Майлуу-Суу: көрүнбөгөн коркунуч

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Майлуу-Сууда уран калдыктарын сактоочу 36 атайын жай бар. Бул жайлардагы радиация жергиликтүү элдин саламаттыгына терс таасирин тийгизип келет. Илимпоз Рахман Тойчиевдин изилдөөсү боюнча 1990-жылдардан бери тубаса майып төрөлгөндөрдүн саны миңге жеткен. Эл аралык изилдөөлөр боюнча Майлуу-Суу дүйнөдөгү эң булганч төрт шаардын катарына кирет.