Кудай менен пенденин мамилеси

Кааба. 6-март, 2020-жыл.

Көп окуган, философиялык маселелерде да ой жүгүртө билген бир эжекем бир күнү: «Адамдар кудайдын кулубу же баласыбы?» деп сурады. Мен «Адамдар кудайдын кулу» деп жооп бердим.

Жообум эжейибизди канааттандырбаганын жүзүнөн байкап турдум. Көп өтпөй: «Менимче кулу эмес, баласы болсо андан да жакшы, жагымдуу болмок» деди. Эмне үчүн мындай тыянакка барганын сезип турдум...

Жазган макалаларымдын кээ бирлеринде адамды кудайдын кулу катары сыпаттаган болчумун. Кээ бир окурмандар буга катуу каршы чыгышты. Түшүнгөнүмө караганда, адамды кул катары сыпаттоо анын улуулугун көзгө илбегендик болот деп түшүнүшкөн окшойт. Чындыгында ислам терминологиясынын негизинде адамды Кудайдын кулу катары кароо адамдын зоболосун түшүргөн, анын баркын кетирген маанини билдирбейт. Андыктан ислам дининин негизги булагы болгон Курандын негизинде «кул» деген сөз эмне маанини туюнтары тууралуу сөз кылуу зор мааниге ээ экенин аңдадым. Бул маселенин туура түшүнүлүшү окурмандар сындагандыгы үчүн эле эмес, ислам динин туура түшүнүш үчүн да зор мааниге ээ болгондуктан маанилүү болуп турат.

Адам кудайдын кулу дегенде адамдын аброю, кишилиги, мүмкүнчүлүктөрү, муктаждыктары, ички сезимдери, тутунган баалуулуктары менен такыр эсептешпестен, аны бир айбан сыяктуу иштеткен, ага зулумдук кылууну өзүнүн тубаса укугу деп эсептеген абсолюттук күчтү түшүнбөш керек. Кыскача айтканда Голливуддун фильмдеринде чагылдырылган, адам баласына такыр туура келбеген оор шарттарда кулдарды иштеткен, анысы аз келгенсип камчы менен аларды сабап турган бир кожоюн-кул мамилеси ислам теологиясына такыр туура келбейт.

Дагы караңыз Диний үгүттүн айрым кейиштүү өңүттөрү

Исламдагы кудай менен пенденин мамилеси

Негизи «кул» деген сөз араб тилиндеги «абд» сөзүнөн келет. Жалпысынан «баш ийүүчү, (ээсине каршы) каршы чыкпоочу» деген маанилерге келет. Бирок бул терминди туура түшүнүш үчүн сөздүк эле мааниси менен чектелбестен, анын терминологиялык маанисине токтолуу зарыл. Андыктан ислам теологиясындагы «кул» түшүнүгүн талдоодо алгач анын негизги булагына кайрылуу туура болот.

Исламдын негизги булагы болгон Куран китебинин маани-маңызын бирдиктүү түшүнүү аябай маанилүү. Жөнөкөй тил менен айтканда Курандын ар бир принцибин өз алдынча эмес, анын жалпы контексти/маңызы менен эриш-аркак кылып түшүнүү, жоромолдоо зарыл. Антпесе Курандын маңызын, принциптерин түшүнүү дээрлик мүмкүн болбой калат.

Андыктан Курандагы «кул» деген сөздү да ошол жалпы маңызды эске алуу менен түшүнүү орундуу болот. Алгач жаратылгандардын ичинде адамдын ээлеген өзгөчө орду, ага тартууланган артыкчылыктар тууралуу Курандын негизиндеги бир канча түшүнүккө токтололу.

1. Акыл жана эркиндик

Жаратылгандардын ичинен маңыздуу өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнө адам гана ээ. Анткени эркин тандоо мүмкүнчүлүгү адамда гана бар. Бул үчүн жандуу-жансыздардын эч бирине тартууланбаган акыл адамга гана ыроолонгон (Сажда сүрөөсү, 9-аят). Адам акылын туура колдонуу менен толук эркин боло алат. Так ошол эркин боло алгандыгы үчүн акыретте суракка адам гана тартылат.

