Өкмөт берчү насыянын өктөсү

Кыргызстандын улуттук валюта - тыйындары.

Кыргыз өкмөтү 3,3 млрд. сом жеңилдетилген насыя катары ишкерлерге берилгенин кабарлады.

Бизнеске көмөк катары жалпы 14 млрд. сом жумшалары мурдараак айтылган. Каржылоо бюджеттин жана сырттан алынган карыздардын эсебинен жүрүүдө. Ошол эле учурда насыя ала албай жаткандардын жана аны төлөй албай калгандардын нааразылыгы да күчөдү.

Берилгени көп, алганы аз

Коронавирус пандемиясына байланыштуу экономикага киргизилген каражаттар тууралуу өкмөттүн аппараты расмий билдирүү таратып, эсептерди жарыялады.

Бул жагдай жөнүндө вице-премьер-министр Эркин Асрандиев атайын брифинг өткөрүп, ишкерлерге берилип жаткан насыялардын чоо-жайын чечмеледи.

Эркин Асрандиев.

«Сырттан келип жаткан каражаттарды биз экономикага оң таасир бере турган багыттарга жумшап жатабыз. Анын ичинде экономиканы кайра жандандыруу максатында ишкерликти колдоого керектелди. Бүгүнкү күндө өкмөттүн «Ишкерлик субъектилерин каржылоо» программасына бөлүнгөн 4,5 млрд. сомдун 3,3 млрд. сому өздөштүрүлдү. Аталган каражат 4766 ишкерге насыя катары берилди. Жалпы сумманын эки млрд. сому Улуттук банк тарабынан, калган 2,5 млрд. сому республикалык бюджеттен, ички жана сырткы каражаттардын эсебинен бөлүнгөн», - деди Эркин Асрандиев 9-сентябрдагы брифингде.

Өкмөт кабарлагандай, аталган программа 11 коммерциялык банктар аркылуу ишке ашырылууда. Алар - «Азия Банкы», «Финанс Кредит Банк», «РСК банк», «Кыргызстан коммерциялык банкы», «Капитал банк», «Бай-Түшүм», «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы», «Оптима банк», «Айыл банк», «Бакай банк» жана «Халык банк Кыргызстан» банктары.

Программага киргизилген өзгөртүүлөрдөн соң насыялоо экономиканын дээрлик бардык багыттары боюнча жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары анда жылына 11% үстөк менен насыяларды 100% кайра каржылоо каралган. Бул ишкерлик чарбаларына мурда берилген насыяларды рекредитациялоого мүмкүндүк берет. Өкмөт бул үчүн жалпы 14 млрд. сом бөлүнөрүн кабарлаган.

Бирок ошол эле кезде ишкерлер арасында насыяларды ала албай жатканын айткандар көп. Нарындык ишкерлердин өкүлү Кылыч Мамбеталиев мындай дейт:

«Ишкерлердин айтымында, биринчи кезекте жеңилдетилген насыялар боюнча маалымат жок болуп жатат. Маалыматы барлары барып алалы десе, көбүнө шарттары туура келбей калат экен. Маселен, санариптешүү деп, «камераларды, кассалык аппараттарды коюш керек» деген жери бар. Ага бардыгынын эле мүмкүнчүлүгү жетпейт. Анткени, алар акчаны алып эле, жүгүртүүгө салышы керек да. Мындан сырткары пандемияда жабыркаган юридикалык жактарга гана беришет экен. Көп ишкерлер салык жана башка убарагерчиликтерден качып, жеке жак катары катталган да. Ошондон улам көбү ушул жеңилдетилген насыялардан ала албай койду. Мисалы, бир ишкер эки банкка барыптыр, ала албай коюп, «бекер убара болдум, мындан көрө үстөгү көп болсо, чакан насыялык компаниялардан алганым оң» деп кейиди. Мамлекеттик программа пайыздарын төмөн кылган менен убарагерчилиги, бюрократиясы ошончолук көп болуп жатат».

Аз күн мурда, тагыраагы 3-сентябрда Жогорку Кеңеште сырттан карыз алуу маселеси каралган учурда депутаттар да жеңилдетилген насыялоодо тууралуу кеп козгошкон. Эл өкүлү Махабат Мавлянова банктар фирмаларга ар кандай шылтоолор менен каражаттарды бербей жатышканын сынга алган:

Махабат Мавлянова.

«Албетте, азыркы күндө дүйнө жүзүндө ушундай оор абал, экономика токтоп турат. Бирок Кыргызстандагы ишкер коомчулукту колдошубуз керек. Бул үчүн 14 млрд. сом бөлүнгөн. Анда негизги максат кризиске байланыштуу токтоп калган компанияларга колдоо көрсөтүү болчу. Бирок фирмалар банкка барган учурда «активдүү кирешеңиз жок, бере албайбыз» деп жатыптыр. Ал пандемияда иши жакшы жүрүшпөй жатса, кайдан кирешеси болмок эле? «Жардам беребиз» деп туруп, бирок кайра «киреше жок» дегенди кантип түшүнсө болот? Мына ушул маселелерди карап бериңиздер».

