COVID - 19: өкмөт экономиканы кантип жандантат?

Бишкек.

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосун иштеп чыкты.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 29-апрелдеги брифингде 1-майдан тарта ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берилген ишканалар тууралуу маалымат берди. Анын айтуусунда, биринчи этапта өзгөчө абал шартында өндүрүш, соода, курулуш соодасы, тейлөө тармактары ишке кирип жатат. Асрандиев бул ишканаларды өткөрмө кагаз менен камсыздоо маселесине токтолду:

“Кайрылуулар аябай көп болот, 10-20 миң болушу мүмкүн. Ошондуктан кайрылуу менен иштеген операторлордун ишин жеңилдетүү максатында кошумча адистерди кошуп жатабыз. Өткөрмө кагаз алуу үчүн кайрылууларды комендатурадагы он оператор тейлеп келсе, аларга башка мамлекеттик кызматтардан кошумча адистер көмөктөшөт. Алар дем алышсыз, майрам күндөрүнө карабай, иштешет”, - деди Эркин Асрандиев.

Асрандиевдин маалыматына караганда, комендатурага тийиштүү тармактар, бизнес ассоциациялар ишканалардын тизмесин бериши керек. Өткөрмө кагаз ошол тизме аркылуу жана жеке кайрылуу аркылуу берилет. Кайрылуулар электрондук түрдө жасалат.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кошумчалагандай, жыл башынан берки төрт ай аралыгында бажы жана салык тармагынан мамлекеттик бюджетке 10 млрд. сом түшкөн жок. Анын айтымында, чек аралар жабылганына байланыштуу экспорт менен импорт кескин азайды, бул салык менен бажы төлөмдөрүнүн төмөндөөсүнө себеп болду.

«Кирешеден тышкары чыгаша бар. Бюджеттик кызматкерлердин айлык акысы, пенсия жана жөлөк пул үчүн ай сайын 7 млрд. сом чыгаша болот. Биз январь айынан бери жалаң үнөмдөө менен келе жатабыз. Бюджеттен жолдорду оңдоого, айыл чарба иштерин жүргүзүүгө, ирригацияга, таза суу менен камсыздоого бөлүнгөн акчадан тышкары бардык чыгашалар кыскарат», - деди Асрандиев.

Вице-премьер-министрдин айтуусунда эл аралык каржы уюмдарынан азырынча Эл аралык Валюта Фондунан 120,8 млн. доллар келип түшкөн.

Мындан тышкары эл аралык уюмдардан жалпы 700 миң долларлык дары-дармек, коргонуучу каражаттар алынган.

Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан жалпы 456 млн. доллар күтүп жатканы мурдараак кабарланган.

Пандемияга байланыштуу ички дүң өнүм азайып, быйылкы жылы бюджетке 28 миллиард сом түшпөй калышы буга чейин болжолдонгон. Бирок көз карандысыз эксперттер чыгым андан бир топ эсе жогору экенин айтышууда.

Биринчи уруксат бериле турган тармактар

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык штабдын 28-апрелдеги жыйынындагы айтканына караганда, өзгөчө абал режиминде 1-майдан тарта ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнүн ишине уруксат берилет:

1. Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү: энергетикалык өнөр жай, химиялык жана нефтегаз өнөр жайы, машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жай, тоо кен, түстүү жана кара металлургия, текстилдик жана булгары-бут кийим өнөр жайы, эмерек жасоо, курулуш материалдарды өндүрүү жана башка өнөр жай өндүрүш түрлөрү.

2. Курулуш чөйрөсү: курулуш объектилери, сугат, таза суу жабдуулары, ошондой эле каналдар, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо жана кызмат көрсөтүүлөр.

3. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү: техникалык тейлөө жана оңдоо, май алмаштыруу жана сырдоо, дөңгөлөктөрдү желимдөө, жууп-тазалоо жана химиялык тазалоо.

4. Жеке жана мамлекеттик нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү.

5. Соода чөйрөсү: интернет дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызмат, курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо, кездемелерди жана фурнитураларды дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо, автотетиктер, велотетиктерди сатуу, май жана автосырдоо дүкөндөрү.

6. Чач тарачтар жана салондордун (алдын ала жазылуу боюнча өзгөчө чач кыркуу, чач боёо жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүүлөрү.

7. Такси кызматы (экиден ашык адам салбаш керек).

Мухаммедкалый Абылгазиев 11-майдан кийин эл көп топтолгон тармактардын иштөөсүнө уруксат берилерин айтты.

11-майдан тарта экономикалык ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет: микрофинансылык уюмдар, камсыздандыруу компаниялары, кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер, туристтик агенттиктер.

2. Калкты тейлөө кызматтары: сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер, тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоо, химтазалоо жана клининг.

3. Соода чөйрөсү: курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлар, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары, тигүү жана булгары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары жана автосалондор, авторыноктордон сырткары.

4. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү: коомдук транспорт, автобустарда жана троллейбустарда жүргүнчүлөрдү ташуу, кичи автобустардан сырткары.

«Коомдук автоунааларды ишке киргизүү бир аз опурталдуу, бирок пандемия деңгээли төмөндөсө, анда автобустарга жана троллейбустарга уруксат берилет. Кичи автобустар азырынча коопсуз эмес», - деди премьер-министр.

21-майдан баштап өзгөчө абал режиминде төмөнкү экономикалык ишмердүүлүк түрлөрүнө уруксат берилет:

1. Калкты тейлөө борборлору (КТБлар), финансы жана башка кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү, акча алмаштыруу жайлары, ломбарддар.

2. Калкты тиричилик жактан тейлөө борлорлору: бут кийим оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо, соода-сатык чөйрөсү, соода борборлору, кийим-кече сатуучу базарлар жана дүкөндөр, автомобиль базарлары, коштоочу кызматтар. Ошондой эле менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү, менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

Өкмөт эпидемиологиялык абалга жараша экономикалык ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрүнө өзгөртүүлөр кириши мүмкүн экенин эскертти.

Абылгазиев санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо керектигин эреже бузган ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери жоопкерчиликти алышарын белгиледи.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан тартып оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларына, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондоруна өзгөчө абал жарыяланган. 15-апрелден тартып алардын катарына Нарын шаары менен Ат-Башы району кошулган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 28-апрелдеги жардыгы менен Нарын шаары, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунан өзгөчө абал алынды. Ал эми Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал 10-майга чейин узартылды.

29-апрелге карата Кыргызстанда СOVID-19 вирусуна 729 адам чалдыккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​