2. Теңдешсиз артыкчылык

Адам баласы акылдын негизинде максаттуу өмүр сүрүш үчүн эң сонун таризде жаратылганы да Тийн сүрөөсүнүн 4-аятында айтылат. Куранда «эң сонун турпатта» деген мааниге келген «фи ахсани таквим» деген сыпаттоо адамдан башка эч бир жаратыкка айтылган эмес.

Дагы караңыз Бакыттын ачкычы адамдын колунда

Бакара сүрөөсүнүн 29- аятында, Жасия сүрөөсүнүн 13-аятында жер жүзүндөгү бардык нерселер адамга кызмат кылыш үчүн жаратылгандыгы айтылат. Чындыгында табият толугу менен адамдын жыргалчылыгы үчүн кызмат кылары баарыбызга маалым. Бир кой үчүн карышкыр сыяктуу жырткыч жаныбарлар коркунуч туудурат. Сууда жашаган жандыктар үчүн кургактык, ошондой эле кургакта жашаган жаныбарлар үчүн суу (балким) коркунуч туудурар. Жамгыр, кар сыяктуу жаратылыш кубулуштары балким кээ бир жаныбарларга, өсүмдүктөргө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле от дээрлик бардык жандык үчүн коркунуч болушу ыктымал. Бирок ушулардын бүт баары, адам үчүн гармониялуу бир абалда пайда гана алып келет. Көрүнүп тургандай, дұйнөдөгү бардык нерсе адамга гана кызмат кылыш үчүн жаратылганы ырас.

3. Максаттуу өмүр

Кудай акыл тартуулап, эң сонун турпатта адамды бул дүйнөдөгү жашоосуна сыноо максатында жөнөткөнү Курандын Мүлк сүрөөсүнүн 2-аятында айтылат. Ал жерде адамдардын кимиси жакшыраак амал кылып, жакшылыкка жанашып, жамандыктан оолак болуп жашап өтөрүн сыноо максатында жаратылганы айтылып жатат. Куранда адамдан башка эч бир жаратыкка мындай улуу вазыйпа жүктөлгөн эмес.

5. Кол тийгистик

Куранда адамдын жашоосунун кол тийгистиги бар. Эч бир адамдын динине, жашоого көз карашына, расасына, коомго пайда алып келип-келбегенине карабастан анын өмүрү Кудайдын кепилдигинде. Кыскача айтканда адам адам болуп жаратылып калгандыгы үчүн анын жаны аруу, ыйык, кол тийгис болуп эсептелет (Маида сүрөөсү, 32-аят).

6. Кудай менен адамдын келишими

Адатта бирөөгө вазыйпа жүктөрдө алгач ага жетиштүү шарт түзүү зарыл. Мисалы, дыйкан түшүм алуу максатында үрөөндү себүүдөн мурда жана сепкенден кийин орундатышы керек болгон бардык шарттарды аткаргандан кийин гана түшүм күтүүгө укуктуу болуп эсептелет.

Дагы караңыз Саясий шылуундарды элдин убалы уктатпасын

Куранда Араф сүрөөсүнүн 172- аятында «.. «Мен силердин Раббиңер (Кудайыңар) эмесминби?» деп сураганда: «Сен биздин Раббибизсиң, күбөлүк беребиз» деп жооп беришкен эле. Мунун максаты - «Кыямат күнү биз булардан кабарыбыз жок болчу» дебешиңер үчүн» деп айтылат. Бул аяттын түшүндүрмөсү төмөндөгүчө. Бул жерде адам баласына Кудай бир катар теңдешсиз жөндөмдөрдү берген соң, айтылуу шарттардын негизинде бул дүйнөдөгү жашоосуна жол тартып, Кудайдын сыноосунан өтүп келүүгө макул болуп жатканы тууралуу кеп болуп жатат.

