Партиянын иши программасына шайкешпи?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда президенттик институтту, УКМК, прокуратураны жоюу, акимдик кызматтын ордуна "болуш" деген кызматты киргизүү, парламенттеги депутаттарды кыскартуу. Мунун баары шайлоого катышып жаткан партиялардын программасында айтылган. Бирок партиялар жарыялаган программалар канчалык чындыкка жакын жана парламентке келген соң ишке ашабы? Дегеле шайлоочулар программага маани береби? Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев, дипломат Болот Жунусов, тарыхчы Кыяс Молдокасымов жана политолог Элмира Ногойбаева катышты.