Алгачкы беш партиянын таймашында коронавируска каршы күрөш, президенттин иниси Асылбек Жээнбеков, кудасы Алиярбек Абжалиев тууралуу суроолор көтөрүлдү. Байкоочулар аял саясатчылардын таймашы оор басырыктуу өткөнүн айтышса, кээ бирлери айымдардын дебаты өзүнчө өткөнүн сынга алышууда.
Башкы темага айланган коронавирус
Теледебаттардын экинчи айлампасынын 21-сентябрда өткөн биринчи таймашына беш партиянын өкүлдөрү катышты.
Тагыраагы «Мекен Ынтымагы» партиясынан Венера Осмонбетова, «Кыргызстан» партиясынан Асел Атабекова, «Социал-демократтар» партиясынан Айчүрөк Камаева, «Биримдик» партиясынан Аида Касымалиева жана «Республика» партиясынан Алтынай Өмүрбекова чыкты.
Талапкерлерге алгач «Пандемиядан кийин көйгөйү ачык көрүнгөн медицина тармагын кантип оңдосо болот?» деген суроо узатылды. Партия өкүлдөрүнүн дээрлик баары бул тармактагы кыйынчылыктарды эсептеп, аны чечүүнүн жолдорун сунуш кылышты.
«Социал-демократтардын» талапкери Айчүрөк Камаева коронавирустун кесепети үчүн азыркы бийликти сынга алды:
«Пандемия мезгилинде жалаң эле саламаттык сактоо тармагынын алсыздыгы көрүнбөстөн, жалпы кыргыз бийлигинин шалаакылыгын жана жоопкерчиликсиз мамилесин көрө алдык. Мына ушундай алсыз бийликтин айынан миңден ашык жараныбыз жаны менен кош айтышты. Элибиз ар бир оорукананын алдында жан соогалап, өз көйгөйүн өздөрү чечип жатты. Биздин партия парламентке келсе медицина тармагына тиешелүү мыйзамдарды кайра карап чыгабыз, конкреттүү өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Медициналык кызматкерлердин айлыгын көтөрүү, социалдык жактан көңүл буруу боюнча иш алып барабыз».
Коронавирус темасы суроо-жооп айлампасында да көтөрүлдү. «Мекен Ынтымагы» партиясынын талапкери Венера Осмонбетова пандемия башталган учурда «Республика» партиясынын мүчөсү Алтынай Өмүрбекова вице-премьер-болуп турганын эстеп, ага: «Чабал даярдык үчүн жоопкерчилик аласызбы?» деп собол узатты.
Өмүрбекова андагы кетирилген катачылыктарды келерки парламент жана көз каранды эмес комиссия иликтеши керек экенин билдирди:
«Туура, февраль-март айларында, мен өкмөттө иштеп жаткан маалда ошол пандемия менен күрөшүүнү баштаганбыз. Ошол убакта биздин алдыбызда коронавирусту мамлекетке киргизбөө милдети турган жана биздин аракетибиздин натыйжасында оору марттын экинчи бөлүгүндө гана келди. Эгер биз жетиштүү иш-аракет кылбаганыбызда коронавирус январь-февраль айларында эле келмек. Башкача айтканда биз даярдыкка эки айды уттук. Тилекке каршы, апрель айында мен жумуштан кетип калгандан кийин апрель, май, июнь - үч ай убакыт бар болчу. Анын ичинде жарандарыбыз карантинде болду, ушул убакыт даярдык үчүн өтө маанилүү болчу. Соңунда 1600 адам каза болуп калды. Бул боюнча өз убагында чоң иликтөө болот. Пандемия учурунда кимдин эмне жасаганы аныкталат, ачык-айкын болот. Ким, кайсы деңгээлде эмнеге жооптуу болгонун убакыт да, тарых да көрсөтөт. Жаңы парламент келгенден кийин эң биринчи көтөрүлө турган маселе ушул болушу керек. Ошол жерде иликтөө жүргүзүп, эл аралык эксперттерди да чакырып, «Эмне себептен ушунча көп өлүм болду?», «Ким, кайсы убакта ката кетирди?» деген суроолорго жооп алыш керек. Ошондуктан эч ким жоопкерчиликтен качпайт».
Алтынай Өмүрбековага «Пандемиянын курмандыктарына байланыштуу моралдык жоопкерчиликти сезесизби?» деген суроону башка бир талапкер - «Биримдик» партиясынын өкүлү Аида Касымалиева да койду. Ага да Өмүрбекова жогорудагыдай мааниде жооп кайтарды.
