Кыргызстанда парламенттик шайлоонун активдүү фазасы жакындап келе жатат. 20-августка чейин партиялар жыйындарын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырышы керек. Ошого чейин саясий жарышка катышчу партиялар ортосундагы биригүү боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгып, позициялар аныкталышы зарыл.
Быйылкы парламенттик шайлоо коронавирус пандемиясына, анын ичинде бийликке карата сын күчөгөн учурга туш келип отурат. Андыктан бир катар адистердин баамында, өкмөттүн ишинин сапаты, реформалардын жоктугу, экономикалык абалдын начарлашы өлкөдөгү нааразы маанайдагы адамдарды көбөйтүшү мүмкүн.
Бирок дал ушул нааразылык маанайды мобилизациялаган оппозициячыл күчтөрдүн дарамети кандай жана шайлоодо бийликке татыктуу атаандаштык көрсөтө алабы деген суроо турат.
Дагы караңыз Топ жарган күлүгү жок шайлооБүгүнкү күндө оппозициячыл күчтөр кимдер?
Азыркы саясий кырдаалды эске алганда, байкоочулар «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Республика» партияларын, Садыр Жапаровдун жактоочулары түзгөн «Мекенчил» партиясын, жалаң жаңы адамдардан куралганын жарыялаган «Реформа» партиясын бийликтен айырмаланган позициясы бар күч катары карашат.
Мындан тышкары шайлоого катышарын жарыялаган «Чоң Казат» партиясы да оппозициячыл экенин билдирген. Өзүн оппозициячыл күч катары жарыялагандар арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери да бар. Алар шайлоого «Социал-демократтар» деген жаңы партия менен барган жатышат.
Буга чейин оппозициячыл күчтөр бирдиктүү кеңири коалиция менен шайлоого катышса болору, бул боюнча кеңешүү болуп жатканы айтылган. Атүгүл июнь айынын башында бир нече саясий уюм «Ата Мекен - Жаңы дем» деген альянска бириккенин жана бийликке оппозиция болорун жарыялаган.
Бирок бул альянска кошулган «Ак шумкар» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев өткөн аптада андан чыкканы белгилүү болду. Сариев азырынча эмне себептен бирикмеден чыкканын расмий түрдө түшүндүрө элек.
Калган оппозициячыл күчтөрдүн биригүү аракетинен майнап чыкканы азырынча байкала элек.
Азыркы бийликке элдешкис оппозицияда деп эсептелген «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун айтымында, башынан бери эле бул саясий уюм өз шарттарын коюп, аны кабыл алгандар менен сүйлөшүү жүргүзүп келди.
«Мен башка партиялардын даражасына же дареметине шек келтирбей туруп айта алам - акыркы он жылдан бери жападан-жалгыз оппозиция катары күрөшүп келе жаткан партия - «Бүтүн Кыргызстан». Башкаруу системасыбы же 2010-жылдагы окуялар болобу, ошондон бери өз позициясыбызды кылдай кыйшайтпай келе жатабыз. Биз башка партиялардай болуп шайлоо алдында оппозицияга өтө коюп, бүткөндөн кийин коалицияга кирбейбиз. Биздин баалууктарды тең бөлүшкөн азаматтар менен сүйлөштүк, дал келгени менен кол кармаштык. Бул бир организм. Мындан ары бийликке каршы турчу күчтөрдүн бүтүндүгү, биримдиги ушул процесс менен башталат», - деди ал.
Адахан Мадумаров өзү жетектеген партиянын катарына шайлоого Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Субаналиев, саясатчылар Ишенбай Кадырбеков, Исхак Масалиев, Турсунбай Бакир уулу киргенин ачыкка чыгарды.
Учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодогу башкы атаандашы болгон Өмүрбек Бабанов түзгөн «Республика» партиясы да өзүн альтернативдүү күч деп эсептейт.
Саясаттан кеткенин жарыялаган Бабанов бул шайлоого катышпайт. Бирок анын үзөңгүлөштөрү парламенттик шайлоого катышууга даярдык көрүп жатканын айтып жатышат. Бул партияга акыркы эки жылда Ош облусун башкарган Узарбек Жылкыбаев кошулганы белгилүү болду.
