Шайлоо: саясатчылар эмнеге тынчсызданат?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстанда бир катар саясий күчтөр күзгө белгиленген президенттик шайлоого тынчсыздануу билдирүүдө. Алар талапкерлерди оор шарттар тооруп турганын белгилеп, шайлоону таза-акыйкат өткөрүүгө азыртан кам көрүүгө бардык тараптарды чакырып жатышат. Ал эми бийликчил саясатчылар андай кооптонууга негиз жок, өлкөдө президентти шайлоо жолу менен алмаштырууга толук шарттар бардыгын айтууда.
Коноктор: Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров.