Каректе Евразия: Уул төрөөнүн убайымы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Каректе Евразия” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында Орусиянын Коргоо министрлигинин ТУ-154 үлгүсүндөгү учагынын кыйрашы, Иркутскидеги арак ордуна ласьон ичип ууланып каза тапкандар, өз балдары менен бир партага отуруп билим ала баштаган украиналык цыгандар, Тажикстанда көп балалуу үй-бүлөлөрдүн абалы, уулдуу болуу синдомунан улам баатыр энеге айланган же ден соолугун тобокелге салган аялдар, аяз атага кат жазып, белек алган аз камсыз бүлөдөгү балдар туурасында баяндар камтылды.