Соттор канткенде эркин болот?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку сот экс-депутат, мурдагы баш прокурор Аида Салянова боюнча мурдагы соттордун өкүмүн күчүндө калтырды. Салянова соттун чечимин "адилетсиз" деп баалап, президент Сооронбай Жээнбековдун сот реформасы боюнча убадаларын куру сөз катары сыпаттады. Буга чейин жарандык активисттер мурдагы бийликтин тушунда бир катар адамдар саясий мүнөздө соттолгонун белгилеп, алардын укуктарын калыбына келтирүү маселесин көтөрүшкөн. "Ыңгайсыз суроолордун" бул жолку чыгарылышы соттордун көз карандысыздыгын талкууга алды.