Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кызматка киришкен үч күн ичинде бюджетке эки млрд. сомдон ашык акча кайтарылганын жарыялады.
Ал муну Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу иш сынга алынып жаткан учурда билдирди. Бажыдагы коррупциялык иштер үчүн шек саналып жаткан Матраимов мамлекетке эки млрд. сом төлөп берүү милдетин алып, тергөө менен кызматташканы үчүн камакка алынган жок.
Чагылгандай тез каралган иш
Эки жылдан бери мүлкү иликтенип бүтпөй келаткан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов коррупцияга байланыштуу шек саналып жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, ал 21-октябрда суракка алынды жана мамлекетке келтирилген эки млрд. сомду ноябрь айына чейин төлөп берүүгө даяр. Ал тургай атайын кызматтын депозиттик эсебине алгачкы 80 млн. сомду которду. Андан тышкары тергөө менен кызматташканы калды.
Бул сумма жөн жеринен чыккан жок. УКМК тараткан маалымат боюнча, Матраимовдун кылмыштуу аракеттеринин кесепетинен мамлекет эки млрд. сом зыян тарткан. Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовдун бөгөт чарасын карап, эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен камакка албай коё берди.
Бажы тармагында узак убакыттан бери иштеп келаткан коррупциялык схемадан мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү, Матраимовдун эркиндикте калышы Интернетте талкууга жол ачты. Адвокат Алия Турумбекова Матраимовдун иши шек жаратып жатканын билдирди:
«УКМК Матраимовго байланыштуу ишти 5-6 сааттын ичинде карап койду. Биринчиден, Матраимовго кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме бериш үчүн аны суракка алыш керек. Ага жок эле дегенде 2-3 саат кетет. Кийин материалды прокуратурага жиберип, аталган орган анын кылмышка шектүү экенин кабарлайт. Эмне, ушунун баары мурда эле даяр беле? Андан соң шектүү адам тергөө менен кызматташууга макулдук бере алат. Азыркы абалда Матраимов тергөө менен кызматташууга бардыбы же күнөөсүн мойнуна алдыбы? Эгерде күнөөсүн мойнуна алган болсо кылмышка аралашкан башка да адамдардын атын ачыкка чыгарышы керек. Ушул иштин баары беш сааттын ичинде бүттү. Мен мунун баары алдын ала сүйлөшүлгөн деп эсептейм. Себеби, булар чыгымды эсептеп 80 млн. сомду төлөп жетишти. Эсепке акча которуу убакытты талап кылат да. Мисалы, Бишкектен Токмокко акча котором десең жок дегенде жарым саат кетет».
Ал арада УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кызматка киришкен үч күн ичинде бюджетке эки млрд. сомдон ашык акча кайтарылганын билдирди. Анда жемкорлордун тизмеси бар экенин, алар да уурдаган акчасын казынага төгөрүн жазды. Бул Райымбек Матраимовго байланыштуу акыркы окуяларга жооп катары кабыл алынды.
Шек жараткан чыгым
Бирок УКМК бажыдагы коррупциялык иштердин зыяны кандай негизде иликтенип чыкканын түшүндүргөн жок. Аны тактоо аракетибизден жыйынтык чыга элек. Коомчулукта да ушул суроо көп берилип жатат. Матраимов өзү болсо эки млрд. сомду төлөө менен ага коюлган айыпты мойнуна алган-албаганы боюнча суроону жоопсуз калтырды. УКМКнын эсебине шашылыш салган 80 млн. сомдун булагын да көрсөтө элек.
«Үмүт 2020» кыймылынын мүчөсү Нурсултан Акылбек Матраимовдун жана атайын кызматтын айланасындагы соңку окуялар боюнча ой бөлүштү:
«Эки млрд. сом зыян кантип эсептелгени белгисиз болуп жатат. Бул каражат Матраимовдун партиясы парламенттик шайлоодо эле кетирген сумма. Алар үчүн эки млрд. сом көп деле эмес. Күмөн жаратканы - Садыр Жапаров бийликке келгенден бери Матраимов боюнча оюн тез-тез өзгөртүүдө. Камчыбек Ташиев болсо «Матраимов карапайым бала» деп мактап жүргөндүктөн ага да ишеним жок. Ошондуктан элди алдагандай сезим калтырды. Бул жакшылык менен бүтпөйт».
