Садыр Жапаров менен нарындыктар Жүмамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектептин имаратынын алдында жолукту. Ага миңден ашык киши келгени айтылды. Жолугушууда теңиртоолуктар негизинен электр энергиясындагы чектөөлөр, айыл аралык жолдордун начардыгы жана кадр маселеси сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышты. Мындан сырткары шайлоо маалында бюджеттик мекемеде иштегендер басымга кабылып жатканын айтышты.
«Билим берүү тармагы талкаланып бүттү. Шаардык, облустук билим берүү мекемелеринин кеңсеси шайлоо үчүн иштеген жер болуп калды. Ар бир айылда ондогон мугалимдер шайлоодо чуркап иштеп жүрүшөт», - деди жолугушууга келгендердин бири.
Жапаров буга: «Мугалимдер да, дарыгерлер да мындан ары шайлоого иштебейт, жергиликтүү бийлик да иштебейт. Жакында шайлоо болот. Биз муну сөз менен эмес, иш менен далилдейбиз», - деп жооп берди.
Ал эми Нарын районунун Таш-Башат айылынын тургуну Эркин Орозоев Кумтөр кениндеги кыйынчылыктарды кеп кылды:
«Кумтөрдүн зыяндуулугун биз көрүп жатабыз. Эгер ал кендин калдык сактоочу жайы бузулса биринчи кезекте Нарын дарыясына кошулат. Мунун айынан азыр Нарын дарыя тоңбой калды. Жээгиндеги токойлор куурай баштады. Муну колуңузга алыңыз».
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров «Кумтөр маселеси сөзсүз каралат» деп убада берди:
«2011-жылы төрт ай бою текшергем. Күнү-түнү дебей иштегем. Ошондуктан азыр да текшерип, карап, анан чечим кабыл алабыз. Ага бир аз убакыт керек. Нарынга да пайдасы тийгидей кылабыз».
Садыр Жапаровго кезигип, өзүнө суроо берүүнү каалаган жарандар көп болду. Сөз сүйлөгүсү келген тургундар микрофон талаша да кетишти. Элден озуп суроо бергенге үлгүргөндөр жеке маселесинен баштап, бир жылдан бери токтоп турган Солтон-Сары алтын кени, жайыт талашка чейин сөз кылышты.
Нарын шаарынын тургуну Эркин Асаналиев элдин акыркы үмүтү жаңы бийликте калганын айтты:
«Буга чейинки жергиликтүү бийлик башчылары оңгулуктуу иштебей калган. Коррупция күчөп, элдин үнүн бийликке жетпей калган десек болот. Ошондуктан элдин көйгөйү да толуп кеткен. Эл да толгон-токой маселелерин айтыш үчүн келди. Алардын негизгиси - электр энергиясынын кымбаттыгы. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «быйыл эптеп кыштан чыгалы, бирок кийинки жылдан баштап мурунку калыбына, баштапкы 77 тыйындык баасына алып келем» деп убада берди. Үмүт өчкөн жок. Буга чейинки мамлекет башчылары ишенимибизди актаган жок. Эми «элдик бийлик, элдик президент келди» деп айтып жатышат. Бул бийлик акыркы үмүтүбүз деп айтсак болот».
Садыр Жапаров Нарындагы иш сапарынын алкагында 2016-жылдан бери курулушу токтоп турган Жогорку Нарын каскадында да болду. Ал элге «ГЭСтин курулушу жанданат» деп ишендирди:
«Кудай буюрса муну кура баштайбыз. Анткени биз өзүбүз электр энергиясын чыгарган, суунун башында турган өлкө болуп туруп кыштын күнү, тескерисинче, кошуна өлкөлөрдөн сатып алып жатабыз. Быйыл да сатып алат экенбиз. Башка өлкөлөрдөн сатып албаш үчүн биз ГЭСтерди тез аранын ичинде курушубуз керек».
Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Жапаров бул энергетикалык объектиге байланыштуу соттук териштирүү маселеси анын жеке көзөмөлүндө экенин айтты.
«Жогорку Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт аралык келишимине ылайык катталган. Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын айтып, бул келишимден чыккан. Кийин орус тарап «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Быйыл май айында Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин ошол кездеги жетекчиси Айтмамат Кадырбаев арбитраждык териштирүү убактылуу токтоп турганын билдирген.
Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турат. Объект «Электр станциялары» ишканасынын көзөмөлүндө.
Публицист Мүсүркул Кабылбеков Садыр Жапаровдун убадаларына кызыкты:
«Бул эч нерсе чечпеген, кезектеги иш сапардын бири деп айтсак болот. Тоо-кен тармагындагы ишканалардын таланып-тонолгонун мамлекет башчы ансыз да билет. Ал үчүн сөзсүз эле жерине барып чечүү зарыл эмес. Анда министрлер кабинети, аймактардагы өкмөттүн өкүлдөрү эмне кылып жүрөт? Бардык маселени мамлекет башчы чечиши керек эмес да. Президент саясий иштер менен алек болушу керек. Менимче Садыр Жапаровдун аймактардын кыдырып жүрүшү – бул президенттик шайлоо алдындагы үгүт үчүн уюштурулган иш сапар. Ал элдин маанайы көрүп, аларга жакындоо аракетин көрүп жатат».
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров өткөн аптада Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын да кыдырган. Ал облустардын тургундагы менен жолугушууда өлкөдөгү саясий абал, чек ара маселелери, коронавирус эпидемиясы жана коррупцияга каршы жүрүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берген. Мындан сырткары конституциялык реформа, президенттик башкаруу жана парламенттик кайра шайлоо тууралуу да оюн байма-бай билдирип жүрөт.
Дагы караңыз Кандай башкаруу формасы керек?Ошондой эле ал Конституциянын жаңы долбоору он чакты күн ичинде даяр болорун Нарында эл менен жолугушууда билдирди. Ал адистер Баш мыйзамдын долбоорун даярдап бүтүп калышканын кабарлады:
«Элге талкууга коёбуз. Өзүңөр чечесиздер. Азыр бизде парламенттик башкаруу. Бул жерде президенттик башкаруу деген сунуш болуп жатат. Парламент аралашма болсун деп жатат: жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык. Анан курултай институтун киргизебиз. Жылына бир жолу бардык айылдардан 2-2,5 миң адам Бишкекке чогулуп, президенттен жана парламенттен отчёт алып турасыздар».
4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыгышкан. Акциядан кийин башаламандык башталып, өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өткөнү жатат. Парламенттик кайра шайлоону бийлик конституциялык реформадан кийин өткөрүүнү пландоодо.
Жапаров президенттик шайлоого катышарын билдирген.
Конституцияны өзгөртүү боюнча Жапаров айтып жаткан сунуштарга карата кайчы пикирлер да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев «Кыргызстан президенттик башкарууга өтсө, бир кишини пир туткан экинчи Түркмөнстанга айланарын» айткан.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.