Улуттук колоритке басым жасаган мода көргөзмөсү

Дефиледе негизинен улуттук колоритти камтыган кийимдер көрсөтүлдү. 

Дизайнер Чолпон Антонисестен өзгөчө чапан. Ал жаңы коллекциясында чапандарга жаңыча образ берүүгө аракет кылган. 

Ал эми дизайнер Назгүл Каарова жаңы коллекциясында оймо-чиймелер менен кооздолгон ак түстөгү көйнөктөрдү, жакет, костюмдарды көрсөттү. 

Каарованын коллекциясына дал ушул ак көйнөгү өзгөчө көрк кошуп турду. 

Чолпон Антонисес атлас чапанды ачык жашыл түстөгү көйнөккө шайкеш келтирген. Образды элечекке окшош баш кийим толуктап турат. Ал эми жүндөн жасалган кызыл шуру жана сөйкөлөр образга өзүнчө көрк берет.

Бул чапан да дизайнер Чолпон Антонисестин эмгеги.

Көргөзмө эки күнгө созулуп, жалпы 16 дизайнер өз коллекцияларын көрүүчүлөрдүн назарына сунушташты.

Дизайнер Замира Молдошеванын жаңы коллекциясы.

Дизайнер Замира Молдошеванын бренди болгон Z-Fashion кийимдеринин жаңы топтомунан күлгүн түстөгү этек-жеңи кенен көйнөктөрдү, юбкаларды жана белдемчилерди көрүүгө болот. 

Мода көргөзмөнү ачкан Асел жана Инискан Абдыкадыровалардын "UULMAN" коллекциясы.  

Кыргызстандык дизайнер Гүлмира Акматова казакстандык кесиптеши Сева менен бирге өзгөчө эмгектерин сынга коюшту.  Акматованын жүндөн токулган, боз түстөгү кийимдерин дизайнер Севанын өзгөчө баш кийимдери толуктап турду. 

"Уулман" коллекциясындагы мала кызыл түстөгү кыздардын көйнөгү. 

Дизайнер Чолпон Антонисестин эмгектери.

Мода көргөзмөнү Кыргызстандын дизайнерлер союзу уюштурду. 

Дүйнөлүк мода жөнүндө жазган "Окно" интернет басылмасынын негиздөөчүсү Азат Марат бул иш-чарада "Уулман" жана "Чапан сары" коллекцияларын өзгөчө болгонун айтты: 
"Мага өзгөчө эки коллекция абдан жакты. Ал эми жалпы иш-чара боюнча айтсам, кыргыз дизайнерлери өз коллекцияларын дагы толуктап, жакшыртуу үстүндө иштеши керек. Менимче, жакынкы жылдары кыргыз модасы да дүйнөлүк мода үйлөрүнүн катарына кошула алат".  

Мода көрүүчүлөр.