Улутка руханий модернизация керек

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өткөн жекече иш-чаралардын бири. Архивдик сүрөт.

Кыргыздын адеп башаты элдик оозеки чыгармаларда жашап келген.

Адам болбой калдык

Чычалаба, кыргыз! Чындык ушундай. Балдарыбыз «келечекте президент болом» десе, «депутат, министр болом» десе, «кой, айланайын, адам эле бол» деген кыргыз барбы? Таппайсың. Кайра «жаштын тилегин берет» деп, бешиктен бели чыга элек кезинен көчөт балдарыбызды мансапкорлукка шыктандырган калк экенибиз жалганбы?!

Кезинде ойчул жазуучубуз Кубатбек Жусубалиев «кыргыз акындары адам болбой туруп акын болуп алышкан» десе, а бүгүн адам болбой туруп ажолукка аттангандары канча? Ажо болгондору да канча?! Депутаттыкка, министрликке жеткендери канча?! Адам сыягынан айрылгандын көбү бийлик тобундагылардын арасында жүрү. Коомдун эң абийирсиз катмары бүгүн бийлик төрүндө тайраңдагандар экенин турмуш чындыгы көрсөткөн жокпу? Айтор, кыргыз урпагы үчүн адамдык сын-сыпат анчалык мааниге ээ болбой, мансапкорлук маанилүү болуп барат.

Дагы караңыз Жазуучулар союзу жаңыланууга муктаж

Эл жакшыларынын арасында эки жүздүү, жойпу, куйту, кошоматчы, суу жүрөктүн көбү «Кыргыз эл баатыры». Согуш талаасын көрбөй, ок-дарынын жытын билбей кабинетте отуруп генерал наамдуу болгондор менен академик даражасындагы даңкеселерибиз канча! Эл акыны, Эл жазуучусу, Эл артисти, Эл сүрөтчүсү наамы; «Манас ордени», «Акшумкар», даңк-маңк өңдүү мамлекеттик сыйлыктар кимдерге кана тийбеди?! Арданасың эй! Мына ушулар эл каймагы, мына ушулар интеллигенция чөйрөсүн түзгөндөр! Адам боло албаган жан өз улутунун татыктуу өкүлү боло алабы?!

Эмнеге мындай болуп калды? Сөз удулу ушунда, бурадар!

Адеп-аклак бешиги

Дал ушул жерден орустун орошон ойчулу Алекстандр Герцендин накылына бир саам көңүл буралы да, темабыздын өзөгүнө кайталы. Герцендин айтканы бар: «Театр – турмуштук суроолорго жооп берчү жогорку инстанция». Бул насыйкаттын терең маанисине жетиш үчүн кыргыз турмушуна сүңгүп көрөлүчү.

Тилекке каршы, бүгүн баарыбыздын бүйүрүбүздү кызыткан театр - бул бийликтеги маскарапоздордун саясий сахнасы.

Арийне, театр – адамзаттын адамдык касиетин ордунан козгоп турган өрнөк экенин унуттук. Театр – рухий жан-дүйнөбүздү булганыч, бузук ойлордон тазалап, коргоп турган гигиеналык акт экенин эскертким бар, бүгүн.

Көөнө кыргыз урпагы бели бешикте таңылып жаткан күндөн эле жан-дүйнөсү элдик оозеки чыгармалардан азыктанган, ыйманга, адеп-аклакка өнө бою төнө сугарылган. Элдик идеал, эр жигиттик кайратты, адамдык бийик сапаттарды улуу жомок «Манас» баш болгон «Эр Төштүк», «Жаныш-Байыш», «Жаңыл Мырза», «Курманбек» шекилдүү ж.б. ж.б... көркөм-мурастардын уңгусунан алган.

Оозеки элдик чыгармаларга кунт коюп кулагын түргөн кыргыз тукуму оң каарман, терс каармандардын бейнесин көз алдына элестеткен. Ак-караны ажыраткан. Театр турмушу кыргыздын өзүндө болгон! Ооба, театр өнөрү кыргыз урпагына бөтөн дүйнө, бөлөк цивилизациядан келген эмес. Күпүлдөп «Манас» айткан киши «театр одного актёра» түшүнүгүнөн не айырмасы бар? Күргүштөп-оргуштап кирген дайрадан не айырмасы бар, айтуучулук өнөрдүн?! Славян жана Европа элдеринде «театр одного актёра» түшүнүгү кийин-кийин гана калыптанса, манасчы-дастанчыларыбыз оо эзелтен эле жаралган жасатынан эндекей актёр болуп туулушкан.

