Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?
Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүңүз.
«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында А. Кыпчаков жиберген сунуштар:
Миңдеген кыргызстандыктарды ойго салып түйшѳлткѳн жемкорлук маселеси мени да кайдыгер калтырган эмес. Бул орчундуу маселени оң жагына чечкенде гана ѳлкѳбүз тез арада ѳнүгүү жолуна түшѳт деген ишеничим бар. Ошондуктан жемкорлуктан арылуу тууралуу ѳзүмдүн жеке сунуштарымды билдирип коюуну туура деп эсептедим. Алар тѳмѳнкүлѳр:
Саясий системаны ѳркүндѳтүү максатында шайлоолордо демократиялык ыкмаларды колдонуу зарыл. Алар:
- депутаттардын жоопкерчилигин арттыруу, саясий партиялардын шайлоолордун алдында чыккан тизмелерин шайлоонун жыйынтыгы чыкканда ѳзгѳртүүгө тыюу салуу;
- депутаттардын шайлоочулардын алдында отчетторун берүү жана аларды депутаттыктан чакыртып алуу тууралуу мыйзамдарга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү;
- Жогорку Кеңештин сандык курамын 80 депутат менен чектөө;
- шайлоо системасына пропорционалдык – мажоритардык аралаш системасын кийирүү боюнча мыйзамдарга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү (50%-мажоритардык, 50% - пропорционалдык);
- шайлоочуларды сатып алууга каршы мыйзамдын аткарылышын күчѳтүү;
- Жогорку Кеңешке эки жолудан ашык эмес депутаттыкка шайлануу тууралуу мыйзамдарга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү.
Дагы караңыз «Жебеген жердин астында» деп жүрүп...Мамлекеттик башкаруу системасында:
- мамлекеттик аппаратты оптимизациялоо. Ал максатта борбордук органдардын аппаратын кыскартуу, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарын күчѳтүү зарыл. Облустук башкаруу системасын жоюп, аймактарды түзүү – эки тепкичтүү башкаруу системасына ѳтүү;
- мамлекеттик башкаруу системасын, башка чѳйрѳлѳрдү санариптештирүү жана калккты тейлѳѳ үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды санарип форматына ѳткѳрүү. «Электрондук ѳкмѳт» программасын мамлекеттик органдардын иштерине киргизүү;
- «Акылдуу шаар», «Акылдуу айыл», «Акылдуу мекеме» тууралуу санариптештирүү программаларын иштеп чыгуу жана орнотуу;
- Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы биринчи кезекте жана башка мамлекеттик органдар тез арада санарип форматына ѳтүп, ишмердигин ушул багытта жүргүзүшү зарыл;
- КР Мамлекеттик кадр кызматында бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маалымат базасын түзүү жана аны он-лайн режимде ишке киргизүү.
Калыс сот системасын орнотуш үчүн:
- сотторду эл шайлашы керек,
- сот процесстердин ачык ѳткѳрүлүшүнѳ жетишүү, аларды санарип форматына ѳткѳрүп, онлайн режимде жүргүзүү;
- соттордун жоопкерчилигин караган мыйзамдарды күчѳтүү;
- адилетсиз сот чечимдерин чыгарган сотторду кара тизмеге киргизүү жана аларды сот системасына жакын жолотпоо керек.
Дагы караңыз Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөтУкук коргоо системасында:
- терең системалуу реформаны жүргүзүү (коомчулуктун кеңири катышуусу менен);
- прокуратурага, сот системасына, милицияга, Финансы полициясына конкурстук жол менен жумушка алуу. Конкурстук комиссиялардын курамына жарандык коомдун ѳкүлдѳрүн сѳзсүз киргизүү;
- мыйзамдарды бузган, адилетсиз чечимдерди чыгарган кызматкерлерди укук коргоо системасына жакын жолотпоо жана алардын аты-жѳнүн кара тизмеге киргизүү жана коомчулукка жарыялоо.
Экономика чѳйрѳсүндѳ:
- кичи жана орто бизнеске шарт түзүү максатында укуктук-ченемдик актыларды карап чыгуу жана бизнеске тоскоолдук кылган мыйзамдарды кыскартуу;
- экономика чѳйрѳсүн санариптештирүү. Бизнес-процесстерди онлайн-режимине ѳткѳрүү, жаңы санариптик сервистерди уюштуруу, жаңы технологияларды кийирүү. Бул багытта базалык инфраструктураны түзүү, калктын санариптик жана финансылык сабаттулугун жогорулатуу;
- Кыргыз-орус фондунун жана гарантиялык фонддун иштерин кичи жана орто бизнеске буруу. Айрыкча жаш ишкерлерге стартап долбоорлоруна мамлекеттик түзүмдөр тарабынан жардам берүү (квота аркылуу жеңилдетилген насыяларды берүү);
- акча түрүндѳгү тѳлѳмдѳрдү башка түрлѳрүнѳ ѳткѳрүү (безналичная форма).
Жемкорлукту жоюу максатында сѳзсүз ѳз алдынча массалык маалымат каражаттары иш жүргүзүп турушу зарыл жана коомдо сѳз эркиндиги камсыз болушу керек.
Ɵсүп келе жаткан муунду маданияттуулукка, ыймандуулукка, мекенчилдикке, сабаттуулукка, мыйзамдарды сыйлап аткарууга балдар бакчасынан, үй-бүлѳдѳн баштоо тууралуу мамлекетин эң негизги милдети жана улуттук идеологиянын ѳзѳгү болушу керек.
Адилбек Кыпчаков, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын бѳлүм башчысы