«Элдик фронт» коомдук кыймылынын жетекчиси Абдымалик Мырзаев да Матраимовдун коррупциялык схемасынан бюджетке келтирилген зыяндын көлөмү тууралуу УКМКнын маалыматына макул эмес.
«Кыргызстанда бир тоок, бир кой уурдасаң 3-5 жылга кесилип кетесиң, - деп жүйө келтирди ал. - Бирок бюджеттен миллиондоп, миллиарддап акча уурдагандарын тергөөсү созула берет. УКМК зыяндын өлчөмү эки млрд. сом дегени ишене тургудай сөз эмес. Муну ким изилдеп чыкты? Зыяндын көлөмүн аныкташ үчүн прокуратура, Финполиция, Салык кызматынан адамдар кирип тергөө тобу түзүлүшү керек. Айдаган машинесинен тартып Бириккен Араб Эмираттарындагы үйлөрүн да текшерип чыгуу зарыл. Ошондо зыян так аныкталат».
Финполиция: 2011-2017-жылдары алты млрд сомго чукул салык түшкөн эмес
2011-2017-жылдар аралыгында кытайлык жарандар Айеркен Саймаити анын жубайы Вуфули Бумаилиаму жана Саймаитинин «Абдыраз» фирмасы аркылуу Кыргызстандан Түркияга, Латвияга, Кытайга, Голландияга, Бириккен Араб Эмираттарына 932 млн. 736 365 доллар чыгарылган. Быйыл 31-январда бул маалыматты Финансы полициясынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев дагы бир жолу ырастаган.
Финансы полициясынын маалыматына караганда, ошол эле учурда Айеркен Саймаити анын жубайынын жана «Абдыраз» фирмасынын банктагы эсептерине 937 млн. 807 279 доллар түшкөн. Анын ичинен Саймаитиге 592 млн. доллар, анын жубайы Вуфули Бумаилиамуга 26 млн. доллар, «Абдыраз» фирмасына 318 млн. доллар которулган.
- Бул документтин бардыгы 2019-жылы июнь айында такталгандан кийин Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп бергенбиз. 2019-жылдын август айында салык текшерүүнү жыйынтыгында Айеркен Саймаитиге 2 млрд. сом, жубайына 135 млн. сом, «Абдыразга» 3 млрд. сом кошумча пайда салыгы эсептелген. Жалпысынан 6 млрд. сомго чукул болот. Бул маалыматтар далилденгенден кийин Айеркен Саймаитини кылмышка шектүү катары ички жана эл аралык издөөгө жарыялаганбыз, - деди Жамгырчиев.
Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Мирлан Жээнчороев ошол жыйында Финансы полициясынын өкүлүнө «Салык мамлекетке тиешелүү каражатпы?» деген сураган. Жамгырчиев «салык бюджетке тиешелүү» деп жооп берген.
Жээнчороев андан тышкары «Учурда Айеркен Саймаитинин, анын жубайынын жана «Абдыраз» фирмасынын банктагы эсептеринде каражат барбы?» деп сурады. Финансы полициясынын маалыматы боюнча учурда алардын эсебинде акча жок.
Саймаити - бажыдагы коррупция боюнча журналисттердин бир нече иликтөөлөрүнүн негизги каарманы. Ал көзү тирүүсүндө кыргыз бажысындагы коррупциялык схемалар, акча адалдоонун жолдору жана ага Райымбек Матраимовдун катышы тууралуу жүздөгөн документтерди, маалыматтарды берген.
Матраимовдун таасири
УКМК буга чейин Райымбек Матраимовдун жанында жүргөн жана бул тармактагы коррупциялык схемаларга аралашкан 40 киши аныкталганын жарыя кылган. Мекеме алардын кай жерде жүргөнү анык экенин билдирген. Бирок алардын аты-жөнү, кызмат орду ачык айтылбай турат. Матраимовдун мыйзамсыз иштерин иликтеп келаткан журналист Болот Темиров мурдагы бажычынын башка да байланыштары тууралуу маселени көтөрдү:
«Кийинки жылдардагы окуялар Матраимов бийликтин бардык бутактарына кирип алганын көрсөтүп жатат. Акыркы шайлоодо өзүнүн партиясын парламентке алып келүүгө аракет кылды. Ал бажы кызматына эле эмес, башка да мамлекеттик органдарга тааныштарын киргизген. Кудаларын, туугандарын ИИМге, УКМКга кызматка орноштурганын ЖМКлар таап чыгышкан. Мамлекетти басып алып, абдан көп зыян келтирип, анан эки млрд. сомду төлөп жоопкерчиликтен кутулганы жатканы - бул элди шылдыңдоо».
Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы, юрист, коомдук ишмер Клара Сооронкулова Матраимов эркиндикте калып, чыгымды төлөп берүү боюнча убада беришин бийликтин атайын түзүлгөн сценарий менен жүргүзгөн оюну катары баалады:
«Бул жерде эки орчундуу маселе бар. Бажыдагы коррупциялык схемалар баары бир турат. Матраимов ал жерде жалгыз эмес. Анын кожоюндары, жанагы уйгур коммерсанттар бар. Схеманын ээлери ошолор да. Азыр эми бул схемага ким келет? Эми Райымбек Матраимов кайра келе алабы? Жок, схеманы эми сөзсүз түрдө башка адамга өзгөртүшөт. Албетте, бул процесс азыркы бийликтин калкалоосу менен ишке ашат. Эгерде жогоруда мен айткандай, Матраимов кылмыш беренелери боюнча толугу менен айыпталып, сот жараяны ачык, калыс жүрсө анда мунун бүт мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискация болушу керек эле. Азыр ал оңой эле кутулуп кетип жатпайбы».
Бийликтин убадасы
Вице-премьер-министр Максат Мамытканов 21-октябрда Бишкекте өткөн онлайн брифингде Матраимовдун схемасы - фейк эмес экенин жана бажыдагы коррупцияга байланыштуу дагы башка адамдар кармалышы ыктымал экенин айтты.
«Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча чуулгандуу кармоо иштери болушу ыктымал. Эмне үчүн болбосун? Матраимовго байланыштуу жок жерден болгон жок да. Матраимов ошонун баарын жалгыз өзү жасаган эмес. Тийиштүү органдар алдына чынжырчада, схемада ким болсо, баары жазасын алсын деген маселе коюлат. Токтоп калбастан аягына жетиш керек. Себеби, Матраимовдун схемалары - жөн гана фейк же ойдон чыгарылган нерсе эмес. Алар иш жүзүндө болуп келген».
Ал эми президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Би-Би-Синин кыргыз кызматындагы маегинде Матраимовго байланыштуу чечимди өзү кабыл алганын айтып, жоопкерчиликти алды.
«Урматтуу эл-журт, мага ишенип ушул кызматка отургуздуңар, эми аягына чейин ишенип колдоп бергиле. Райымбек Матраимов боюнча чечимди мен кабыл алдым. УКМКнын жетекчиси «камайм» деп айтты. Анткени Райым башка ысым менен паспортун өзгөртүп, Дубайга чыгып кеткенге даярданган экен. Аны кармап келишкенден кийин мага чалып, «камакка алабыз» деп айтышты. «Токтоп тургула, жети өлчөп бир кесели» деп айттым. Анткени, буга чейин эки жыл мурун Алмазбек Атамбаевди камадыңар. Райымдан үч эсе бай, миллиарддары бар, бир тыйын төктүрдүңөрбү? Эки жылдан бери мамлекеттин эсебинен багып жатабыз», - деген Жапаров коррупцияга шек саналгандарды камагандан пайда чыкпай турганын, тескерисинче алардан каражат өндүрүү максатын айтты.
Садыр Жапаров 21-октябрда расмий билдирүү таратып, бүгүндөн тартып өлкөдө экономикалык мунапыс жарыялады.
Жапаровдун билдирүүсүндө эң кирешелүү тармактар - энергетика, бажы, салык, дары-дармек, лицензия берүүчү, тоо кен жана башка тармактарда коррупциялык схемаларын түзүп, элдин ырыскысын тоноп жүргөндөргө, ар кандай компанияларга үлүштөргө отуруп алган мурдагы аткаминерлерге, ири ишканалардын акцияларына рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээ болуп алгандарга, салык төлөбөй качып жүргөн жарандарга, кирешесин аз көрсөтүп жүргөн ишкерлерге, мыйзамдарды бузуп жүргөн аткаминерлердин тобуна, министрликтер менен мекемелердин жетекчилерине, бажычыларга жана финансисттерге 30 күн убакыт берилери айтылат. Жапаров бул мезгил аралыгында коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып, өөнөлгөн акчаны мамлекеттик казынага кайтарууну талап кылган.
«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.
Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар журналисттик иликтөөдөгу маалыматтын баарын четке кагып келишет.