Үч саясатчынын иши Жогорку сотко жетти

Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Бектур Асанов.

Жаза өтөп жаткан саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Эрнест Карыбековдун, коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун арыздарын Жогорку сот карай баштады.

Сотту утурлай саясатчылардын жакындары Жогорку соттун алдына пикетке чыгып, иштин калыс каралышын талап кылышууда.

Эки жыл бою соттук жыйындар жабык өтүп келет. Бул күнү Карыбеков менен Асановдун адвокаттары сүйлөп, кийинки отурум 7-июнга жылдырылганын билдирди:

- Болжол менен айтканда, дагы эле шектенүү бар. Бирок адвокат кандай айтпасын, прокурор кандай айтпасын акыркы чечимди сот кабыл алат да, - деди адвокат Данияр Маманов.

Жогорку соттун алдында саясатчылардын тарапкерлери пикет өткөрүүдө. 4-июнь, 2018-жыл.

Камактагы аты аталган саясатчылардын 30га чукул жакындары жана “Саясий туткундарды коргоо комитети” аттуу өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү Жогорку соттун алдына пикетке чыгып, иштин калыс каралышын талап кылышты. Уюмдун мүчөсү Таалайбек Мадаминов абактагы саясатчылар бейкүнөө отурат деп эсептейт:

- Эки жылдан бери акыйкаттык издеп жүрөбүз. Бирок бүгүнкү күн өзгөчө. Жогорку соттун чечими Кыргызстанда акыйкаттык орнойбу же жокпу ошонун бир көрүнүшү гана болушу керек. Акыйкаттык, чындык орнойт деп, камакта жаткандар үй-бүлөсүнө, эл-журтунун астына чыкса деп күтүп отурабыз.

2016-жылдын мартында “бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен кармалган төрт саясатчыны 2017-жылы 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту күнөөлүү деп таап, Асанов менен Кадыровду 12 жылга, Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан. Сот Дастан Сарыгуловду "бул ишке катышы жок" деп таап, "маалыматты жашырган" деген кине менен аны шарттуу түрдө төрт жылга соттогон өкүм чыгарган.

Соттолгондор кылмыш ишинин козголушун саясат менен байланыштырып келатышат. Баары райондук соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга даттанып, быйыл 7-февралда шаардык сот мурдагы чечимди күчүндө калтырган. Саясатчылардын кармалышына бул адамдарга үнү окшош кишилердин сүйлөшүүсү жазылган аудио тасмалардын Интернетке жарыяланганы себеп болгон.

Өткөн аптада коомдук ишмер Дастан Сарыгулов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, кылмыш ишин кайрадан карап чыгып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Дастан Сарыгулов.

- Менин ишим боюнча тергөө жүрүп, сот болуп жатканда башкы прокурор Индира Жолдубаевага алты жолу кайрылуу жибергем. Бирок анын бирөө да каралган жок, жооп берген жок. Ал түшүнүктүү, себеби ал учурда саясий тапшырма болгон. Эми жаңы прокурор келди, "жаңыча, мыйзам чегинде иш жүргүзөм" деп жатат. Бирок эми ал мыйзам менен иштейби же Ак үйдүн буюртмасы мененби - ошону сыноо иретинде кат жаздым. Кайрылуумда менин ишимди караган тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун жана соттордун мыйзам бузган учурларынын баарын келтиргем. Соттук отурумдарда бир да жерде менин күнөөм далилденген эмес. Анда мен эмне үчүн ушунча убакыт түрмөдө, үй камагында кармалдым? Баарын башкы прокурор жакшылап карап чыгып, мыйзамдуу чара көрүшү керек.

Сарыгулов Кыргызстан эгемендигине 25 жыл толгондо жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата жарыяланган мунапыс жөнүндө мыйзамдарды өзүнө колдонуу өтүнүчү да четке кагылып келатканын кошумчалады.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев соттук иштердин мыйзамсыз же бийлик буюртмасынын негизинде чыгарган чечимдери саясий жарылууга алып келерин белгилеп жатат. Ал далилденбеген жана күнөөсү так аныкталбаган, кылмыштын мотиви белгисиз калган иштер кайра кароого жөнөтүлүшү зарыл деген пикирде.

Эмилбек Каптагаев.

- Эгер мыйзамга таянса бул соттор бери дегенде мурдагы инстанциялар кабыл алган өкүмдөрдү бузуп, кайра кароого жибериши керек. Анткени далилдер жок, так эмес. Ал эми накта чегине жетсе акталсын. Кылмыштын толук түзүмү жок. "Кандай болгон күндө да Салянованын, Самаковдун соттору ордунда калды. Эгер бул да ошол бойдон өзгөрүүсүз калса, анда азыркы бийлик менен Атамбаевдин ортосунда жең ичинен макулдашуу болушу мүмкүн деген" ойду жазгам. Анткени саясатчылардын акталышы Атамбаевди биротоло күм-жам кылат. Ошондуктан ал суранышы мүмкүн, "ууру деп кармалган, жеп-ичкен Сапар Исаковун баш кылып соттосоңор соттогула, бирок мен түрмөгө тыккан саясатчыларды чыгарбагыла" деп суранышы мүмкүн. Эгер ошондой макулдашуу болсо - ал жакшылыкка алып келбейт.

Бирок соттолгон саясатчыларды "сүттөн ак" дегенге кошулбагандар да бар. Буга чейин атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Токон Мамытов "Азаттыкка" УКМК далилдердин негизинде гана иш жүргүзөрүн айткан:​

- Негизинен бир сөз менен айтканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жалган жалаа менен ишти бурмалап сотко алып бара албайт. Себеби сот, прокурорлор тергөөнүн жүрүшүн талдап, карап турушат. Андыктан соттолуучу тараптын айткандарына көп ишене бербейм.

Буга чейин жарандык коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар жана саясатчылар мурдагы бийликтин тушунда соттолгон саясатчыларды боштондукка чыгаруунун саясий жана укуктук маселелерин талкуулаган.

Анда Атамбаевдин бийлигинин тушунда "саясий мүнөздө соттолгон" деп эсептелген адамдарды актоого шарт түзүш үчүн саясий жана укуктук негиздерди иштеп чыгуу маселеси көтөрүлүп, жыйындын катышуучулары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан.

Бирок иштери Жогорку сотко жеткен "саясий өңүттө камалды" деп айтылып жүргөн саясатчылардын ишин кайра артка кайтарган учур боло элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.