Албырган ажайып талаа

Май айында көркүнө келген кызгалдак эки жылдан бери быйыл гүлүн ачты. Быйыл жамгырдын мол жааганы буга шарт түздү.

Кыз жана кызгалдак. 

Кызыл кызгалдак салкынды сүйүп, күн ысыган маалда кооздугун жашырып алат.

Кызгалдактар үч жума гүлдөйт. Ошондуктан бул аралыкта кызгалдакты аралап, сүрөткө түшкөн эс алуучулар көп болот.

Кызгалдактын мекени - Азия жана Египет. Бул түрдөгү гүлдөр кызыл жана ток сары түстө болушат.

Кызгалдактар кумдуу жерлерде көбүрөөк өсөт. Ошол себептен кызгалдактын бул түрүн үй шартында отургузуу кыйын.

Гүл кийинки жылы кайра өсүп чыгышы аба ырайына байланыштуу болот. 

Кызгалдак гүлү декоративдүү өсүмдүк катары саналып, көп жана бир жылдык болуп бөлүнөт. Кыргызстанда анын жаз айында гүлдөгөн түрү гана өсөт.

Башка өлкөдө кызгалдактарды элдик медицинада дары катары колдонушат.

Кызгалдак талаасында кызын сүрөткө тартып жаткан ата. 

Гүлдөр жер которууну каалашпайт, аларга бир жерде өскөн гана жагат.

Кызгалдактын 150гө чукул түрү бар.

Айрым ырчылар кызгалдак гүлдөгөн мезгилди күтүшөт. Анткени клиптерин кызыл талаада тартууну каалашат.

Кызгалдактар менен сүрөткө түшүп жаткан мырза.

Бишкек-Ош жолунун жээги кызыл килем төшөлгөн гүлгө оронду. Кызгалдак талаасы трассанын Базар-Коргон, Ноокен, Сузак аймактарында жайгашкан. Гүлдөрдүн ачылганына бир жумадан ашты.