Дебаттын экинчи бөлүгүндө талапкерлер шайлоочулардын видео аркылуу жиберген суроолоруна жооп беришти.
Атамбаев, Жээнбеков, Абжалиев…
Башка дебаттар сыяктуу эле айым талапкерлердин таймашында да өз ара суроо-жооп бөлүгү кызуу уланды. Мында маселен Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мураскери катары «Социал-демократтар» партиясына мурдагы бийликтин саясаты жөнүндө суроолор көп берилип жатты.
Бул партиянын өкүлү Айчүрөк Камаева «мурда ката кетиришкенин» моюнга алып, «саткын депутаттардын айынан чачырап калышканын» маалымдады. Түз айтпаса да, ал жаңылыштык катары азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун бийликке келип калганын ишарат кылды:
«Биз эмнеге жогорку дымак менен күрөшкө чыктык? Буга өлкөдө болуп жаткан мыйзамсыз иш-аракеттер, көмүскө коррупциялык аракеттердин күчөшү, бийликтин шалаакылык мамилеси, кландык башкаруунун акырындап тамырлап, орноп келаткандыгы түрткү болду. Мурдагы президентибиз Алмазбек Атамбаев да камакта отурат. Мындай чечим менен биз дүйнө элине уят болуп отурабыз. Ошондуктан биздин негизги максат - өлкөбүзгө мыйзамдуулукту алып келүү».
«Социал-демократтардын» өкүлү андан ары бийликчил деп аталып жаткан «Биримдик» партиясына суроо берип, анын тизмесинде президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун катышып жатканын сынга алды. Ал ошондой эле бул талкууда жок «Мекеним Кыргызстан» партиясынын катарында президенттин кудасы Алиярбек Абжалиевдин баратканы да ушуга кошумча экенин маалымдап, муну «бийликтин кландык башкаруусу» деп атады.
«Биримдиктин» талапкери Аида Касымалиева депутат Жээнбековдун кайра шайлоого баратканы анын укугу экенин белгилеп, мында өөн нерсе жок экенин айтты:
«Партиянын тизмесинде 27-катарда турган Асылбек Шарипович Жээнбеков тууралуу айтсак, ал эки жолу депутат болуп, төрага болуп отурганда агасы, азыркы президент Сооронбай Шарипович, губернатор болчу. Бул жерде эч кандай кландык байланыш жок. Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон, кесипкөйлүгү үчүн Асылбек Шариповичти ар кайсы партия чакырганын өзүңүздөр билесиздер. Биздин катарда кетип жатканын биз кубануу менен кабыл алдык».
Ушул эле суроо «Республика» партиясына берилгенде, анын талапкери, экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова президенттин инисинин бир партия менен баратканын калыстыктын жоктугу катары баалады:
«Биздин партиянын бул боюнча позициясы ачык-айкын. Бардык жолугушууларда «үй-бүлөлүк башкаруу, «серый, черный» кардиналдарга жол бербеш керек» деп айтып жатабыз. Кыргыз саясатында дайыма ошондой адамдар болгон. Бирок аягы эмне менен бүтүп жатканы тарыхта белгилүү. Экинчиден, акыйкат үчүн айтып коёюн, мен өкмөттө иштеп жүргөндө Асылбек Жээнбековдон эч кандай буюртмалар барган жок. «Президенттин иниси, кудасы да парламентке баратат» дегенде, кээ бир катышуучулар муну «адамдын укугу» деп айтып жатышат. Албетте, бул да туура, бирок бул жерде этика маселеси да бар. Мисалы үчүн, мен президент болсом, өзүмдүн туугандарыма жогорку кызматтар үчүн жарышка чыгууга тыюу салмакмын».
«Кыргызстан» партиясы «Республикага» «ипотекалык программа үчүн 6% үстөк тууралуу» суроо коюп, логикага сыйбаган жана реалдуу эмес убаданы кантип аткарарына кызыкты. «Республикачы» Алтынай Өмүрбекова муну ипотека алууда башкы салымды жоюу менен ишке ашырса болорун айтты.
Алтынай Өмүрбекова болсо «Биримдиктин» талапкери Аида Касымалиевага: «Сиздер административдик ресурс колдонуп жататасыздарбы?» деп суроо узатты. Касымалиева буга «жок» деп жооп берип, «тескерисинче башка партиялар бийликтин ресурсун колдонуп жатат» деди.
«Суроо-жооп» бөлүгүндө мындан сырткары аялдардын жана балдардын зордук-зомбулукка кабылышы, салык жана башка темалар боюнча талкуу болду.
