Жалал-Абад: коронавирустан алгач айыккандар

Жалал-Абаддагы бейтаптарды ооруканадан чыгаруу учуру. 30-март, 2020-жыл.

Жалал-Абадда коронавирустан айыккан үч адам ооруканадан чыгарылды. Алар - 46 жана 44 жаштагы түгөйлөр жана 62 жаштагы аял. Үйүнө кайтып жаткандар алгач коркконун эстеп, дарыгерлерге алкыш айтышты.

30-мартта түш чендерде коронавирустан айыккан үч адамды дарыгерлер ооруканадан кубаныч менен үйлөрүнө узатышты. Социалдык тармактарда тараган видеоматериалда медиктер кол чаап жаткан учурлары тартылган. Дарыгерлердин бири бейтаптарды узатып жатып аларга каалоосун айтты:

«Бул жугуштуу оорулар бөлүмүнөн айыгып чыккан биринчи бейтап сиз болосуз. Мындан кийин оорубаңыз, ден соолукта жүрүңүз. Бала-чаканын үзүрүн көрүңүз, ылайым эч качан оорубаңыз».

Дагы караңыз Жалал-Абадга Бишкектен дарыгерлер барды

Илдеттен сакайгандардын бири, Сузактын Бостон айылынын 46 жаштагы тургуну аялы менен бирге үйүнө чыгып кетип жатат. Ал «Азаттык» менен болгон маегинде баарына ыраазычылык билдирди:

«Дарыгерлерге чоң алкыш айтам. Биздин саламаттыгыбыз үчүн өмүрүн тобокелге салып иштешти. Кандай дары алганымды жакшы билбейм, бирок кымбат дарыларды берип жатышты. Башка адамдарга айтат элем, оорубасын, сак-саламатта болушсун. Дарыгерлерге ишенгиле жана ооруган учурда сөзсүз кайрылгыла. Биз да башында коркуп, стресске түшкөн болчубуз. Бирок, кудайга шүгүр, бул оорудан да айыкса болот экен».

Сузактын Благовещенка айылынын тургуну, 62 жаштагы аял да 14 күндүк изоляциядан кийин үйүнө чыгып жатат. Ал 16-мартта эти ысып Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жеткирилген. Ал коомчулукту бул илдетке каршы күрөшүүгө чакырды:

«Мени бул ооруканага кайсы бир илдетти жугузуп алды деп шек санап алып келишкен. Менде бул тууралуу такыр маалымат жок болчу. Качан гана ооруканага келгенде билдим. Бирок дарыгерлердин бизге кылган сылык мамилеси да биздин сакайып кетишибизге түрткү болду окшойт. Эң негизгиси - Кыргызстаныбыз, анын ичинде эл аман болсун. Ар бир адам бул оорудан сактанышы керек. Азыр мени да үйүмдө күтүп жатышат. Кудайга миң мертебе шүгүр келтирем».

Дагы караңыз Кыргызстанда коронавирус дагы 10 кишиден табылды

Жалал-Абад клиникалык ооруканасынан чыгарып жатып Республикалык өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар жана карантин борборунун директору Сабыржан Абдыкеримов алардан үйдөн сыртка чыкпоону суранды:

«Үйгө барганда эч жакка чыкпаганга аракет кылгыла. Бөлмөлөрдү тазалап, колдон келсе зыянсыздандырып тургула. Бул жактан керектүү каражаттарды беребиз. Үй-бүлөлүк дарыгерлер сиздер менен телефон аркылуу байланышып турат. Кандайдыр бир оорунун белгилери аныкталса дароо байланышыңыздар».

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов коронавирустан айыгып чыккан адамдарга ден соолук каалап, ар бирине таңгакталган беткаптарды тапшырды. Илдеттен айыгып чыккан түгөйдү жергиликтүү бийлик өз үйүнө алып кетсе, бир аялдын турак жайы толук даяр болбогондуктан бүгүнчө оорукананын обсервацияга даярдалган бөлүмүндө калмай болду.

Үйлөрүнө чыгарылган бейтаптардын азыркы абалы боюнча дарыгерлер так маалымат беришкен жок. Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бул үч адамдын акыркы анализдеринен коронавирустун белгилери табылган жок.

Бишкекте өткөн брифинг учурунда министр Космосбек Чолпонбаев бул кыргызстандык медиктер да ушул илдет менен күрөшө ала тургандыгынын далили экенин белгиледи:

Космосбек Чолпонбаев.

«Биринчи учур бизде 17-мартта катталып, 18-мартта жарыя кылганбыз. Аларды 14 күнгө изоляцияга алып, дарылай баштаганбыз. Учурда Жалал-Абад клиникалык ооруканасындагы 3 бейтапты чыгарып жатабыз. Демек, биздин медицина бүткүл дүйнөлүк илдет менен күрөшүп, болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Мына ошонун акыбетинде алгачкы жыйынтык жакшы болуп жатат».

Кыргызстанда 30-мартка карата коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 94 кишиге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 50, Ош облусунда – 24, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Ош шаарында – 8, Бишкекте– 7, Нарын облусунда – 1 учур катталган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.