"Моцартты, Бетховенди, Чайковскийди билбесек - ким болобуз?"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргызстан эгемендик алгандан бери бир да жолу кыргыз композиторлорунун опералык чыгармалары театрда коюла элек. Айлыгынын аздыгынан музыканттардын көпчүлүгү эки-үч жерде иштегенге мажбур. Кыргыз профессионалдык музыка өнөрүнүн учурдагы абалы тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп, Кыргызстан композиторлор биримдигинин төрагасы Турдубек Чокиевке кайрылдык.