Өчпөс ысым
Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Тажикстандын кыргыздар мекендеген Жерге-Тал районунан 975 жоокер майданга жөнөтүлүп, алардын 248и гана ата журтуна жеӊиш менен кайтып келген. Ошолордун бири улуту кыргыз Жээнбай Камаров Кызыл Туулуу №170 дивизиянын Белоруссиядагы №422 аткычтар полкунда фашисттик баскынчыларга каршы согушуп жүрүп тайманбастыгы, эр жүрөктүүлүгү менен каармандыктын чыныгы үлгүсүн көрсөтүп, Советтер Союзунун Баатыры наамына теӊдешкен 1-2-3-даражадагы «Даӊк» медалдары менен сыйланган.
170-дивизиянын командири генерал-полковник С.Цыпленков өзүнүн «Менин куралдаш досторум» деп аталган баянында Жээнбай Камаров жөнүндө мындайча эскерген:
«1944-жылдын 21-февралы эле. Ошо күнү Михайловка кыштагынын жака-белинде душман менен катуу салгылашуу болду. Ошол кармашууда №422 полк чыныгы эрдик көрсөттү. Полктогу бир катар жоокерлер чоӊ эрдик кылгандыгы үчүн өкмөтүбүздүн бир катар ордендери жана медалдары менен сыйланышты. Айрыкча тажикстандык жигит Жээнбай Камаров бул салгылашууда тайманбастыгы жана чыныгы эр жүрөктүүлүгү менен советтик жоокерлерге үлгү көрсөтүп, III даражадагы «Даӊк» медалы менен сыйланды. Ооба, Михайловка кыштагында фашисттик баскынчыларды кууп чыгарууда ал абдан чоӊ эрдик көрсөтүп, үч фашистти өлтүргөн жана төртүнчүсүн колго түшүргөн. Бул күнү ал ошондой эле фашисттердин ок-дарысы, курал-жарактары жүктөлгөн автомашинаны да талкалаган».
Дагы караңыз Улутка күйгөн, табиятты сүйгөн улуу инсанЖээнбай Камаров мына ушундай шамдагайлыгы жана ар кандай кыйын учурларда туура чечим кабыл ала турган мыкты сапаттары менен командиринин чоӊ ишенимине татып, №2 Белоруссия фронтунун штабына байланышчы болуп дайындалган. Кийин фронттук штабдын атайын тапшырмасы боюнча 1944-жылдын 21-октябрында фашисттердин обер-лейтенантын, 1945-жылдын 8-февралында душмандын бир батальонунун командирин өтө зарыл документтери менен колго түшүргөн.
№422 аткычтар полкунун командири, подполковник Михайлов Жээнбай Камаровду командирликке дайындоо алдында ага берген мүнөздөмөсүндө мындай деген:
«Ефрейтор Ж.Камаров 1944-жылдын 26-июлунда Прут дарыясынын жээгиндеги фашисттердин коргонуучу чектерин жок кылууда өтө чоӊ эрдик көрсөтө алды. Ал душмандын окопторуна алгачкылардан болуп жеткен жана анын сегиз жоокерин, эки офицерин өлтүргөн. Куралдаш жоокерлерине жол ачып, айыгышкан кармашуу менен 145,6 бийиктикти ээлешти».
Дагы караңыз Жергеталдык кыргыз революционердин эрдигиКызыл Армиянын Прут дарыясынын батыш тарабындагы чабуулу эр жүрөк Ж.Камаровдун алдын-ала так маалыматтарды алып келишинин натыйжасында жеӊиш менен аяктаган жана дарыянын жээги мыкаачы душмандардан биротоло тазаланган. Ж.Камаров ушул салгылашуулардан кийин 1944-жылдын 10-июлунда II даражадагы «Даӊк» медалы менен сыйланып, автоматчылар бөлүгүнүн командирлигине дайындалган. СССРдин Коргоо министрлигинин архивинде сакталган документтерде ал жөнүндө мындайча белгиленген:
«1945-жылдын 8-февралында Жээнбай Камаровдун түздөн-түз жетекчилиги астында автоматчылар белгиленген миналуу жерден өтүп, душмандын окопторуна тайманбай чабуул коюшту. 12 фашистти өлтүрүп, бир нечесин колго түшүрүштү. Жээнбай Камаров болсо 5 фашистти өлтүрүп, душмандын эки пулеметтук түйүнүн граната менен жок кылды. Катуу жарадар болгонуна карабастан, советтик жоокерлердин жетип келишине чейинки татаал минуталарда да өз ордун таштаган эмес. Анын мына ушул эрдиги биринчи даражадагы «Даӊк» медалы менен белгиленди…»
Ата Мекенди коргоодо мына ушундай баатырдыктарды көрсөткөн Жээнбай Камаров кыргыздар жашаган айылы Чобойго кайтып келгенден кийин бухгалтер, совхоздун ферма башчысы, бригада жетекчиси, байланыш бөлүмүнүн начальниги, китепканачы кызматтарында талбай эмгектенип жүрүп дүйнөдөн өткөн.
Мирзохалим КАРИМОВ, журналист
(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.