Жергиликтүү медиа каражаттарындагы «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналган президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев парламент депутаты Төрөбай Зулпукаровго каршы көрсөтмө берүүдө» деп жазылган кабарларга эл өкүлү жооп берди.
Зулпукаров «маалымат жалган болушу мүмкүн» деп «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
««Курманбек Дыйканбаев Төрөбай Зулпукаровго карата каршы көрсөтмө берди» деген маалымат жалган болушу мүмкүн. Анткени, эч кандай негиз жок. Дыйканбаев 7 миллион сом алганы тууралуу маалыматты массалык маалымат каражаттарынан жана соцтармактардан окуп билдим», - деп жазды эл өкүлү.
Зулпукаровдун өзү менен байланышууга аракет кылдык. Бирок ал «Фейсбуктагы» жеке кат куржунуна жазган кайрылуубузду окуганы менен жооп берген жок.
Төрөбай Зулпукаров Сооронбай Жээнбековдун тушунда анын бийлигин жактаган депутаттардын бири болгон. 4-октябрдагы шайлоодо бийликтин «Биримдик» партиясы менен үчүнчү талапкер катары барган.
Курманбек Дыйканбаев кызматын убактылуу токтотуп, тизмеде 58-катарда шайлоого катышкан. Сооронбай Жээнбековдун иниси, эл өкүлү Асылбек Жээнбеков да дал ушул партия менен депутаттыкка ат салышкан.
Учурда «Биримдик» партиясын негиздегендер алардын дарегине айтылган дооматтарга жооп бере элек.
Партиянын тизмесинде экинчи талапкер болуп шайлоого барган мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров мындай деди:
«Мен алдыңкы катарда болгонум менен каржылык маселелерге аралашкан эмесмин. Маалыматым жок, комментарий бере албайм. «Дастан» заводунун жетекчиси тизме менен өзү барган. Анын кантип бирөөгө акча бергенин билбейм. Мен так эч нерсе айта албайм, каржы маселесине кийлигишкен эмесмин».
Буга чейин «Вечерний Бишкек» басылмасы өз булагына таянып, камакта жаткан президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев тергөөдө Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровго каршы көрсөтмө бергенин жазган.
Ал эми «Media Center» басылмасы Дыйканбаев шайлоодо «Дастан» мамлекеттик ишканасынан мыйзамсыз акча өндүргөнүн өз булагына таянып жазды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылганыбызда жогорудагы кабарларды ырастаган да, төгүндөгөн да жок. Мекеменин басма сөз кызматы тергөө жүрүп жатканын жүйө кылып, азырынча маалымат берилбей турганын билдирди.
Дагы караңыз
Дыйканбаевди камакка жетелеген шайлоодогу ишАтайын кызматтын мурдараак тараткан расмий маалыматына ылайык, Дыйканбаев стратегиялык мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин «жумуштан алам» деп коркутуп, 7 млн. сомдон ашуун акча өндүрүп, партиялардын биринин үгүт иштерине пайдаланган. УКМК бул фактыга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатканын маалымдаган.
Кыргызстанда стратегиялык маанидеги кирешелүү саналуу гана мамлекеттик ишканалар бар. Алар «Мегаком», «Манас» аэропорту жана «Дастан» заводу.
Октябрдагы шайлоодо «Мегаком» ишканасынын жетекчиси Акылбек Жамангулов «Биримдик» партиясын жетектеп барса, «Дастан» заводунун жетекчиси Талантбек Иманов тизмеде тогузунчу болгон. Аталган эки жетекчи менен байланыша алган жокпуз.
Дагы караңыз
Шайлоого кеткен миллиондор, акча доолаган талапкерлерСаясатка сереп салган журналист Айданбек Акмат уулу Кыргызстандын шайлоолорунда бийлик партиясына каражат топтоо буга чейин эле болуп келгенин айтууда. Андыктан журналист эл арасындагы каңшаар кептер жөн жеринен чыкпайт деп божомолдойт.
«Дыйканбаев ошол кезде оңой эмес кызматта отурган. Жээнбековдун жакын адамдарынан болгон. Айтылгандар чын болушу мүмкүн. Ошол кезде «Биримдиктин» координаторлорунун негизгиси Асылбек Жээнбеков болсо, ал өзүнүн аракетин Төрөбай Зулпукаров аркылуу аткарышы мүмкүн. Бирок Дыйканбаевдин өзүнө дагы бир аймак бөлүнүп, ошол жакта жооптуу болушу мүмкүн», - деди Айданбек Акмат уулу.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстандын саясатында жаңы бийлик келгенде мурдагысына кылмыш ишин козгогон тажрыйбаны белгилеп, Дыйканбаевдин иши ачык-айкын, так далилдер менен тергелиши керек деген пикирде. Ал камакка алынган Дыйканбаев саясий оюндардын курмандыгы болуп калбашы керек экенин белгиледи:
«Мурунку бийлик жаман, кийинкиси жакшы» деген түшүнүктү токтотуш керек. Баары мыйзам чегинде тергелиши шарт. Мен Дыйканбаевди билген киши катары анын мамлекеттик иштерге кошкон салымы да эске алынышы керек деп эсептейм».
Дыйканбаев шайлоодо өзү туулган Ысык-Көл облусунун Түп районунда үгүт иштерин жүргүзгөн.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев келерки жылдын 24-январына чейин камакта болот. Ал УКМКнын тергөө абагында отурат. Жакындары же жактоочулары Дыйканбаевдин кармалышына байланыштуу пикирин билдире элек.
Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалганын атайын кызмат 24-ноябрда кабарлаган. УКМК Дыйканбаев кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз алган каражатты шайлоо өнөктүгүндө көп добуш алууга колдонгонун, ага карата териштирүү Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен жүрүп жатканын билдирген.
УКМК Дыйканбаев 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоо учурунда саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып коркутуп, 7 миллион сомдон ашык каражат талап кылган деп шек саноодо.
4-октябрдагы шайлоодо бийликчил деп саналган «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларды көп добуш алган. Бул үч партия тең элдин добушун сатып алуу, басым-кысымга алып мамлекеттик кызматкерлерди добуш бердиртүү, дагы башка административдик ресурстарды колдонууга барганы тууралуу интернетте далай видео, аудиоматериалдар жарыяланып, шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапташтарынын митинги өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келди. Азырынча 4-октябрдагы шайлоонун ушундай окуялар менен аякташына жооптуу адамдардан жалгыз Дыйканбаев камакка алынып сурак берип жатат. Калган окуялар боюнча иликтөө кандай жүрүп жатканы коомчулукка беймаалым. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Элдик толкундоого чейин жеткирген адилетсиз шайлоо кийинки жетекчилерге сабак болобу деген суроону азыр бир катар саясатчылар күн алыс өткөн маалымат жыйындарында көтөрүп жаткан кез.