Кыргыз футболу кылым карытты

Фрунзе шаарынын "Крупская" атындагы футболдук клубу. 1932-жыл. 

Кыргызстанда 1921-жылдын 21-мартында Пишпекте (азыркы Бишкек) жергиликтүү команда менен Верный (Алматы) шаарынын командасы жолдоштук беттеш өткөргөн.

 

"Фрунзе" жана "Ленинград" футбол клубдарынын беттеши. 1946-жыл. 
Кыргыз ССРиндеги алгачкы футболдук командалар Фрунзе шаарында түптөлгөн. Анда "Динамо", "Спартак" жана "Буревестник" ХХ кылымдын 30-жылдары пайда болгон.

Фрунзе шаарынын жана Ворошилаград шаарынын футбол клубдарынын беттеши. Сүрөт кайсы жылы тартылганы белгисиз. 

Кыргыз ССРнинде клубдар арасындагы алгачкы чемпионат 1934-жылы өтүп, Фрунзе шаарынын командасы чемпион аталган.

Кыргыз ССРнин футбол боюнча чемпионаты 1934-жылдан 1991-жылдар аралыгында өткөн. 

"Алга" жана "Уралмаш" футбол клубдарынын беттеши. 1964-жыл. Фрунзе шаарындагы Спартак стадион. Бул стадион 1939-жылы курулуп баштап, 1941-жылы ишке кирген. Аталган стадиондо Фрунзе шаарынын футбол клубдары беттештерди өткөрүп келген. Азыр бул стадион Кыргыз ССРнин биринчи спорт комитетинин жетекчиси Дөлөн Өмүрзаковдун атын алып жүрөт. Мында "ак шумкарлар" расмий беттештерин өткөрүп келет. 

"Алга" жана "Днепр" футбол клубдарынын беттеши. 1965-жыл. 1947-жылы Фрунзе шаарында "Зенит" деп аталган футболдук клуб негизделген. 1961-жылы бул клуб "Алга"  болуп өзгөргөн. 

Фрунзе жана Ташкент шаарларынын футбол боюнча курама командаларынын беттеши. Фрунзе, 1948-жыл.

"Буревестник" футбол клубу, 1949-жыл. Аталган клуб 1939-1950-жылдар аралыгында Кыргыз ССРиндеги эң күчтүү клубдардын бири болгон. Үч жолу Кыргыз ССРнин чемпиондугун утуп алган. Беш ирет Кыргыз ССРнин Кубогун (1936,1947,1948,1949,1950-жылдары) уткан. Эки ирет СССРдин Кубогуна катышкан. 1950-жылдардан кийин бул клуб жоюлуп кеткен. 

Фрунзе жана Ленинград шаарларынын футбол боюнча курама командаларынын беттеши. Фрунзе. 1946-жыл. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары футболдук мелдештер өткөн эмес. 

Фрунзе жана Сталинабад шаарларынын футбол боюнча курама командаларынын беттеши. 1948-жыл. 

Кыргыз ССРнин футбол боюнча курама командасы Финляндиянын курама командасы менен 1957-жылы беттешкен. 

Кыргыз ССРнин футбол боюнча курама командасы жана Финляндия курама командасынын беттеши Фрунзедеги Спартак стадионунда өткөн. Сүрөт 1957-жылы тартылган. 

Кыргыз ССРнин футбол боюнча курама командасы Фрунзе шаарында бир канча эл аралык беттештерди өткөргөн. 

Совет доорунда футбол ышкыбоздору көп болуп, стадион көрүүчүлөргө жык-жыйма толуп турганын сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин футбол көрүү үчүн стадионго келген адамдардын саны кескин азайган. Акыркы төрт жылда көрүүчүлөрдүн катары көбөйө баштады. 

Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.