«Мен силердин Кудайыңар эмесминби?» деген суроо «Адамга тартууланган айтылуу артыкчылыктардан улам адамдан мен талап кылган жоопкерчилик адилеттүү болчудайбы? Сен ушул шарттардын негизинде менин пендем болууга макулсуңбу?» деген сыяктуу маанини туюнтат. Ал эми бул суроого жооп иретинде «Сен биздин Раббибизсиң, күбөлүк беребиз», - деген жооп: «Ооба, мен бул шарттарга макулмун. Анткени сен тартуулаган артыкчылыктардын негизинде, сен койгон адептик нормаларга баш ийип жашоо толук мүмкүн», - деген маанини туюнтат.

Ой толгоо

Жогоруда Кудай-Тааланын көзүндө адамдын канчалык абройлуу экендигин чагылдырган бир катар аяттарды карап өттүк. Демек Кудай адамды бул дүйнөгө сыноо үчүн жөнөтөөрдөн мурда керектүү бардык шарттарды орундаткан. Тактап айтканда жаратылгандардын арасында эң жогорку мүмкүнчүлүккө адамды гана ээ кылган.

Андан соң адам менен келишим түзгөн. Тактап айтканда бул дүйнөдөгү жашоого келип, жакшы амалдарга жанашып, жамандан оолак болуп жашап келүү милдетин моюнга алганга жетишерлик кудуретке ээ болуп жаратылганын бир ооз адамдын өз оозунан да угуп (Араф, 172), андан соң жөнөттү. Тактап айтканда Кудай бүткүл ааламдын жалгыз ээси болгонуна карабастан, адамга кайрылып, аны менен адептик норманын чегинде келишим түзүп жатат. Толугу менен ааламдын ээси болгонуна карабастан пендесине жоопкерчилик жүктөөр алдында адилетсиздик кылган жок. Учурдагы көпчүлүк кожоюндар сыяктуу аз мүмкүнчүлүк берип, көп жоопкерчилик жүктөбөй жатат.

Дагы караңыз Билимдүү жаштардан кызмат аябайлы

Ушу тапта белгилүү бир фирмага барып жумушка кирерде адегенде эле фирманын ээси менен бет маңдай олтуруп сүйлөшүү канчалык мүмкүн? Биринчиден катардагы жумушчуну теңата киши катары кабыл алып дээрлик сүйлөшпөйт. Сүйлөшкөн учурда да жумуштун шарттары этиканын принциптерине эмес, фирманын кызыкчылыктарына негизделет. Тактап айтканда бүгүнкү капиталисттик системада жумушчуга жүктөлгөн жоопкерчилик менен ага берилген мүмкүнчүлүктөрдүн ортосунда асман менен жердей айырма чыгышы толук ыктымал. Азыркы кожоюндар кол алдында иштегендердин толук ээси болбогондугуна карабастан мындай кадамдарга баруудан бети кызарбас. А бирок Кудайдын толук ээлик кылган кулуна болсо да андай мамиле кылышы мүмкүн эмес экендигин көрдүк.

Кудай пендесине «кул мамилесин» көрсөтүп, анын аброюн көзгө илбей, ага текеберлик кылмак тургай тескерисинче аны менен эң татыктуу деңгээлде мамиле кылган. Андай болбосо, адамды баалабаса, барктабаса аны өзүнүн жер жүзүндөгү «өкүлү» кылып дайындамак эмес (Бакара сүрөөсү, 30-аят). Периштелер адам баласын «...Бузукулук чыгарган бирөөнү жаратасыңбы?..» деп ишеним артпаган учурда: «...Мен силер билбегенди да билем» деп адамга ишеним артып, адам баласынын абийирин коргомок эмес (Бакара, 30).

Демек, адам баласынын Кудайын кулу болуп жаратылышы бул дүйнөдөгү кожоюн менен кулдун алакасынан таптакыр алыс маңызга ээ. Эркиндигинен ажыраган, эч кандай каалоо-тилеги орундалбаган, теңата эсептешпеген кожоюн-кул мамилеси Кудай менен пендесинин алакасын такыр чагылдырбайт. Тескерисинче, адам баласы Кудайдын кулу болуу аркылуу толук эркиндикке жана артыкчылыктарга ээ.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​