Шайлоодогу бийлик менен байлыктын кармашы

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков 22-августта «Биринчи радиодогу» маегинде алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу оюн айтты.

Ал шайлоодо административдик ресурс колдонбой турганын айтып, бир да саясий партияга жан тартпай турганын билдирди. Бирок президенттин бул билдирүүсүн айрым саясатчылар актануу катары баалап жатышат. Алар шайлоонун үгүт өнөктүгү баштала элек жатып, административдик ресурс менен байлык ресурсунун тиреши эмитен эле байкалып жатканын айтышууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков «быйылкы парламенттик шайлоого даярдык 2,5 жыл мурда эле башталган» деп кеп баштады. Ал шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча президенттик аппараттан, өкмөттөн, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, коомчулуктан жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган атайын жумушчу топ түзүлүп, узак иш жүргөнүн белгиледи. Ошол эле кезде ал парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын бирине да кызмат кылбай турганын айтты:

Сооронбай Жээнбеков.

«Эгемен Кыргызстандын тарыхында мага чейинки президенттер, аларга тирек болот деп партияларды түзүшкөн. Бирок ошол тирек болот деген партиялар эч кимисин сактап калган жок. Ага тарых, эл күбө. Буга 1995-жылдан тартып саясатта жүрүп, мен да күбөмүн. Мен муну мамлекеттик ишмер катары да, пенде катары да толук түшүнөм. Шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, чогуу иштегенге даярмын. Кандай партия келбесин - элдин тандоосу. Эл тандагандан кийин мен ал партиялар менен иштешим керек».

Деген менен парламенттик шайлоого аттанган партиялардын ичинен «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Замандаш», «Кыргызстан» партиялары азыркы президенттин саясатын колдочу күчтөр катары коомчулукта сыпатталып жатат. Алардын арасынан «Биримдик» саясий партиясына карата дооматтар азыртадан эле ачыкка чыга баштады. Маселен, 21-августта Интернетте Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы орто мектептин директору Рахат Камбардинованын жолдошу Нуркан Осмоналиевдин «Биримдик» партиясына кайрылуусу чыккан. Анда Осмоналиев партиянын талапкери Аида Касымалиева анын аялына телефон чалып, башка партияларга үгүт жүргүзүп жатканы үчүн кызматтан алып коёрун айтып, коркутканын билдирген.

Көп өтпөй «Биримдик» партиясынын шайлоо штабы буга жооп берди. Штабдын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев: «Мектеп директору менен Касымалиева «Биримдик» партиясынын талапкери катары эмес, Жогорку Кеңештин депутаты катары сүйлөшкөн», - деп айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Аида Касымалиева 19-августта «Биримдик» саясий партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болуп катталган. Ал тизмеде 8-катарда турат.

«Биримдик» партиясынан шайлоого аттанган социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров мындай деди:

Улукбек Кочкоров.

«Мен буга чейин министр катары административдик ресурстун өкүлү болуп турдум. Бирок мен кызматтан кетүү тууралуу арызымды жазып бердим. Кийинки аптада буйрук чыкса кызматымды тапшырам. Бүгүнкү күндө технология өнүккөн. Элдин аң-сезими өзгөрүлгөн. Жарандык коом аябай жандуу. Ошондуктан буга чейинки шайлоолордо болуп келген административдик ресурс иштебейт. Анын үстүнө шайлоо тууралуу мыйзамдар буга жол бербейт».

Саясат талдоочу Айданбек Акматов 22-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына «2010-2015-жылдары олигархтар партия түзүп, мамлекеттик саясатка аралашып, мамлекеттин ресурстарын талап-тоноого активдүү киришкенин» жазган. Ал «азыркы президент Сооронбай Жээнбеков олигархтарды колдонуп парламент түптөп жатканын, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да ушундай кылганын» билдирген. Ал 11-августта бийликти сынга алган посту үчүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка алынган. Акматов бул окуяны саясат менен байланыштырууда.

Акматов презденттин «эч бир партияга жан тартпайм» деген билдирүүсүн актануу катары баалады:

Айданбек Акматов.

«Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп туруп, «мен эмес» деп четке чыга берген көрүнүш. Азыр бардык мамлекеттик кызматкерлер, жетекчилер шайлоодо бийликчил партияларга добуш алып берүү аракетин көрүп жатканынан баарыбыздын кабарыбыз бар. Муну президент жана БШК гана көрбөйт. Мындан сырткары муну «Биримдик» партиясынын өкүлдөрү да көрбөшү мүмкүн. Бийлик учурда «шайлоону кандай болсо да жеңишибиз керек» деп административдик ресурсту кара мүртөздүк менен колдонуунун үлгүсүн көрсөтүп жатат».

