Алматыда камалган нарындыктардын капасы

Дамирбек Асылбек уулу Алматыдагы сотто. 2-ноябрь, 2018-жыл.

Казакстанда аткезчиликке байланыштуу камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган нарындыктар Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакировдун жакындары президентке кайрылышты.

Алар кыргыз бийлиги казак тарапка барып, жакындарынын күнөөсүз экенин далилдеген фактыларды көрсөтүүгө жардам кылуусун суранып жатышат.

Уланбек Мурадиловдун иниси Нурлан Мурадилов Алматы шаарынын райондук соту чыгарган өкүмгө макул эмес. Ал сот ишти калыс караган жок деп эсептейт.

Нурлан Мурадилов.

«Байкемдин жана анын жанындагылардын сотуна катышкан кишиге калыс чечим чыкпаганы даана көрүнүп турду, - дейт ал. - Сот калыс караган жок. Бир тараптуу карады. Биз адвокаттар аркылуу болгон далилдерди өткөрүп бердик. Анда байкемдин күнөөсүз экени так көрсөтүлгөн. Байкемдин жанынан чыкты деп айыптап жатышкан акчаны бирөөлөр жанына ыргытып коюшканын видеотасма аркылуу көрсөтүп бердик. Бирок аны далил катары тааныбай коюшту. Биздин эми күчүбүз жетпей калды. Башка өлкөдө жүргөндүктөн биздин укугубуз жетиштүү корголбой калды. Ушундан улам биз президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып жатабыз. Кыргызстандын тиешелүү органдары Казакстанга барып, биздин фактыларды көрсөткөнгө жардам беришин суранабыз».

Уланбек Мурадилов 2008-жылы Нарын шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. 2010-жылы Нарын шаарынын биринчи вице-мэри болгон. Бул кызматта бир жылдан ашык иштегенден кийин «Мегаком» уюк байланыш компаниясынын Нарындагы филиалында, андан кийин Ошто иштеп келген. Мурадиловдун жакын досу Кылыч Мамбеталиев мыйзамды түшүнгөн киши аткезчилик кылууга барбайт болчу деп ишенбей турганын айтты:

«Кээ бир кишилер болот го, өзүнүн эрежелери, принциби менен жашаган. «Жок, мен андай ишти кылбайм, мен муну кылышым керек» деген. Ал эми кээ бир кишилер байлык-бийликке умтулушат. Мен Уланбекти көп жылдан бери тааныган, дайыма жанында жүргөн досу катары айтат элем: Уланбек принципке катуу турган жигит. Ал өзүнүн аброюн, атын, фамилиясын булгап алыштан, артынан жаман сөз ээрчип калыштан сак жүргөн киши. Эл арасындагы аброюна өзгөчө көңүл бурат. Ошондуктан азыр Уланбекке коюлуп жаткан дооматтар курулай жалаа деп эсептейм».

Ал эми Чыңгыз Абакиров - Мурадиловдун өкүл баласы. Мектепти Нарын шаарынан аяктаган соң Бишкекте окуусун улантып, иштеп калган. Ал былтыр Казакстандан кармалганда келинчеги Мээрим Таалайбекова кош бойлуу болчу.

Мээрим Таалайбекова.

«Мен Чыңгыздын жубайы болом, - деди келинчеги. - Ал үч баланын атасы. Жолдошум кармалганда боюмда бар эле. Ал балам төрөлүп, 9 айлык болуп калды. Ата-энебиздин жашы өтүп калган, эжеси да экинчи топтогу майып. Үйдүн түйшүгү күйөөмдүн мойнунда эле. Акыркы жолу ага бирөө телефон чалган. Ошондо шашып чыгып кетти. Андан кийин Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалганын уктук. Анын эч кандай күнөөсү жок, аны депутат Дамирбек Асылбек уулуна жана Уланбек Мурадиловго доомат коюу максатында чакыртып алышкан. Сот учурунда да ага эч кандай далилдүү фактыларды келтире алышкан жок. Бирок ошого карабай аны да сот жообуна тартып, сегиз жылга мыйзамсыз камап коюшту».

24-апрелде Алматы шаарынын райондук соту аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кескен. Аны менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадилов 10 жылга, Чыңгыз Абакиров 8 жылга эркинен ажыратылган.

Былтыр 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган. Казак бийлиги кармалгандарды «чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деп айыптаган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. 37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.