Парламенттик шайлоонун бүдөмүк мөөнөтү

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 4-июнь - Кыргызстандагы парламентаризм күнүн утурлай айрым маалымат каражаттарына маек курду.

Ал «Спутник» агенттигиндеги маегинде өзгөчө абал режими өкүм сүрүп жаткан убакта өзүнчө мыйзамдар күчүнө кирерин, андай убакта шайлоо өткөрүлбөй турганын айткан. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунун маалыматына караганда, спикер мыйзамдагы нормаларга гана таянып жооп берген.

«Журналисттин «Коронавирус боюнча кырдаал курчуп кетсе шайлоо өткөрүлө береби?» деген суроосуна гана жооп берген, - деп түшүндүрдү ал. - Төрага Дастанбек Жумабеков өзгөчө абал жарыялана турган болсо мыйзам боюнча шайлоону жылдырганга мүмкүнчүлүк бар экенин гана айткан. Ал жерде башка өңүттөгү пландар жөнүндө сөз болгон эмес».

COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын айрым шаарлары менен райондорунда 25-марттан 11-майга чейин өзгөчө абал режими иштеп турду. Мыйзамдарга ылайык, өзгөчө абал учурунда шайлоо жана референдум өтпөшү керек. Бирок учурда кырдаал бир аз жакшырганына байланыштуу өзгөчө абал жоюлуп, өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Кыргызстанда күздө болчу парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө алгачкы жолу кеп козголуп жаткан жок. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да 2020-жылдын октябрында боло турган шайлоону 2021-жылдын апрель айында өткөрүүнү сунуш кылган.

Бирок депутат азыр шайлоону жылдыруу тууралуу баштапкы пикиринен кайтып, үгүт иштеринин гана жол-жобосун карап чыгыш керек деген ойго келген экен.

Дастан Бекешев.

«Мурдагыдай форматта үгүт иштерин жүргүзүп, концерт, той уюштурсак, бир топ коркунучтар бар, - дейт ал. - Коронавирус азайбай жатат. Күчөп кетсе бир топ суроолор жаралат. Биз парламенттик шайлоону жылдырышыбыз керек. Же үгүттү башкача жүргүзүүгө мажбур болобуз. Шайлоонун мөөнөтүн жылдырсак бир катар суроолор чыгат, саясий оюндар да болушу мүмкүн. Жаңы форматта, онлайн режимде үгүт кылсак болот. Ошондуктан бир чечимге келүүгө тийишпиз. Шайлоого аз эле убакыт калды».

Мыйзам боюнча Жогорку Кеңеш беш жылга шайланат. Кезектеги парламенттик шайлоо быйыл октябрь айынын башында өтүшү керек. Анын так датасы 26-июндан 6-июнга чейинки аралыкта жарыяланышы зарыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун пикиринде, шайлоонун мөөнөтү жылып калса, мыйзам чыгаруу бийлигинде туруксуздук болбойт. Ал коронавируска байланыштуу ушул жылдын 12-апрелинде болбой калган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону мисал келтирди:

Абдыжапар Бекматов.

«Шайлоо жылдырылган учурда деле депутаттар иштей берет. Алардын укуктары менен милдеттери токтотулуп же башка бирөөгө өтүп кетпейт. Биздин Баш мыйзамда так көрсөтүлгөн. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кийинки шайланып келген парламенттин биринчи жыйынына чейин улана берет».

Кыргызстандын тарыхында парламенттик шайлоо эрте өткөн учурлар болсо да, мөөнөтүнөн кеч өткөн учурлар болгон эмес.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоонун мөөнөтүн жылдыруудагы коркунучтар тууралуу комментарий берди:

Адахан Мадумаров.

«Чала сабат бийликтин акыркы жан далбастаган аракети катары кабыл алышыбыз керек. Дайым эле алар каалагандай боло бербейт. Кыргызда коомчулук, жаманбы-жакшыбы Конституция бар. Ал жерде Жогорку Кеңештин мөөнөтү так чектелген жана белгиленген. Ошондуктан ар кандай арам оюндарды чыгарып коюп, ары жактан «ууру мышыктай» кылтыйып карап туруштун кереги жок. Эгерде ошондой чечим кабыл алынып кала турган болсо, өлкөдөгү коомдук, саясий кырдаал башка нукка бурулуп кетиши толук мүмкүн».

Парламенттик шайлоого даярдык тымызын жүрүп жатканы менен, азырынча бир да партия ага катышуу камылгасын ачык жарыя кыла элек. Буга бир жагынан пандемия учурундагы чектөөлөр, экинчиден партиялардын ичиндеги белгисиздик жана саясатчылардын багытынын так эместиги себеп болуп жаткандай.

Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабековдун айтымында, бийликтин шайлоо боюнча планы өзү ойлогондой эмес. Анын баамында, бийлик спикер аркылуу элдин тамырын тартып, маанайын билип жатат.

Кубанычбек Исабеков.

«Бийликтин максаты шайлоого даярданып жаткан башка күчтөрдү алсыратуу болушу толук мүмкүн. Президент жалгыз калып өкмөт менен иштеп турсун деген эле план болуп жатат. Мына, 10-15 күндөн бери партиялар жанданды, бири-бири менен сүйлөшүп жатат. Менимче бийлик мындайды күткөн эмес. Анын үстүнө азыркы учурда кыйналып турган элдин нааразылыгы күндөн-күнгө күчөп жатат. Төрт айдан кийин шайлоо болсо бийлик колдогон партия өтпөй калышы мүмкүн», - деди ал.

Коронавирус илдетине чалдыкккан адамдардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турган Орусия 1-июлда референдум өткөргөнү жатат. Ал эми пандемия шарттарына көнбөй, чектөөлөрдү киргизүүдөн караманча баш тартып койгон Беларуста 9-августта президенттик шайлоо болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​