Буга жооп берген финансы министри Бактыгүл Жээнбаева мындай фактылар иликтенерин, такталса, тиешелүү чара көрүлөрүн билдирген. Соңку брифингде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев да ушуга ишендиргиси келди.

Төлөй албай аткандар андан көп

Башка жагдай, бири насыя ала албай чуркап жүрсө, дагы бир тобу алган каражаттарын төлөөдөн машакат тартышууда. Бул да коронавирус пандемиясы менен байланыштуу. Анткени, эки айча өзгөчө абал, андан кийин өзгөчө кырдаал шартында жашаган көпчүлүк тургундар жумушсуздуктун айынан кирешесиз калышкан. Натыйжада айлык төлөөгө жетиштүү акча таба алышкан эмес.

Мындай кырдаалга кабылган ондогон тургундар Бишкекте президент жана парламент олтурган имараттын алдында августтун ортолорунан бери күн алыс митинг өткөрүп келатышат. Ал тургай ал жакка бир нече күн түнөп да чыгышты.

Акцияга чыккандардын бири, Ысык-Көлдөн келген Нурила Дөөлөтжанова насыяга жөн гана каникул сурап жатканын айтты:

«Келген максатыбыз - насыяга болгон пайыздарды төмөндөтүү жана төлөмдөрдү жылдын аягына чейин жылдыруу. Ушундай талап менен биз Ак үйдүн алдында канча күндөн бери түнөп жатабыз. Бирок ушунча күндөн бери бир да кызматкер, бир да аткаминер чыгып кабар алып койгон жок. Адам үйүнүн алдына ит үрсө да чыгып кабар алат. Биз бийликке ушу итче да сезилбейт экенбиз. Пандемия акыл-эсибизди да, ден соолугубузду да жеп тынды. Ушундай кырдаалда бизге бийликтин колдоо көрсөтүшүн талап кылабыз».

Ар кайсы облустан нааразылык акциясына чогулгандар насыяларды жыл соңуна чейин токтото турууну, 2021-жылдын январь айынан баштап кайра жандантууну өтүнүп жатышат.

Бул топтун кызыкчылыгы үчүн күрөшүп жаткан укук коргоочу Темир Махмудов насыясын төлөй албай калгандар алардын тизмесинде миңге жакын экенин билдирди:

Темир Махмудов.

«Эл пандемиядан кыйналып насыяларын төлөй албай калды. Банктар алгач кардарларына үч айлык каникул бергени менен, ал айлардагы үстөк пайыздарды кийинки айларына кошуп салыптыр. Ал ого бетер кыйынчылык жаратты. Биз насыядан кыйналган адамдардын атынан президентке, өкмөткө, Коопсуздук кеңешине, Финансы министрлигине, Улуттук банкка, кыскасы баарына кат жаздык. Башында биздин көйгөйүбүз боюнча координациялык кеңешме уюштурулат деп айтылган. Бирок анысы болбоду. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кабыл алды, ага 209 адамдын тизмесин бердик. Ал эми жалпы даттангандар бизде 700дөн ашык болуп жатат. Бирок маселе чечилбеди, насыялардын үстөк пайызы алынган жок, мөөнөт жылган жок. Ошого биз 24-августтан баштап акцияларды уюштуруп келе жатабыз. Талаптарыбыз таптакыр эле аткарылбаса, 17-сентябрдан тартып АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин алдына митингге чыгабыз. Өзүбүздүн бийлигибиз укпаса, Трампка жардам сурап кайрылабыз да, анан эмне кылмак элек?»

Кыргыз өкмөтү жыл башындагы карантинге байланыштуу калкка жана ишкерлерге насыялык жеңилдиктер берилгенин кабарлаган. Анын ичинде Улуттук банк кеминде 74 млрд. сомдой насыя ээсине төлөө мөөнөтү узартылганын кабарлаган.

Мурдараак Улуттук статистика комитети, өлкөдөгү чакан насыялоонун жарым жылдагы жыйынтыгы менен бөлүшкөн. Ага ылайык, алгачкы алты айда 16 млрд. 114,7 млн. сом суммасында насыя берилип, алуучулардын саны 382,8 миң адамды түзгөн. Чакан насыя алган калктын саны өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 30%, ал эми берилген чакан насыялардын көлөмү 17,3% көбөйгөн.

Банктардын жана чакан насыялоочу компаниялардын жалпы насыялык портфели 2020-жылдын июль айына карата 101, млрд. сом болгон.