Ошто УКМКнын кызматкери киши колдуу болду
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
- Ош шаарында чырдан улам атайын кызматтын ыкчам кызматкери каза болду. Шектүүлөр кармалды, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
- Нарында Ат-Башы районуна соода-логистикалык борбор салуу маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Бул жолу теманы президент Садыр Жапаров көтөрдү. Логистикалык борбор мурда нааразылыктардан улам курулбай калган.
- Армениядагы парламенттик шайлоодо премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашиняндын партиясы 54%га жакын добуш алды. Ага атаандаш болгон партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирүүдө.