Дарыкана менен ооруканага кезек күткөндөр көбөйдү

Каракол шаарындагы күндүзгү стационардын жанында уюшулган көчмө дарыкана. 

Бишкектеги убактылуу ооруканалардын биринде дарыгерден кеңеш сурап жаткан бейтап. 

Гепарин дарысын алуу үчүн "Неман" дарыканасынын астында кезек күткөндөр. Бишкек шаары.
 

Социалдык тармактарда айрым дарыканалардын астында кезек талашып урушкандар,  оорудан кыйналып эс-учун жоготкондор болуп жатканы айтылууда. 

Каракол шаарындагы күндүзгү стационар. Бул убактылуу ооруканага бир күндө 220 киши кайрылган. 

Бишкектеги "Неман" дарыканасына түнү кезекке тургандар. 12-июль, 2020-жыл.

Каракол шаарында гепарин, аскорбин кычкылы, цефтриаксон, аспирин жана клексан дарылары тартыш болуп жатканы айтылууда.

Убактылуу ооруканада бейтапка асма ийне сайып жаткан медайым. Бишкек шаары.

Рентгенге түшүү үчүн кезек күткөндөр. Балыкчы шаары.

Каракол шаарындагы убактылуу күндүзгү стационар. 

Кыргызстанда коронавирус жана пневмония оорулары күч алганына байланыштуу ага керектүү дары-дармектердин таңсыктыгы жаралды. Айрым дары-дармектердин баасы кымбаттады.

Дарыканага кезек күткөндөр. Каракол шаары. 

Каракол шаарында оорукананын астында рентгендин жыйынтыктарын карап жаткан аялдар.  

Рентгенге түшүү үчүн кезек күткөндөр. Каракол шаары.

Бишкектеги дарыканалардын биринде.

53 миңден ашык адамды тейлеген Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын жалгыз "Тез жардам" автоунаасы.

Жалал-Абад шаарындагы дарыканалардын биринде дары алуу үчүн кезек күткөндөр. 

Бишкектеги убактылуу ооруканалардын биринде бейтаптан ПЦР тест алып жаткан медицина кызматкери.

Бишкек мэриясы күндүзгү стационарларга кайрылгандардын арасында айыгып жаткандар көбөйгөнүн билдирүүдө. Буга чейин Бишкектеги күндүзгү стационарларга кезек күткөндөр көп болуп жатканы айтылган.

Убактылуу ооруканада айыккан бейтапка гүл берип жаткан дарыгер. 

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал күчөп, башкалаа Бишкекте жана өлкө аймагында дарыканаларга, ооруканаларга жана рентгенге түшүү үчүн кезек күткөндөр көбөйдү.