БШКнын даярдыгы, мигранттардын мүдөөсү

Шайлоо. 2017-жылы тартылган сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, парламенттик шайлоодо 3 млн. 429 миң адам добуш бергени турат. Шайлоочулар 2015-жылдагы шайлоого салыштырмалуу 667 746 адамга көбөйгөн.

www.tizme.gov.kg сайтына шайлоочулардын баштапкы тизмеси 16-июлда жарыяланды. 26-июлдан 20-сентябрга чейинки убакта ар бир шайлоочу өзүн тизмеден тактап, добуш берүүчү ордун алмаштырууга да укуктуу.

Катталган жеринен эмес, өзүнө ыңгайлуу шайлоо тилкесинен добуш бергиси келген адам №2 форма документин өзү келип тапшырышы керек болот. Мурда №2 формасын бирөө үчүн башка эле адам толтуруп койгонго уруксат бар болчу. Болгону шайлоочунун паспортунун көчүрмөсүн көрсөтүү зарыл эле.

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев өзүн тизмеден текшерүүнүн жолдорун айтып берди:

Кайрат Осмоналиев.

«Добуш берүүчүлөрдүн тизмеси мурдагыдай эле шайлоо участокторуна илинген. Тизмелер боюнча www.tizme.gov.kg сайтынан да кабар алса болот. Мындан тышкары 119 номуруна чалып же болбосо идентификациялык номерин СМС аркылуу жиберүү менен өзүн тизмеден тактап алганга мүмкүнчүлүк бар. Жакында эле Мамлекеттик каттоо кызматы «МККнын көрсөтүүчү кызматтары» мобилдик тиркемесинде жаңы функцияны ишке киргизди. Тиркеменин «УШКнын дарегин текшерүү» бөлүгүнө кирип, шайлоо участогун аныктап алса болот».

Парламенттик шайлоо өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 446 млн. сом бөлүнгөн. Коронавирус пандемиясына байланыштуу үгүт иштери да түп-тамыры менен өзгөрдү. Мурдагыдай стадиондордо концерттерди, театрлаштырылган оюн-зоокторду, спорттук мелдештерди өткөрүүгө тыюу салынды. 224 жалпыга маалымдоо каражаты (ЖМК) БШКдан аккредитациядан өткөн. Алар партиялардын программасын, талапкерлердин үнүн шайлоочуларга жеткирүүгө аракет кылат.

Дагы караңыз Алдыдагы парламенттик шайлоо айырмалуу болоор бекен?

Юрист Эрик Ирискулбеков БШК пандемия шартында шайлоо өткөрүүгө даяр эмес деген ойдо.

«Бир жумадан бери саясий партиялар жыйын өткөрүп жатышат, - деди ал. - Андай жыйындарга ондогон делегаттар, партия мүчөлөрү келгенине күбө болдук. БШК тараптан жыйын өткөрүүнүн жолун түшүндүргөн алгоритм болгон жок. Бир күн мурун сайтына сунуштама илип коюшту. Жакында үгүт иштери да башталат. БШК саясий партияларга, талапкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзө элек. Ар ким өз каалаганын кылып жатат. Добуш берүүчү күнү шайлоо тилкелеринде эл абдан көп болот. Анда кандай кылабыз? Шайлоодон кийин коронавирус менен ооругандар көбөйүп кете турган болсо, анда БШК жооптуу болот».

Парламенттик шайлоо өтө турган 4-октябрда өлкө боюнча 2 420, башка мамлекеттерде 44 шайлоо тилкеси ачыла турган болду. Италиядагы жана Франциядагы кыргызстандыктар үчүн алгачкы жолу добуш берүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Чет жакта ачылган шайлоо тилкелеринин көпчүлүгү Орусияга туш келет. БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов мындай деди:

«Азыркы убакта 14 миңге жакын шайлоочу тизмеде турат. Тизме дагы толукталышы мүмкүн. 2017-жылдагы президенттик шайлоо убагында чет жактагы шайлоо тилкелерине 18 500 мекендешибиз катталган. Добуш берүүгө 5 100 шайлоочу катышкан».

Расмий маалымат боюнча чет жерде иштеген мигранттардын саны 717 миң адам. Ал эми иш жүзүндө бөтөн жерде жүргөн кыргызстандыктар 1 миллиондон ашык экени айтылып жүрөт. Жыл сайын мигранттардын көпчүлүгү ар кандай себептерден улам шайлоого катыша албай калат. Буга чейин Орусиядагы мекендештер кыргыз бийлигине Интернет аркылуу добуш берүүнү сунуш кылышкан.

Алардын бири Кудрет Тайчабаров онлайн добуш берүү техникалык жактан мүмкүн экендигин, бирок мыйзам боюнча тоскоолдук турганын айтууда:

Кудрет Тайчабаров.

«Онлайн түрүндө добуш берүүгө мүмкүн болсо мигранттар Жогорку Кеңешке келе турган депутаттардын сапатын оңдомокпуз. Себеби, Кыргызстандагы жумушсуз жүргөндөр добушун сатып олигархтарды, мамлекеттик кызматта иштегендер жумушун жоготуп алуудан коркуп, бийликтин партиясын шайлап жатышат. Ушул себептен улам күчтүү партиялардын келишине шарт түзүлбөй жатат. Ал эми мигранттар күнүнө эки-үч миң сомдон тапкандыктан эч качан добушун сатмак эмес. Бул көрүнүш бийликке ыңгайсыз болгондуктан мигранттардын добуш беришин каалабай келатышат. Биздин сунушту такыр эле колдобой коюшту».

4-октябрь жакындаган сайын президент Сооронбай Жээнбековго Конституциянын гаранты катары шайлоону таза өткөрүү жөнүндө талап коюла баштады. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Ата Мекен» партиясынын курултайында Кыргызстандагы эки революция адилетсиз шайлоодон кийин болгонуна басым жасаган:

«Президент Сооронбай Жээнбековдун алдында тарыхый сынак турат. Эртеңки шайлоону кандай өткөрөт? Ал киши үчүн чоң жоопкерчилик. Эгерде көрмөксөнгө салып койсо, фактыларды сурай берсе, анда ал өз бийлигин жоготуп алат».

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 30-июнда Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинен кийинки билдирүүсүндө шайлоо темасына өзүнчө токтолуп, шайлоо адилеттигин камсыз кыла турганын айткан.

Дагы караңыз Жээнбеков шайлоону таза өткөрүүгө убада берди

Кара-Балта шаарынын тургуну Мирбек Суранчиев өзү жашаган аймакта үгүт иштери эрте башталганын, добуш сатып алуу аракеттери байкалып жатканын билдирди. Ал парламенттик шайлоонун таза өтөрүнө ишене албай турганын да жашырган жок:

«Биз таза шайлоо болушун талап кылып жатабыз. Бирок эл ойлогондой болоруна ишене албай турам. Кээ бир партиялар элди эмитен эле сатып ала баштады. Кыргызстандыктар пандемия убагында көп нерсени түшүндү деп ойлогом. Андай эмес экенине азыр көзүм жетип отурат. Бирок добушумду коргоо максатында шайлоого барам, башка жарандарды да үндөйм. Татыктуу адамдардын Жогорку Кеңешке келишин каалайм. Эски саясатчылардан тажадык, мурдагы депутаттарды көргүбүз жок».

Партиялар 20-августтан кечиктирбей жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин жарыялоого тийиш. 24-август кечке чейин талапкерлердин тизмесине байланыштуу тийиштүү документтер БШКга тапшырылып, 4-сентябрга чейин тактоо иштери аякташы керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​