Мира Риттманн: НТСтин ишине кылдат көз салабыз

Кыргызстандагы менчик телеканалдардын эң ириси - НТС каналы талашка түштү. Телеканалдын ээси катары айтылып жүргөн саясатчы Бабанов муну “рейдерлик” десе, доо койгон тарап дагы өз жүйөсүн келтирүүдө.

Эл аралык "Хьюман Райтс Вотч" уюму болсо кыргыз бийлигин сөз эркиндигин бузбай, телеканалдын маселесин мыйзамга ылайык чечүүгө чакырды. Эл аралык уюмдун Кыргызстан боюнча өкүлү Мира Риттманн "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Менчик НТС телеканалынын айланасында териштирүү уланууда. Сиздер дагы назар салып жатсаңыздар керек?

Риттманн: Азырынча бир беткей жыйынтык чыгарууга эрте деп ойлойм. Өзүңүз белгилегендей, телеканалдын айланасында окуя дагы эле өнүгүүдө. Ал эми адам укуктары, сөз эркиндиги, маалымат каражаттарынын эркиндиги жагынан алганда НТС телеканалынын ишин үзгүлтүккө учуратып, журналисттердин ишмердигине тыюу салынабы же жокпу – азырынча беймаалым болуп турат. Окуя дагы кандай өнүгөрүнө биз көз салып турабыз. НТС телеканалына сокку урулуп, ал жабылабы же менчик канал иштей береби – азырынча толук чечиле элек.

"Азаттык": НТС телеканалына чейин “Заноза” басылмасын жана бир катар журналисттерди доого жыккан соттун чечими чыккан. Бул эмнени көрсөтөт?

Кыргызстандын жаңы президенти журналисттерге каршы соттук иштерден кийин өлкөнүн дарегине айтылган сын-пикир күчөгөнүнө көңүл бурушу зарыл. Телеканалды жаап, журналисттерди соттоонун ордуна алардын укугун бузбай, медианын эркин иштешине шарт түзүп бериш керек.

Риттманн: Бул соттук иштердин ар бирин өзүнчө караш керек деп ойлойм. Маселен, Нарын Айыпка,

Дина Масловага жана Чолпон Жакуповга каршы берилген доо арыздар боюнча атсам, "Хьюман Райтс Вотч" кыргыз бийлигине сын-пикирин билдирген. Ал иштер сөз эркиндигин камсыздаган эл аралык стандарттардын эч бирине дал келбей турганын айтканбыз.

Бийликке сын айтуу – кылмыш иш эмес. Андыктан журналисттерге каршы иштер сөз эркиндигине урулган сокку экенин, журналисттер менен укук коргоочуларды сотко сүйрөбөй, тескерисинче Кыргызстан сөз эркиндигин сыйлаган өлкө бойдон калышы керек экенин эскерткенбиз. Бул жылы Кыргызстанда сөз эркиндиги жана маалымат каражаттарынын эркиндиги чындап начарлап кеткенине күбө болуп отурабыз.

"Азаттык": "Чек арасыз кабарчылар", "Журналисттерди коргоо комитети" баштаган эл аралык уюмдардын сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстан бир канча позицияга артка кетти. Демократиялуу деген Кыргызстандын эл аралык беделине канчалык доо кетип жатат?

Мира Риттманн.

Риттманн: Кыргызстандын жаңы президенти журналисттерге каршы соттук иштерден кийин өлкөнүн дарегине айтылган сын-пикир күчөгөнүнө көңүл бурушу зарыл. Ушул тапта жаңы бийликтин алдында өзгөрүүлөргө кадам таштоого мүмкүнчүлүк турат. Телеканалды жаап, журналисттерди соттоонун ордуна алардын укугун бузбай, медианын эркин иштешине шарт түзүп бериш керек. Бул Кыргызстанда демократия чындап өкүм сүргөнүнө далил болмок.

Дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун сапаттуу, кесипкөй журналистика керек, журналисттерде өз иши үчүн "куугунтукка кабылып калбайын" деген коркуу болбошу керек. Андыктан Кыргызстандын имиджине бул жылы көлөкө түшүп жатканы чын. Жаңы президенттин, өлкө жетекчилигинин алдында актуалдуу суроо турат - сөз эркиндигинин абалы дагы начарлай береби же тескерисинче кырдаалды талдап, аны ондойбуз деген чечим болобу? Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму да "Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы начарлады" деген тыянагын билдирген.