«Айымдардын дебаты – дискриминация»
Дебатты алып баруучулардын «Аялдардын ишкерлигин колдоо боюнча так кандай кадамдарды сунуш кыласыздар?» деген суроосуна «Кыргызстан» партиясынын өкүлү жеңилдетилген насыяларды бериш керек экенин айтса, «Кыргызстан» партиясынын өкүлү салык жагынан колдоо зарыл болорун билдирди.
«Социал-демократтардын» мүчөсү «ишкер айымдарга мамлекеттик мекемелердин басымы менен кысымын азайтуу кажет» десе, «Биримдик» партиясынын өкүлү бизнес менен алектенген аялдарга социалдык шарт түзүүңүн маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылды. «Республика» партиясынын талапкери ишкер аялдар маалыматтан жана каржыдан кыйналарын айтып, «мамлекет аларга ушул өңүттө жардам бериши керек» деди.
Дебаттын жүрүшүнө көз салган журналист Сыргак Бактыяров айымдардын таймашы жөнүндө мындай көз карашын айтты:
«Айым талапкерлердин дебаты жаш талапкерлердин дебатына салыштырмалуу оор басырыктуу өттү десем болот. Бирок ичинде айрымдары адамдын жеке сапаттарына асылып кеткендери одоно көрүндү. Алар партия менен баратканы үчүн партиянын принциптерин, позицияларын эмес, өз иштерин тааныштырып туруп алышты. Элден келген суроолордо айыл чарбасына, социалдык темаларга басым жасалыптыр. Буга талапкерлердин жооптору мурдагы берген эле убадаларын кайталаганы көрүндү. Алгылыктуу, жаңы нерселер айтылбады, ошол эле программалар экени байкалды. Көбүнчө мыйзам чыгаруу багытындагы аракеттерин эмес, өкмөт аткара турган иштерди өздөрүнө жүктөп алышыптыр, ошону көп айтышты. Мен айымдардын дебатын онлайн көрүп жаттым, ал жерде салыштырмалуу аябай аз адам көрүп жатты. Бирок хейтерлер бирин өлө мактап, бир талапкерди кайра шыбап жатканын окуп турдук».
КТРК телеканалында 23-сентябрда «Мекенчил», «Ата Мекен», «Бир бол», «Замандаш» жана «Ордо» партияларынын айым талапкерлери, 25-сентябрда «Чоң казат», «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын», «Мекеним Кыргызстан», «Ыйман нуру», «Реформа» партиясындагы аял саясатчылар дебатка чыгышат. Жарышка кечигип кошулган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү да ушул эки топтун бирине чыгышы керек.
Шайлоочулардын бири Умай Арыкова талапкерлердин жынысына карата дебатка чыгарылышын айыптады:
«Биринчиден, мен шайлоо алдындагы дебаттардын мындай форматын жактырган жокмун жана кабыл ала албадым. Экинчиден, жаштардын дебаты, аялдардын дебаты жана лидерлердин дебаты деп бөлүштүрүлгөнүн да туура көргөн жокмун. Партиянын лидерлеринин дебаты деп өзүнчө көрсөтүп жатканы, аялдар лидер боло албайт дегенди эле түшүндүрүп турбайбы. Аялдар эмне үчүн эркектер менен теңата дебат кыла албашы мүмкүн эле? Бул аялдарга карата, керек болсо эркектерге карата да дискриминация деп айтар элем. Саясат бизде эркектердики жана аялдардыкы деп бөлүнбөйт, анан дебатка аларды бөлүп чыгарганы таң калыштуу. Бардык талапкерлер мыйзам алдында бирдей, Конституция гендердик жана башка белгилери боюнча бөлүүгө тыюу салат. Анда акылына жараша, салмагына же боюна жараша деп бөлүп, дебат кыла бериш керекпи?»
Өлкөнүн башкы телеканалында 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин партиялардын талапкерлери 10 мүнөттүк жеке кайрылуу менен чыгышты. Бул каналда мындан сырткары ар бир саясий топтун үчтөн кишиси түз эфирге чыгып, өздөрүн тааныштырды.
14-18-сентябрда жаш талапкерлер дебат кылышты. 28-сентябрда, 30-сентябрда жана 2-октябрда партиялардын лидерлери сөз жарышка чыгышат.
Шайлоого катышып жаткан партиялар мындан сырткары ЭлТР жана башка телеканалдарда да дебаттарды өткөрүүдө.