Улуу жомоктогу окуяларды мелтиреп, эмоциясыз баяндап берүү дегеле мүмкүнбү? Жок! Ушунун өзүндө театр турмушу, болгондо да драмалуу окуялардын сюжеттик байланышы кыргыз урпагын театр өнөрү менен бөпөлөп өстүргөн, таалим-тарбиясын берген. Айтуучулук өнөр ээси угуучуларды ыйлаткан, сүйүнткөн, күйүнткөн, күлдүргөн. Баары эриш-аркак жандуу жуурулушкан.

Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынын шыбы.

Бутафория, декорация жасалгалары кооздоп турбаса деле элдик оозеки адабиятыбыз кыргыз урпагын кылымдан кылымга эриктирген эмес, зериктирген эмес. Өнөрпоздорун «Бали, бали!» деп коштоп келишкен. Театр өнөрүн бутафория, декорация менен көрктөндүрүү - Батыш элдеринин өрнөгү. Ал эми кыргыз элинин элдик оозеки чыгармалары жасалма бутафория, декорациясыз эле кылымдардан кылымга кызыгын жоготкон эмес!

Ал эми бүгүнкү кыргыз урпагынын театр турмушуна келсек, сөздүн чыныгы маанисиндеги көркөм-эстетикалык таалим-тарбия берер театр турмушу эл назарынан калып баратат. Биз бүгүн театр артисттеринин оюнуна эмес, саясый сахнанын маскарапоздорунун оюндарына азгырылган калк болуп алдык.

Ал тургай саясий оюнчуларыбыздын таасиринен улам жеткинчек муундагы балдарыбыздын келечекте ким болорун сурасаң, жогоруда биз сөз кылгандай шыр эле «президент, депутат, министр болом» деп турушат. Кенедей балдарыбыз да саясий сахнанын маскарапоз каармандарындай болгусу келет. Сүйрүсүнө сүт, бөксөсүнө эт толо элек кезинен тартып аткаминерлерибиздин образдарынан чыккылары жок.

Улуу жомок «Манастын» уңгусун укпай, уюткусун туйбай, көңүл чордонубуз эле президентте, Жогорку Кеңеште, өкмөттөгүлөрдө. Элибиз ошолордун эле оозун карап, айткан-дегендерин эшитип, ошолордун эле саясый оюндарына алаксыган турмуш кечирип калдык. Алардын саясий сахнадагы оюндарынан эмнени көрүп атабыз? Саткындыкты, алдамчылыкты, туруксуздукту, уруш-талаш, тартыш, мушташтарды...

Маалымат булактары болсо ошолордун байлыгын, минген машинелерин, жашаган үйлөрүн кеп кылып атса, анан албетте, бейаң түшүнүгү калыптанып калган балдарыбыз кантип президент, депутат, министр болгусу келбейт? Себеби адам баласына терс көрүнүш тез кабыл алынат. Анан эле бийликке нааразы болгон топтордун митингдерин көрүп өскөн балдарыбыз тили чыккандан тартып «Кетсин! Кетсин!» деген ызы-чуу менен өсүп атса, келечекте алар кантип мансапкор болбойт?!

Улуттун келечегин түптөй турган балдарыбызды кенедейинен ошентип мансапкорлукка үйрөтүп атканыбызды качан аңдайбыз?

Агер балдарыбызды кенедейинен китепке кынык алдырып, театр менен музейлердин көркөм эстетикасына сугарып тарбиялаган болсок, ушунчалыкка жетет белек?

Улутка руханий модернизация керек

Эгерде рухий модернизацияны издесек, турмуштун оң жана терс каармандарын китептен, театр сахнасынан көрүп өскөн балдарыбыздын жүрөгүн ыйман аралайт эле. Балдарыбыз бүгүн кейипкерлердин образын саясий сахнанын маскарапоздорунан гана үйрөнүүдө. Ал эми көркөм-эстетикалык образдарды китептен, театрдан алса кана?

Аныгында, театр сахнасындагы өтө терс каармандын образы да көрүүчүнү жакшы адам болууга түртөт. Ал эми саясий сахнанын маскарапоздоручу? Алар элге жакшы адамдай көрүнгөн эки жүздүү актёрлор. Алардын дал ошол эки жүздүү жүрүм-турумдарын көрүп өскөн жаштарыбыз келечекте президент, министр, депутат болууну самап калышканы да ушундан.

