Калчаев: Тайгалакта туура жыгылыш керек

Иллюстрациялык сүрөт.

Тайгалактан колу-буту сынгандар, оор жаракат алгандар көбөйүүдө. Медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер травматолог-ортопед Бакыт Калчаев катуу жаракат албаш үчүн эмнелерди эске алыш керектигин айтып берди.

“Азаттык”: Бакыт мырза, учурда кышкы эс алуу маалында көпчүлүк үй-бүлөлөр, жаштар тоодо жана жылгаяк базаларында жүрүшөт. Ал аз келгенсип, көчөлөр тайгак болгондуктан жаракат алуу коркунучу күчүндө эмеспи. Сиз иштеген оорукана да жыгылып жабыркагандар, ар кандай жаракаттар менен кайрылгандар көбөйсө керек. Эгер андай болсо кандай кокустуктар менен көбүрөөк кайрылып жатышат?

Бакыт Калчаев.

Бакыт Калчаев: Албетте, кыш келгенден бери жаракат менен дарыгерге кайрылгандар эки-үч эсе көбөйөт десем жаңылышпайм. Бизде деле көп. Кайрылгандардын 80 пайызын жумушта иштегендер түзөт. Ошондой эле жашы алтымыштан ашкандар да арбын. Себеби улгайган кишилерде остеопороз көп кездешет. Башкача айтканда сөөгү жумшак жана морт болуп калат. Алар кичине эле тайгаланып жыгылса, чоң жаракат алышы ыктымал.

“Азаттык”: Азыр жолдордун көпчүлүгү тайгалак да, көчөгө чыгарда эмнени эске алган оң?

Калчаев: Жаш бала болобу, чоң киши болобу, оболу өзүнө этият болушу зарыл. Эң оболу үйдөн чыгарда бут кийимге көңүл буруңуз. Ал сыйгалак болбошу керек. Эгер сыйгалак бут кийимиңиз болсо, анда сыйгаланбаган материалдан чаптап алган оң. Аны Интернеттен да тапса болот. Башкысы - адам көчөдө баскан-турганын көзөмөлдөшү зарыл.

Азыр аба ырайы бат-бат өзгөрүп жатпайбы. Кар чала эрип, тескей жактагы көчөлөргө муз тоңуп калган. Анан бир көчө күрөлсө, бир жери муз бойдон калат. Андыктан басканда кадам бекем жана кыска болушу керек.

Иллюстрациялык сүрөт.

Баары бир адам жыгылып кетиши мүмкүн да. Биздин кеңеш – туура жыгылыш керек. Жыгылганда башкысы - башты жана бетти сактап калууга аракет кылуу зарыл. Тез реакция керек. Эгер адам жыгылып баратканын сезсе, кирпидей болуп жыйрыла калышы керек. Колу-бутту сунуп жыгылуу абдан көп травмага алып келиши мүмкүн.

“Азаттык”: Адам чалкасынан жыгыла баштасачы? Анда кирпидей жыйрылуу мүмкүн эмес го? Кааласа-каалабаса да колу-буту шилтене баштайт да...

Калчаев: Анда эптеп башын алдыга эңкейткенге аракет кылыш керек. Баштын арты жерге тийбегидей кылып, алдыга эңкейтип жыгылыш керек.

“Азаттык”: Азыр дем алышта кары-жаш дебей тоо лыжа базаларында, жылгаяк аянтчаларында жүрүшөт. Эгер кимдир бирөө катуу травма алып калса, алгачкы жардам кандай болушу зарыл?

Калчаев: Ооба, азыр көп киши тоодо эс алып жүрбөйбү. Эгер кимдир бирөө жабыркаганын байкап калсаңыз, анда дароо "Тез жардам" чакырыш керек. "Тез жардамдын" келчү убактысын билгенден кийин адамдын кайсы мүчөсү жабыркаса, ошол жерин кыймылдатпай, кайра ошол жерди фиксация кылыш керек. Жабыр тарткан адамды өйдөрөөк тургузуп, ордунан кайра-кайра кыймылдатуу анын жаратын күчөтөт. Андан көрө сынык же дагы башка жаракатты таап, аны таңып, дарыгерди же тез жардам көрсөтүү боюнча билими бар адамды күткөн оң.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.