Июнь коогалаңынын сүрөттөрдөгү элеси

Ош шаарына жакын жердеги айылдардын биринде кыйраган үйүнүн жанында ыйлап жаткандар. 16-июнь, 2010-жыл. 

Ош шаарында өрттөнүп жаткан имараттын жанынан өтүп бара жаткан кишилер. 11-июнь, 2010-жыл.

Чопкутталган танктын үстүндө отурган жоокерлер топтошуп турган кишилердин жанынан өтүп бара жатышат. Ош. 11-июнь, 2010-жыл.

Ош шаарындагы көчөлөрдүн бири. 11-июнь, 2010-жыл. Бул күнү Ош шаарына, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыяланып, түнкү саат экиден тартып коменданттык саат киргизилген. 

Танктын үстүндө бараткан жоокерлер жана милиция кызматкери. 11-июнь, 2010-жыл.

Ош шаарындагы өрттөлгөн имарат.

Жалал-Абад шаарындагы Абсамат Масалиев атындагы көчөнүн коогадан кийинки көрүнүшү. 14-июнь, 2010-жыл.

Июнь коогасы учурунда Ош шаарынын үстүнөн көрүнгөн көк түтүн. 12-июнь. 2010-жыл.

Оштогу "Черёмушки" кичи районунун көчөлөрүнүн биринде атылган окту кармап турган бала. 21-июль, 2010-жыл. 

Кыйраган үйүнүн короосунда ыйлап жаткан киши. Ош. 14-июнь, 2010-жыл.

Дайынсыз жоголгон жакындарынын сүрөтүн көтөрүп облустук бийликтин алдына чыккан адамдар. Ош, 18-июнь, 2010-жыл.

Кара түтүндүн кучагында калган көчөлөрдүн бири. Ош. 12-июнь, 2010-жыл.

Ошол кездеги өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Оштогу сапардан кийин. 18-июнь, 2010-жыл.

Азык-түлүккө муктаж элге гуманитардык жардам таратылууда. Ош шаары. 14-июнь, 2010-жыл.

Жоокерлер Жалал-Абадда машинасына ок атылып каза болгон адамдардын тек жайын аныктап жаткан учуру. 17-июнь, 2010-жыл.

Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде өрттөнүп кеткен машине. 17-июнь, 2010-жыл.

Калаба учурунда өрттөнүп жаткан үй. Ош. 11-июнь, 2010-жыл.

Июнь коогасы учурунда айрым көчөлөргө коюлган тосмолор алынып жаткан учур. Ош. 20-июнь, 2010-жыл.  

Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде турган милиция кызматкерлери жана шаар тургундары. 11-июнь, 2010-жыл.

Өрттөн кыйраган үйүнүн короосунда турган аял. Ош. 20-июль, 2010-жыл.

Өрттөнүп кеткен дүкөн. Ош шаары, 20-июнь, 2010-жыл.

Роза Отунбаева Ошко барган кези. 18-июнь, 2010-жыл. 

Роза Отунбаева Жалал-Абадда тополоңдон жабыркагандардын абалы менен таанышууда. 21-июнь, 2010-жыл.

Коогалаңда турак жайынан ажырагандар үчүн тигилген чатырлар. Ош шаары. 6-декабрь, 2010-жыл. 

10-июнда 2010-жылы болгон июнь коогалаңына он жыл болду.