ЕАЭБдин өнүмү менен өксүгү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кошулганына төрт жылдын жүзү болду. Өкмөт «бул мөөнөттө ички дүң өнүм өстү, салыктар көбөйдү, мигранттар которгон акча арбыды» деп ыраазы. Ошол эле учурда талдоочулар ЕАЭБге киргени өлкөнүн бажы төлөмү кемип, тышкы соодасы мүчөлүккө чейинки көлөмгө жетпей калганын айтып жатышат. Студиянын коноктору - экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров жана экономика министринин мурдагы орун басары, эксперт Элдар Абакиров.