Ажайып Кыргызстан: Сары-Челекке саякат

Сары-Челек көлү - Тоскоол, Тоскоол-Ата, Чаткал кырка тоосунун Ат-Ойнок кырка тоосу менен чектешкен жерде жайгашкан көл. Аксы районунун аймагында орун алган.

Көл жээгинде отурган түгөйлөр. 

Көлдүн узундугу 8 чакырым, туурасы 4,5 чакырым, орточо тереңдиги 98 метр болот. Эң терең жери 244 метрди түзөт.

Жайкысын көлдөгү суунун температурасы +19 градустан ашпайт, ал эми кышкысын +4төн 0 градуска чейин өзгөрүп, көлдүн бетине муз тоңот. 

​Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1900 метр бийиктикте жайгашкан.

Сары-Челек көлүнөн агып чыккан Кожо-Ата дарыясы. 
 

Мындан 60 жыл мурун көлдүн айланасында Сары-Челек коругу уюшулган. 1979-жылы Сары-Челек көлү кайталангыс табияты жана Кызыл китептеги жаныбарлары үчүн ЮНЕСКОнун биосфералык коруктардын тизмесине киргизилген.

Сары-Челек көлүнөн агып чыккан Кожо-Ата дарыясы Кыла-Көл көлүнө куят. Көлдүн тегерегин жаңгак токою курчап турат. 

Көлдүн айланасында бир гана жерден байланыш тартып, телефон ал жердеги жыгачка дайыма байланып турат. 

Телефон ордунан козголсо эле байланыш жоголот. Андыктан жыгачка асылып сүйлөшөсүң. 

Көлдү көрүү үчүн жыл сайын жүздөгөн туристтер келет. 

Көлдүн суусу түрдүү минералдык заттарга бай. 

Эс алуучулар. 

24 миң гектар жерди ээлеген корукта дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн 1000ге жакын, канаттуулардын 157, сүт эмүүчүлөр менен омурткасыз сойлоочу жандыктардын 24 миңден ашык түрү катталган. 

Көлдүн кооздугуна суктанган ата.

2016-жылы Сары-Челек жаратылыш коругу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Коопсуздукка көз салган токойчу.

Аксы районунун аймагындагы Сары-Челек биосфералык коругунун аянты 24 миң гектарды түзөт. Анын 1600 гектар жери жаңгак багынан турат. 

Сары-Челектин аталышына байланышкан түрдүү уламыштар бар. Алардын бири бал аарычы жөнүндө. Ал көлдүн айланасына бал жыйноо үчүн келип, чогулткан балынын сары түсүнө суктанып, көлдү "Сары-Челек" деп атаганы айтылат. Азыр да Сары-Челектин балы дартка дабаа, баалуу бал болуп саналат. 

Көлдүн "Сары-Челек" деген аты ага күзүндө гана жарашат. Бул убакта бак-дарактардын жалбырактары сары, кызыл түскө боёлуп, көл бал сузган чаканы элестетет. Жылдын калган мезгилинде көлдөгү суу бир аз жашыл тарткан көк түстө болот.

Сары-Челек жөнүндө миң жолу укканда көрө, бир жолу келип көргөн артык. 

Көлдө балыктын беш түрү бар. 

Сары-Челек борбор калаа Бишкектен 500 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жамгырдан кийинки көрүнүш. 

Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү, ал эми Кыргызстанда Ысык-Көлдөн кийин экинчи орунда турат. Көлдүң эң терең жери 244 метрди түзөт.

Деңиз деңгээлинен 1900 метр бийиктикте жайгашкан Сары-Челек көлү кайталангыс табияты жана Кызыл китептеги жаныбарлары менен ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген.