Өзбек жаштары ЖАМУнун окутуучусуна нааразы

ЖАМУнун агрардык технологиялык факультетинин имараты.

Өзбекстандык жаштарды окууга өткөрүү максатында 10 миң доллардан ашык акча алган деген шек менен Жалал-Абаддагы жогорку окуу жайдын окутуучусунун иши Кылмыштар жана жоруктар кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Окутуучунун үстүнөн быйыл университетке окууга өтпөй, акчасын кайтара албай жаткан өзбекстандык алты адам арыз жазган.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу "өзбекстандык жаштарды алдап акча алган" деп шек саналып, иши тергелип жатат.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев мындай деди:

Нурдин Жээнтаев.

- Акча алганы боюнча арыз түшкөн. “Алдамчылык” фактысы боюнча бирдиктүү реестрге катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бирок кылмышка шектүү акча алганын жана жасаган ишин мойнуна ала элек. Ошол себептүү азырынча толук юридикалык баа бериле элек. Шектүү тергөө менен кызматташып жатат жана териштирүү иштери уланууда.

Өзбекстандын Фергана жана Бухара облустарынан келген алты бала ноябрь айында окууга өтпөй, "акчабыз менен документтерибизди кайтара албай жатабыз" деп Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине жана ички иштер органына кайрылган.

Коопсуздугуна байланыштуу аты-жөнүн айткысы келбеген өзбек жаштары ЖАМУнун окутуучусуна баары биригип, 10 миң доллардай акча бергенин айтышты:

- Ачыгын айтсак, биз азыр эч кимге ишене албай калдык. Биздин окууга өтпөй калганыбызды Өзбекстандагы ата-энелерибиз билбейт. Ошол себептен баарын ачык айтып берүүнү каалабай турам. Азыр биз Ош шаарында жашап жатабыз. Окууга сынаксыз өткөрүүнү убадалаган мугалим биздин документтерди жана акчабызды кайтарбай жатат.

Өзбек жаштары октябрдын аяк ченинде Жалал-Абад шаарына келип, окууга өтпөй калганын кеч билишкен. Университеттин проректору Атабек Алибаев окуя боюнча буларга токтолду.

Атабек Алибаев.

- Ал балдар кабыл алуу комиссиясына документтерин тапшырган эмес. Бизге өзбекстандык студенттер кайрылган соң мен ошол окутуучуну чакыртып, өзүнөн жагдайдын баарын сурап көрдүм. Ал балдардан акча албаганын айтып, окуяга мени аралашпай эле коюңуз деди. Ошол балдардан 10 миң доллардан ашык акча алганын айтып жатышат. Мен да угуп таң калдым.

Атабек Алибаев окуянын баарын тергөө органдары аныктайт деген ойдо.

- Окууга өтө албай калдым деп мага өзбекстандык эки бала кайрылды. Биринин ата-энеси келген экен, “ошончо акчаны көчөдөн эле тааныбаган бирөөгө кантип карматып жибердиңер?” деп айттым. Алар “Университеттин окутуучусу болсо ишендик да” дейт. Бизде 600дөн ашык окутуучу бар. Ошентип алар орган кызматкерлерине кайрылышты. Мени да тергөөгө чакырган экен, барып көрсөтмө берип келдим.

Дагы караңыз ЖАМУнун өсүшү менен өксүгү

Айыпталып жаткан окутуучу медицина факультетиндеги чет элдик студенттерге немис тилинен сабак бере турганы белгилүү болду. Шектүү В. Т. өзүнө коюлуп жаткан айыптардын баарын четке какты. Бирок “Азаттыкка” интервью берүүнү каалаган жок.

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине быйыл 2,5 миң жергиликтүү, 1100гө жакын алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген студенттер кабыл алынган. Алардын басымдуу бөлүгү Индия менен Өзбекстандан келген жаштар.

Акыркы учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы бекеттерде каттам жакшыргандыктан, коңшу өлкөдөн билим алууга келген жаштардын саны өсүүдө. Алардын басымдуу бөлүгү медицина багытында билим алат.

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети.

Физика, математика илимдеринин кандидаты, доцент Бекмолдо Чотонов Кыргызстанга келип окуп жүрүп, алданып калган студенттер көбөйсө, өлкөнүн билим берүү тармагынын беделине доо кетерин белгиледи:

Бекмолдо Чотонов.

- Чет өлкөдөн келген студенттердин акчасын алып окутуп жатканыбыз менен аларды иренжиткен окуялар да катталып жатат. Ачык эле "мына бул окуу жай" деп айта албайм, бирок бар. Мындай жагдайлар биздин мамлекеттин кадыр-баркына көлөкө түшүрүп, шек келтирип жатканы анык. Бул маселеге олуттуу көңүл бурушубуз керек. Чет жактан келген студенттерди катуу текшерип, көңүл буруш керек болууда. Ар кандай илдетке чалдыккандары да келип, биз менен аралашып жүргөн учурлар катталды. Өзбекстандык студенттердин көпчүлүгү бир жыл окугандан кийин которулуп кетип жатышат. Биз чет жактан келген студенттер сыяктуу эле өзүбүздүн студенттерге да мыкты шарттарды түзүп беришибиз керек.

Адистер Кыргызстандагы окуу акысынын арзандыгы жана билим берүү системасынын жөнөкөйлүгү чет өлкөлүк студенттердин келишине шарт түзүп жатканын белгилешет.

Жалал-Абад мамлекеттик университети быйыл сентябрь жана октябрь айларында чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда эки жолу сынак өткөргөн. Окуу жайында бир жылдык окуу акысы жергиликтүү студенттерге караганда 1,5-2 эсе жогору төлөнөт.

Дагы караңыз Ортомчуларга алданган индиялык студенттер

Чет элдик студенттердин алданып калганы тууралуу ачыкка чыккан фактылар бир топ.

Былтыр Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Илим жана бизнес боюнча эл аралык университеттин чет элдик 50 студенти алданып калганын аныктаган. Студенттер жалпы жонунан 145 миң доллар төлөшкөнүнө карабай, окуудан айдалып кеткен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​