"Азаттык": Кыргызстанда демократиялык шайлоо өтүп, анда жеңген Жээнбеков бийликке келди. НТС каналынын ээси, саясатчы Өмүрбек Бабанов шайлоодо күчтүү атаандаштыкты көрсөттү. Шайлоодон кийин кылмыш иши козголуп, ал азыр Кыргызстандан башка жакта жүрөт. Ал арада НТСке байланыштуу териштирүүлөрдү бул саясатчы менен байланыштырган пикирлер да айтылып жатат. Бул боюнча сиз оюңуз кандай?

Демократиялык коомдо маалымат каражатын жөн эле жаап салуу болбошу керек, ага жол жок. "Хьюман Райтс Вотч" баштаган укук коргоо уюмдары, медиа өкүлчүлүктөр НТСтин маселеси кандай жагдайда, эмненин негизинде чечилерине кылдат көз салып турабыз.

Риттманн: НТС менен байланыштуу окуялардын түпкү себеби эмнеде экенин азырынча мен да түшүнбөй турам. Эң башкысы - кандай гана иш болбосун анын ар бир кадамы Кыргызстандын мыйзамына туура келиши керек. Ошондо гана "бул иштин саясий жүйөсү болуп жүрбөсүн" деген күдүк ойлорду четке кагат. Сот аткаруучулар болобу, соттор болобу Кыргызстандын мыйзамын так сакташы керек. Олуттуу себептер айтылып, жүйөлөр келтирилмейинче журналисттердин ишин үзгүлтүккө учуратууга болбойт. Алардын колунда мындай жүйө бар деп айтуу азырынча эрте. Башкача айтканда ушул тапта телеканалдын журналисттери өз ишин эч токтотпостон, өлкөдөгү окуяларды үзгүлтүксүз чагылдыра бериши зарыл.

"Азаттык": Кечээ кечинде Өмүрбек Бабанов өзү "Фейсбук" аркылуу телеканалды “рейдерлик менен тартып алуу” болуп жатканын айтып чыкты. Кырызстанда буга чейинки саясий режимдердин тушунда мындай окуялар болгонун баарыбыз билебиз. Бул жерде Бабановдун айтканы канчалык негиздүү?

Риттманн: Канчалык деңгээлде ал туура же туура эмес экенин мен айта албайм. Иштин чыныгы себеби ушул тапта такталып жатат, аны алдыңкы күндөрү билет болушубуз керек. Бул сот аткаруучулар менен укук коргоо органдарынын аракетинен дагы көз каранды. Эгерде телеканал жабылса, мен жогоруда айткандай эле анын себебин так билишибиз керек. Демократиялык коомдо маалымат каражатын жөн эле жаап салууга жол берилбейт. Андыктан бир гана "Хьюман Райтс Вотч" эмес, башка дагы укук коргоо уюмдары, медиа өкүлчүлүктөр НТСтин маселеси кандай жагдайда, эмненин негизинде чечилерине кылдат көз салып турабыз.

"Азаттык": ​Журналисттерге каршы коюлган доолор, оппозициялык активисттер менен жарандык активисттердин үстүнөн болгон сот иштери Кыргызстанда демократиянын абалына кооптонуу туудурбайбы?

Риттманн: Мен айткандай быйыл Кыргызстан адам укуктарынын абалы боюнча артка чегинди. Андыктан ушул тапта өлкөнүн жаңы жетекчилигинин алдында мындай тендендияны токтотуу, кырдаалды өзгөртүү милдети турат. Адам укуктарын сактоого артыкчылык берип, сөз эркиндигин, эркин жыйын куруу укугун камсыз кылып, укук коргоочулардын ишмердигине шарт түзгөн мейкиндикти сактап калып, өлкөнүн эң жогорку бийлиги аларды урматтай тургандыгын көрсөтүшү керек. Эл аралык стандарттарды сактабаган сот иштери, укук коргоочунун абакта отурганы өлкөдө легитимсиз иштер болуп жатканын көрсөтөт. Кырдаал жакшы жагына өзгөрөрүнө ишенем. Кийинки жылдын соңунда демократия артка чегинбестен, тескерисинче, алдыга жылганын көргүбүз келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​