Cоцтармактарды фейк аккаунттар каптады

Иллюстрациялык сүрөт.

Cоциалдык тармактарды фейк аккаунттар каптады. Ошол эле кезде медиа сабаттуулук, маалыматты туура таратуу жана алуу тууралуу долбоорлор иштеп жатканы менен азырынча толук жемишин бере элек.

Адистер атайын бурмаланып таратылган маалыматтарга каршы иштеген платформалар болушу керек деп эсептешет. Маалымат майданына фейк аккаунттар же «троллдор фабрикасы» маалыматтык согуштун жаңы тенденциясына айланды.

Учурда айрым кишилер социалдык тармактарга жалган ысымдар жана сүрөттөр менен катталып, саясий темаларга дембе-дем комментарий жазып, коомчулуктун пикирин башка нукка буруп, алаксытууга аракет кылуунун үстүндө өтө жандуу иштеп жаткан учуру.

Маселен «Фейсбукта» «Новости 312» деп катталган баракчада «Азаттык» радиосу, «Kloop.kg» жана «24.kg» маалымат агенттиктери кыргыз бажысынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдон «кечирим сураганга даяр» деген таризде билдирүү тарап жатат. Бирок аталган баракчанын башкы сүрөтүндө, эфир алып барып жаткан белгисиз журналист кыздын сүрөтүн кошпогондо бир дагы билдирүү жазылган эмес.

Дагы караңыз Аттард: Фейктер дүйнөгө көйгөй жаратты

Ошол эле кезде «Kloop.kg» маалымат агенттиги мына ушул фейк аккаунттарды иликтеген макаласын жарыялады. Аны даярдаган Айдай Иргебаева буларды айтып берди:

- Фейктердин тобу бар. Алар бирин бири тааныйт. Ошондуктан бири жазган комментарийге башкасы «лайк» басат. Анткени алардын жазган пикири кимдир-бирөөгө жакканын, маанилүү экенин көрсөтүшү керек да. Мен аларды таап, өзүлөрүнө «сен фейксиң» деп жаза баштадым. Бирок көпчүлүк ага деле маани беришпейт. Фейктер жазган пикирди, билдирүүнү талкууга алышат.

Factcheck.kg сайтынын редактору журналист Болот Темиров да фейк аккаунттарга каршы күрөшүп келатканы белгилүү. Ал мындан эки ай мурда «Фейсбукта» фейк аккаунттарга, троллдорго каршы «Фейк аккаунттарга аңчылык» деген аталышта тайпа түзгөн.

Темиров «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» тууралуу резонанстуу иликтөөсүнөн кийин көргөн-билген фейк аккаунттарды жаптыруу максатында жарандарды биригүүгө чакырган.

Мындан тышкары соңку кезде Кыргызстанда «Telegra.ph» сыяктуу сервистер аркылуу жалган маалыматтар тарап келген. Маселен, Сапар Исаковдун атынан «күнөөмдү толук мойнума алам» деп жазылган билдирүү коомчулукта бир топ талкуу жараткан.

Ал эми 2019-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев фейктер парламенттин атына көлөкө түшүрүп жатканын, алар менен күрөшүүгө даяр экенин билдирген жайы бар.

Дагы караңыз Жарандар фейк аккаунттарга каршы бирикти

Азыр «Telegra.ph» сервиси актуалдуулугун жоготту. Ал ортодо эл маалымат алуунун булагын аңдай баштады дегиче, соцтармакта бетин жашырган фейктер жайнап чыгышты. Эң кызыгы - алар жазган пикирлерге коомчулук маани берип, талкууга алып жатканы.

Ушундан улам, медиа сабаттулукту арттыруу максатында бир жылдан бери «Internews» эл аралык уюмунун колдоосу менен «Үч чекит» долбоору иштеп жатат. Долбоордун «Инстаграм» баракчасында «чын менен жалганды ылгап билүү», «маалымат согушунан канткенде сактанса болот» деген сыяктуу кеңири билдирүүлөр, түшүндүрмөлөр жазылган.

Тилекке каршы «Үч чекитке» катталган колдонуучулар аз. Ушундан улам долбоордун жетекчиси Мырзайым Жаныбек кызы аны коомчулукка жайылтуудан аксап жатышканын айтты:

- Мурда маалыматты жалаң эле журналисттер таратып келсе, азыр ар бирибиз контент жаратуучу болуп калдык. Пикир жазабыз. Кайсы бир маалыматты бөлүшөбүз. Бирок биз таратып жаткан маалыматтын канчалык чындыгы бар, такпы деп талдабайбыз. Аны окугандардын басымдуу бөлүгү «Интернетте жазылгандар 100% туура» деген түшүнүктө болушат экен. Ошондуктан медиа сабаттуулукту арттыруу башкы орунда турат. Ушундан улам биз жаштар көп кызыгып, колдонот деп «Инстаграмды» тандаганбыз. Бирок колдонуучуларды кызыктыра албай жатабыз. Биздин долбоордун алкагында мугалимдерди жана окуучуларды кызыктырган окуулар да өтүп жатат.

Адистер фейктерде каршы күрөш дүйнөдө кыйынчылык жаратып жатканын айтып келатышат. Ошондуктан «Фейсбук», «Твиттер», «Инстаграм», жада калса «Google» жалган маалыматты аныктоо алгоритмин ойлоп чыгышы керек деп эсептешет.

Дагы караңыз "Фейсбук" Кыргызстанды кандай өзгөрттү?

Ал эми күн сайын дүйнөдө бир жарым миллиарддай адам баш баккан «Фейсбук» корпорациясы жылына троллдорго катышы бар деген миңдеген фейк аккаунттарды өчүрүп турат.

Ошол эле кезде медиа эксперт Азим Азимов элдин аң-сезими туура маалымат алууну өздөштүрмөйүнчө фейктерге ишенүү улана берет деп эсептейт.

- Биз жалпы сабаттуулугубузду жогорулатышыбыз керек, - деди адис. - «Интернетте жазылгандардын бардыгы эле туура эмес» деген түшүнүктү мектептен баштап өспүрүмгө, жада калса чоң кишилерге да үйрөтүш керек. Тескерисинче, ошол эле «Фейсбукта» жазылган пикирди сын көз караш менен карап жыйынтык чыгарыш керек. Менин оюмча, фейк - бул технология маселеси эмес. Мисалы, «Фейсбук»​ аны чектеп койсо башка тармактан чыга бериши мүмкүн.

Убакыт көрсөткөндөй, фейк аккаунттардын же троллдордун айрыкча саясий кылдаал күчөгөндө күнү тууйт. Мындан тышкары шайлоо убагында да алар өзгөчө жандана түшөрү маалым.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​