Эгемендикке эки күн калганда...

"Жаштык жарчысынын" 1991-жылдын 22-августтагы саны.

1991-жылы 29-августта Кыргызстанда “Кыргыз туусу”, “Кыргыз руху” жана “Жаштык жарчысы” гезиттеринин жаңы сандары жарык көргөн.
Кыргызстан өзүн эгемен өлкө деп жарыялардын алдында кыргыз басылмалары эмне тууралуу жазып, кайсы окуяларга орун беришкен? Жыйырма жыл илгери жарык көргөн кыргыз гезиттерин барактайлы.

Басма сөзгө баяндама: 1991-жыл. 29-август

1991-жылы 29-августта эркин басылма катары эми гана телчиге баштаган “Кыргыз руху” гезити номур 3-санын окурмандарга сунуштаган. Гезиттин бул санында Москвада жана Бишкекте болуп жаткан тарыхый окуяларга, ГКЧПдан кийинки кырдаалга жана Чыңгыз Айтматов тууралуу макалаларга орун берилген. Басылманын негиздөөчүсү жана ал кездеги башкы редактору Султан Раев “Азаттыкка” буларды эскерди.

- ГКЧП болгон учурдагы биз дагы өзүбүздүн ички жарандык каршылыгыбызды билдиргенбиз. Гезитибиздин номур 3-санында аны айыптаган бир топ макалалар чыккан. Себеби, мурдагы эле система кайра реванш алып жатат деп аларга каршы турганбыз.

1991-жылдын 29-августунда “Кыргыз туусу” гезитинин да жаңы саны жарык көргөн. Бул басылма мурда “Кыргызстан туусу” деп аталып келсе, ушул күндөн тарта “Кыргыз туусу”
деп атала баштаган. Ал эми гезит бул санын СССРдин президенти Михаил Горбачевдун 26-августта Москвадагы СССР Жогорку Кеңешинин сессиясында сүйлөгөн сөзү жана 27-августта президенттер Аскар Акаев, Нурсултан Назарбаев жана Борис Ельциндин Горбачев менен болгон Москвадагы жолугушуулары менен ачкан.

“Кыргыз туусунун” бул күнкү санында ошондой эле 31-августта Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 6-кезексиз сесиясын чакыруу боюнча төрага Медеткан Шеримкуловдун колу коюлган токтомун жарыялаган. Анда Кыргызстандын көз карандысыздыгын жарыялоо жөнүндөгү декларация кабыл алынмак.

“Кыргыз туусу” өкмөттүк гезит болгондуктан, анда негизинен жогорку мамлекет жетекчилердин расмий ишмердүүлүктөрү көбүрөк чагылдырылган.

Акындардын арноолору

1991-жылы 29-августта “Жаштык жарчысынын” да жаңы саны жарык көргөн. Ал башкы бетин “Миң түркүн кабар” түрмөгү менен ачкан. Анда “БЫ-КЫ-ЧЫ-КЫ Компартиянын түбүнө жеттиби, “Улуттук гвардия түзүлөт”, “Аманбаевдин жардамчысын сабаган ким?, “Өлбө, Ельцин”, “Комсомолдун тагдыры не болот?” деген учкай маалыматтар берилген.

Андан ары гезит президент Аскар Акаевдин наамына бир катар кайрылууларды баскан. Бул санда ошондой эле акын Рамис Рыскуловдун президент Аскар Акаевге арнаган ырын да кезиктирүүгө болот. Анда Рамис Рыскулов:

Сылык да сыпаа мүнөзүң,
Чындык деп катуу күйөсүң.
Кам чегип жашап келесиң,
Көп иштин чечип жүйөсүн.


Ал эми акын Анатай Өмүркановдун Компартиянын биринчи катчылыгынан жаңы гана түшкөн Жумгалбек Аманбаевди сындаган ыр саптары да гезитттин ушул санынан орун алган:

Бийликке Гитлер эгер келе калса,
Коржоңдоп колуна суу куюп кайра.
“Кылганың кылымдагы калыс иш” деп,
Кошулуп кетчүдөйсүң караманча...



Социализмди коргогондор

Анткен менен “Жаштык жарчысынын” бул санында компартияны, социализмди жээрип жаткандарга карата Москва районунун тургуну Шерпаевдин жооп макаласы жарыяланган. Анда автор:

- Ар бир элдин өзүнүн басып өткөн тарыхын урматтап, сыйлап жана аны менен сыймыктанып, укумдан-тукумга айтып калтырар белгилери болот эмеспи. Кыргыз элинин ошондой эсте калар тарыхтарынын бири - социализм.... Социализм десек, кыргыздын экинчи өмүрүн көз алдыбызга келтиребиз, кыргыз десек, социализмди эстейбиз.

Гезиттин ошол кездеги редактору Мелис Эшимканов ал күндөрдү мындайча эскерүүдө.

- Ал кезде эмне үчүн биздин кыргыз тил мектептери аз, эмне үчүн Манасыбыз унутулуп жатат деп, улуттук сезимдерибиз аябай оргуштап турган. Жазуучулар болобу же журналисттер болобу, акындар болобу, бул нерсе аябай сезимдерине жакын кабыл алат эмеспи.

1991-жылы 29-августта Кыргызстандын эгемендик жарыяларына эки гана күн калган эле. Ал күндөрү чыгып жаткан басылмалардан келечекке болгон зор ишеним-үмүттү, эркиндикке умтулган кажыбас аракетти байкоого болот.