БШКга 21-августта «Биримдик» партиясына мыйзамсыз үгүт жүргүзүлгөнү боюнча арыз түшкөн. Анда «Реформа» партиясынын өкүлдөрү Бишкектеги №12 жергиликтүү аймактык башкармалыгынын жетекчиси Темир Касымов административдик ресурс колдонуу менен «Биримдик» партиясына үгүт жүргүздү деген маалымат болгон. Жыйында видеофайл көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында БШКнын чечими менен Касымовго эскертүү берилген. Материалдар укуктук баа бериш үчүн Башкы прокуратурага жиберилген.

«Реформа» партиясын шайлоого жетектеп бара жаткан, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова мамлекет башчысынын жогорудагы сөзүнө мындайча комментарий берди:

Клара Сооронкулова.

«Президенттин сөзүнө ишенбейбиз. Анткени ушул тапта административдик ресурс аябай катуу иштеп жатат. Биз ушуга байланыштуу факты боюнча БШКга арыз жаздык эле. Алар «Биримдик» партиясына чара көрбөй, муниципалдык кызматкерди жазалаш үчүн Башкы прокуратурага кайрылышты. Быйылкы шайлоодо административдик ресурстан тышкары шайлоочуларды сатып алуу аракети катуу болуп жатат. Эмитен эле үгүтчүгө демиш болуп, шайлоочуларга 15 миң сомдон акча таратып жатат деп угуп жатабыз. Бирок биз ошого карабай шайлоодон утуп чыгарыбызга ишенебиз. Анткени эл бийлик менен байлыкка эмес, абийир үчүн добуш берет деп ойлойбуз».

Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев бул жолу «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанды. Ал тизмеде 11-орунда. Эл өкүлү президенттин шайлоо тууралуу пикирин негизинен колдоду:

Таабалды Тиллаев.

«Президент бардык талапкерлерге, элге мүмкүнчүлүк берип жатат. Буга коомчулук деле күбө. Маселен, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары оппозициялык партия менен шайлоого баратат. Мындан башка мамлекеттик кызматкерлер да каалаган партияларын тандашты. Бул жерде күчтүү программасы бар партиялар жеңишке жетишет деп ойлойм. Бул саясий күрөш. Ар кандай ыкмалар колдонулат. Эч ким бир да партиянын башын сылабайт. Административдик ресурс толук иштейт дегенге ишенбейм. Анткени азыр Интернет аркылуу болгон нерсени көзөмөл кылса болот».

Жергиликтүү саясат талдоочулар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо негизги атаандаштык он чакты партиянын ортосунда болорун божомолдоп жатышат. Ошентсе да президент өзүнө ийкемдүү партиялардан парламент куроого кызыкчылыгы бар дегендер да бар.

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору, саясий эксперт Эмилбек Жороев алдыдагы шайлоо тууралуу ой бөлүштү:

Эмилбек Жороев.

«Шайлоо учурундагы мыйзамсыз аракеттер Кыргызстандагы эң чоң көйгөйү катары кала берчүдөй. Ал эми президенттин «шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт» дегенине таң калып кереги жок. Анткени буга чейинки президенттер деле ушундай сөздөрдү айтып келген. Бирок алар деле шайлоо жакындаганда бийликчил партияларга жан тартканына күбө болгонбуз. Деген менен Сооронбай Жээнбековдун сөзүндө ишеним, үмүт бар. Быйылкы парламенттик шайлоо кысталыш убакта өткөнү турат. Эгер мыйзамсыз, аша чапкан иштер болсо анын жыйынтыгын шайлоочулар кабыл алышы кыйыныраак болуп калат. Ошого карабай президент өзүнө лоялдуу парламент, өкмөт түзүлүшүнө кызыкчылыгы бар».

Башында парламенттик шайлоого катышарын 44 партия билдирген. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. Партиялар 20-августтан кечиктирбей жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин жарыялоого тийиш болчу. БШКнын маалыматы боюнча, ушу тапта шайлоого катышуу үчүн тизме тапшырган партиялар 20дан ашты. 24-августка кечке чейин талапкерлердин тизмеси БШКга тапшырылып, 4-сентябрда үгүт башталат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​