Кыргыз өкмөтүнүн өнүмү жана өксүгү

Өкмөт Үйү.

Коомчулукта, парламентте кыргыз өкмөтүнө карата сын күчөдү.

Инвестициянын азайып кетишине, салыктын жетиштүү чогулбай жатышына, бюджеттик каржылоо толук аткарылбаганына эмне себеп? Айлык акыны жетиштүү көтөрө алдыкпы? Өкмөттүн бүгүнкү абалына кадрлар күнөөлүүбү же бийликте чечкиндүүлүк жокпу? Ушул ж.б. маселелерди «Арай көз чарай» берүүбүздөн кеп кылдык.

Талкууга Кыргызстандын экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев жана Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Тынычбек Табылдиев катышты.

«Азаттык»: - Автандил мырза, кечээ Жогорку Кеңеште «жергиликтүү ишкерлер, ошондой эле сырттан келген инвесторлор капиталын Кыргызстандан чыгарып кетип жатышат» деген маалымат айтылды. Экономика министри аны менен макул болду. «Өкмөттүн капиталды, инвестицияны коргоо боюнча саясаты өзгөрөбү же кырдаал менен макул болуп отура береби?» деген суроолор көп.

Автандил Алыбаев.

Автандил Алыбаев: - 2019-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен айтсак инвестициянын көлөмү мурунку жылга салыштырганда 60 пайызга көбөйдү. Экономика болгон жерде капитал кирип-чыгып турат, бул ар бир мамлекет үчүн кадыресе көрүнүш. Азыр айтып отурган өсүштү эске ала турган болсок, абалыбыз дурус эле. Кыргызстанда акыркы айларда болгон саясий окуялар, кен чыккан жерлердеги элдин нааразылыгы да инвестициялык климатка өзүнүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Албетте, биздин милдет - келген инвестицияны коргоп, аны кайра алып кетпегендей кылып шарт түзүп беришибиз керек. Өкмөт ушул убакка чейин деле инвестицияны коргоо боюнча иштерди жүргүзүп келген, мындан ары да жүргүзөт. Дал ушул максатта бизде Бизнес-акыйкатчы деген институт кирип жатат, анын негизги милдети ишкерликти укуктук жактан коргоо болуп эсептелет. Ар кандай туура эмес көрүнүштөр болсо, өкмөт менен чогуу отуруп чечилет.

«Азаттык»: - Тынычбек мырза, өкмөттүн ишинин натыйжалуулугу ириде кайсы көрсөткүчтөр менен бааланышы керек? Ушул негизден алганда кыргыз өкмөтүнүн бүгүнкү ишин кандай таразалайт элеңиз?

Тынычбек Табылдиев.

Тынычбек Табылдиев: - Жеке оюмда азыркы өкмөттүн иши мени канааттандырбайт. Дүйнөдөгү мамлекеттердин абалы, ал өсүп жатабы же артка кеттиби, анын ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ) көлөмү менен өлчөнөт. Расмий маалыматка таянсак 2019-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын ИДӨсүнүн өсүшү («Кумтөрдү» эске албаганда) 2,1 пайызды түздү, бул начар көрсөткүч. Экинчиден, өкмөттүн иши канча жумуш орду түзүлгөнү менен өлчөнөт. Бүгүнкү күндө 1 миллионго жакын эмгекке жарамдуу мекендештерибиз чет өлкөдө жумуш издеп жүрүшөт. Бул жакта өкмөт «жумушсуздуктун деңгээли 2 пайыз» деп берип жатат, б.а. «100 миңден ашык жумушсуз адам бар, алардын 15 миңине жумуш орун таап бердик» деп жатат. Ушул да ишпи? Ары жакта 1 миллионго жакын адам каттоого турбай эле четте жүрбөйбү, алар эмне болот? Ушундай акыбалыбыз менен биз элибизди качан татыктуу жумуш орундары менен камсыз кылабыз? Буга өкмөттөн жооп жок. Эгер инвестиция 60 пайыздан ашык көбөйүп жатса, анда абалыбыз жакшы болуш керек эле.

Автандил Алыбаев: - Эгер биз «Кумтөр» менен кошо эсептесек ИДӨ 6,9 пайызга өсүш берип жатат. Бул коңшу мамлекеттер жана ЕАЭБ өлкөлөрү менен салыштырганда жакшы эле көрүнүш. Жалпы экономикалык багытта көп иштер жүрүп жатат. Жакынкы жана орто келечекке пландар каралган. Экспорттун көлөмүн көбөйтүү боюнча орто мөөнөткө карата программа кабыл алынды, негизги иш-чаралар ошол жерде көргөзүлгөн. Мындан сырткары, экономиканын башка багыттары боюнча көп иштер аткарылып жатат. Мурдагы жылдарда жумушсуздуктун деңгээли 6 пайыздын тегерегинде болуп келген. Бирде жогорулайт, бирде төмөндөйт, сезондук факторлор да таасирин тийгизет. Мен бул тармактагы абалыбыз кескин начарлап кетти дегенден алысмын.

Дагы караңыз Азайган импорттун жандырмагы

Тынычбек Табылдиев: - Биздин сыртта жүргөн мекендештерибиз жылына 2 миллиарддан ашык доллар акча жөнөтүп турат. Бул сумма 146 миллиард сомду түзөт. Бул цифра биздин мамлекеттин бюджети менен барабар акча. Эгер алар бир жыл акча которбой койсо 16 миң сом айлык акы, 5 миң сом пенсия алган адамдар көчөгө чыгышат. Алар алган акча эч нерсеге жетпегенден кийин элдин турмушу жакырланат. Бюджетти толтуруу оор маселе. Бизде 40 пайыздан ашык көмүскө экономика бар, өкмөттүн эсеби боюнча 23 пайыз. Бул да ойлоно турган, чече турган маселе. Бюджетти толтура турган, негизги резервдер менен эмне үчүн иштебейбиз? Баарын ачыкка чыгарып, салык төлөө тууралуу талап катуу коюлушу керек. Биз жалаң эле «Раим миллионду» көрүп жатабыз. Болбосо ар бир жерде өздөрүнүн «раим миллиондору бар», баарын ачыкка чыгарыш керек. Салыкчылар кошулуп алып баары жыргап жеп отурушат…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.