Түрмөдөгү саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери түзгөн «Мекенчил» партиясы да шайлоого өз алдынча барууну чечкен. Бул партияны баштап бара жаткан саясатчы Камчыбек Ташиев башка күчтөр менен биригүү планы да жок экенин билдирди:
«Биздин биригели деген оюбуз деле жок болгон. Өзүбүз эле парламентке биринчи-экинчи орунду ээлеп өтүп келебиз деп пландап жатабыз».
Ал эми шайлоочулар эски башкаруучулардан тажап, жаңы адамдарды талап кылып жатканын айткан «Реформа» партиясынын мүчөсү Чолпон Абдрахманова алар кеңири коалиция боюнча атайылап эле сүйлөшүү жүргүзбөгөнүн айтты:
«Эмне себептен биз башка күчтөр менен бириккибиз келбейт? Биринчиден, алар өздөрүн оппозиция деп атаганы менен катарында эски саясатчылар бар. Алар өз кезегинде бийликте болуп, эч кандай жыйынтык көрсөтө алган эмес. Алар өз беделин түшүрүп, эл арасында колдоодон ажыраган. Эски саясатчылар бар партиялар келсе жаңылануу болот деген ишеним жок. Андан сырткары булардын каржылоо булактары кайсы тараптан экени да түшүнүксүз. Буга кошумча, бул күчтөр мамлекеттеги коррупциялык схемалар, бийлик отурган уруулар жөнүндө принципиалдуу позициясын билдире албайт».
Оомат оппозициядабы?
Өлкөдөгү саясатта көп жылдан бери иш жүргүзүп келаткан «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев оппозициячыл күчтөрдүн өз алдынча шайлоого катышуусун терс көрүнүш деп деле эсептебейт. Ал жакында жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгына таянып, бир нече оппозициячыл күчтөрдүн парламентке келүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин божомолдоду:
«Жакынкы эки айда бир нече социологиялык сурамжылоо Кыргызстанда жүрдү. Ага саясий партиялар буюртма беришкен. Биз ал иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен тааныштык. Ага ылайык, алдыңкы беш орунда оппозициячыл маанайда болгон «Мекенчил», «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Республика» жана «Социал-демократтар» партиялары экен. Бул партияларга берилчү добуштарды кошсо, жалпы шайлоочулардын 60% ашыгына туура келиши мүмкүн. 2015-жылы кандай эле? Ал учурда бийликчил партиялар деген коалицияга кирген «Республика», КСДП жана «Ата Мекен» партиялары алдыңкы орунда болчу. «Алар жалпы электораттын 50% добушуна ээ болот» деп сурамжылоо көрсөткөн. Быйыл болсо «бийликчил партиялардын рейтинги 10% жетпей, оппозициячыл партиялардыкы 60% ашык болушу мүмкүн» деп атышат. Мен муну айтып атып, кырдаал ушундай экени бийликке да жетсе дейм. Алар ур-токмокко албасын, сатып албасын деп айтып атам».
Бирок иш жүзүндө Текебаев айткандай оппозиция үчүн ылайыктуу абал турат дегенге ишенбегендер четтен табылат. Тескерисинче, оппозициянын чачыранды болуп шайлоого катышканы добуштарды бөлүп, бийликчил күчтөр үчүн ыңгайлуу болорун айткандар бар.
Акыркы убакта социалдык түйүндөрдө да, адистер арасында да «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары бийлик тарабында экени айтылып келген. Буга чейин өз талдоосуна таянып, шайлоодо бул партиялардын алдыңкы орун алууга мүмкүнчүлүгү жогору экенин айткан саясий пиар боюнча адис Азим Азимов оппозиция жарандар арасындагы нааразылык маанайды өз тарабына колдонушу керек экенин белгиледи:
«Чынында оппозициячыл саясий күчтөр чачыранды, өз алдынча иштеп жатышат. Албетте, көрүнүктүү лидерлер бириксе, алардын парламентке өтүү шансы жогорулайт. Жакында Темир Сариевдин «Ата Мекенден» чыгып кетиши биздеги оппозициячыл саясатчылардын тил табышуусу оор жана татаал процесс экенин көрсөттү. Бул өз кезегинде оппозициячыл күчтөрдүн парламентке өтүү шансын төмөндөтөт. Бирок бул президенттик шайлоо эмес. Бир нече партия өтөт. Анын ичинде сөзсүз бир оппозициячыл күч болот деп ойлойм».
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Учурда 44 саясий партия шайлоого катышкысы келерин билдирип, БШКга кайрылды. Булардын ичинен канча партия саясий жарыштын аягына чейин жетери белгисиз.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.