Оболу бизди, адам болбой туруп эл башкаруучу болуп калган ошондойлордон сактасын, Кудай! Бала күнүнөн мансапты көздөп чоңойгондор бийликке келсе, анык тирандар, анык деспоттор ошолордон чыкпас бекен?

Кыргыздын адеп булак башаты элдик оозеки чыгармаларда жашап келгенин жогоруда кеп кылдык. Болбосо кайсы эски тарыхыбызда бар – кыргыз тукуму мектеп партасынан билим алып, мектеп партасынан тарбия алганы? Жок. Медресе, мечитке барып деле адеп-ахлак, ыймандык касиеттерди издеген эмес. Баары-баары оозеки адабиятында болгон. Элдик оозеки чыгармачылык өнөрү гана улутубуздун уникалдуу рухий бешиги, адеп-аклак башаты, театр турмушу болуп келген. Колунда эч бир том-том калың китеби болгон эмес.

Албетте, азыр болсо заман башка, жол жаңы. Улуттук өздүктү калыптандыруу түйшүгү башыбызда турат. Биз бүгүн моралдык модернизация маселесин чечсек гана мамлекеттик дөөлөтүбүздүн кубатын арттырып, улуттук көрөңгөбүздү байытабыз. Кантип? Бир шайлоодон алданып, кийинки шайлоого үмүт артыппы? Же кечээ аты-жыты жок саясий партиялар бүгүн пайда болору менен шайлоодон утуп келиппи? Же Конституцияны кайрадан өзгөртүппү? Жок! Тигиниси да, мунусу да Кыргызстанды кургуйга кулатканы кулаткан.

Андыктан бир гана илим-билимге умтулуп, улуттук өзгөчөлүгүбүздү, баалуулуктарыбызды таанып, улуттук аң-сезим өксүгүбүздү толтурган руханий модернизация, маданий дөөлөттөрүбүздү жаңылоого тийишпиз. Бирок дал ошол инстанция болуп саналган маданий очокторубуздун бири, Т.Абдумомунов атындагы Улуттук драма театрыбыз бүгүн өтө аянычтуу абалда турганы жан кейитет. Береги сүрөттөгү абалын көрүңүздөрчү.

Токтоболот Абдумомунов атындагы Улуттук академиялык драма театрынын таман асты.

Не деген театр корифейлерибиздин чыгармачылык өмүрүндө кубаныч-кайгыга күбө болгон, не деген таланттардын экинчи үйү болуп келген Улуттук драма театрыбыздын фойесиндеги көрүнүш ушул! Шыбынан тамган жамгырдын сарыккан суусу тактайын чиритип, театр ичи ным жыттанып тургандагы аянычтуу абалы.

Мына, ушул көрүнүштүн өзү – биздин чоңдор театрга өмүрү басып барбайт деген кеп. Алардын эс алуучу жайы театр эмес! Алардын эс алуучу жайлары – сауна, ресторан, мейманкана! А эгер чоңдорубуз театр турмушунан рухий ыракат издеп барган саамалыктар калыптанганда, театрдын ички абалын мынчалыкка жеткирбей, ремонт ишин эбак колго алышмак. Искусство храмын коргош үчүн коомчулукту колдоого чакырышмак.

Тилекке каршы, азыр биздин чоңдордун колдоого алаар баалуулуктары эмне? Алардын театрды оңдоого же курууга баштары да оорубайт. Алар колдоого ала турган болсо спорттук жайларды, мечит-медресе, тойканаларды курушат. Себеби караңгы коомду башкарууга ыктаган чоңдорубузга булчуңу буура санындай спортчулар менен диний чөйрөнүн караламан калың массасын колго алуу маанилүү! Башказан эмес, ашказан убайымы үчүн тойду сүйгөндөргө ресторан-кафелерди куруу кирешелүү.

Ал эми адамзатка эң баалуу багыттар болгон маданият, адабият, илим-билим өрнөгү кыргыз бийлигинде отургандар үчүн эч бир мааниге ээ эмес. Муну береги үнсүз сүрөттөр өзүнөн өзү айтып турат. Маданият өкүлдөрүнүн датын уккан бийлик жок, бизде!

Олжобай ШАКИР

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.