барууга үндөйм. Мамлекеттин тагдырын, элдин тагдырын оюнчук көрүүгө эч кимге укук берилген эмес”.

Сооронбай Жээнбеков муну менен шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу талкууларга чекит койду. Ушуну менен пандемиялык кырдаалдан улам кылчактап турган саясий күчтөрдүн шайлоого батыл даярдык көрүшүн шарттады.

Негизи президент шайлоо мыйзамына ылайык, парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон. Анын алкагында Борбордук шайлоо комиссиясына 44 партия кайрылып, саясий жарышка катышуу ниетин билдирген.

Бирок акыркы күндөрдө пандемияга байланыштуу абал курчуганынан улам алгач “Ата Мекен” партиясынын, кийин “Республика” партиясынын айрым мүчөлөрү шайлоонун мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну сунуштап чыккан. Муну Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова да колдогон. Алар учурда жарандардын саламаттыгын тобокелге салып, саясий өнөктүктү өткөрүү кооптуу экенин билдиришкен эле. Мындай демилгени активдүү колдогондордун бири, парламент депутаты Жанарбек Акаев партиялар абалды жөнгө салуу үчүн өз позициянын билдирүүгө укугу бар экенин белгиледи.

Жанарбек Акаев

“Биз парламенттик шайлоону убактылуу жылдыруунун мыйзамдуу жолун сунуштадык. Биринчи кезекте элдин саламаттыгын ойлонуп, кырдаал басаңдаганча шайлоо деп элди чогултуп, үгүт кылбай туруп туралы деген позицияны билдиргенбиз. Эгерде ал президентке жакпаса, шайлоону өз убагында өткөрүш керек деген болсо, ал өз укугу. Биздин максат - жарандардын саламаттыгына кам көрүү гана болчу. Мындай сунушту кабыл албаса өз эрки. Шайлоо күнү белгиленген. Биз ага катышууга даярбыз”.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова болсо президенттин акыркы билдирүүсүн шайлоо комиссиясынын ишмердигине кийлигишүү катары баалап жатат. Ал мыйзам боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөсү өз пикири үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес экенин эске салды.

Атыр Абдрахматова

“Кыргызстанда Конституцияга ылайык, шайлоо менен референдумду уюштуруу жана өткөрүүчү орган Борбордук шайлоо комиссиясы болуп саналат. Бул органдын ишин жөнгө салган атайын мыйзам бар. Мына ушул мыйзамдын 6-беренесинде “Кыргызстандын жарандарынын шайлоо менен референдумга катышуу укугун камсыз кылуу шайлоо комиссиясынын эң башкы милдеттеринин бири” деп жазылып турат. Азыр болсо БШК элди, президентти баш кылып шайлоо күнүнө гана көңүл буруп, ага чейинки жараяндар кандай болоруна маани бербей жатат. Пандемиялы кырдаалда кандай үгүт өнөктүгү болот, баарына бирдей шарт түзүлөбү? Бул туура эмес. Буга кошумча шайлоо комиссиялары өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, көз карандысыздык жана жамааттык, калыстык принцибинин негизинде ишке ашырат. Шайлоо комиссиясынын ишине мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, башка коммерциялык же коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү тарабынан кийлигишүүгө жол берилбеши керек. Себеби, БШК көз карандысыз иш алпарышы керек”.

Абдрахматова акыркы билдирүү боюнча президент Сооронбай Жээнбековго да кайрыларын кошумчалады.

Ал эми Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору, саясат талдоочу Эмилбек Жороев президенттин конституциялык талаадан чыкпоо аракетин оң баалайт. Бирок жарандар үчүн коопсуздук чараларын мыкты уюштуруу зарыл деп ойлойт.

“Президенттин шайлоону мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө өткөрүшүбүз керек деген позициясы туура. Бирок аны менен бирге бүгүн, кечээ шайлоону азыркы шартта кантип башкача уюштура алабыз деген суроонун тегерегинде ойлонушубуз керек болчу. Тактап айтканда, шайлоону кантип коопсуз уюштурабыз деген маселени президент өзү көтөрүп, БШК жана башка органдар менен ойлонушу керек. Азыр деле кайсы бир деңгээлде үлгүрсө болот. Мисалы, ошол эле биометрика тапшырган кайсы бир сандагы шайлоочулардын онлайн добуш берүүсүн уюштуруу деген сыяктуу практиканын үстүнөн иштесе болмок. Президент өзү деле түшүнсө керек, эгер шайлоого жакындаганда кырдаал өтө начарлап кетсе аргасыздан жылдырууга туура келет. Бирок саясий күчтөрдүн азыртадан эле шайлоону жылдыралы дегени анча деле логикага жакын эмес болчу”.

Ошол эле кезде президенттин шайлоого байланыштуу “Ата Мекен”, “Республика”сыяктуу партияларга кескин сын айтканы өзүнчө талкууга түштү. Буга чейин Сооронбай Жээнбеков саясий күчтөргө карата мындай кескин билдирүүлөрдү жасачу эмес. Мындан улам президент оппозициячыл күч катары аталган партияларга "мамилесин билдирди" деген пикирлер да айтылууда. Буга чейин сөз болуп жаткан партиялар учурдагы өкмөттү ачык сындаганы менен президенттин дарегине сын айтуудан карманып келишкен.

Саясат талдоочу Эмил Жороев шайлоонун алдындагы президенттин билдирүүсү мындан аркы позицияларды аныктоого түрткү болушу мүмкүн экенин божомолдоп жатат.

Дагы караңыз Жетинчи чакырылышка камынган депутаттар

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу абал курч бойдон калууда. 20-июлга карата 27 миңден ашык адам вирус жуктуруп алса, анын 1037си каза болду. Учурда бул илдеттин катуу толкуну качан токтой турганы белгисиз. Айрым изилдөөчүлөр мындай курч кырдаал бир топ убакытка чейин сакталышы мүмкүн экенин айтышууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.