Кыргызстандагы жемкорлукка байланышкан журналисттик иликтөөлөр мурдагы жана азыркы бийликтин ортосундагы күрөштү күчөтүп, бул маселе боюнча бийлик менен жарандык коомдун реакциясын да көрсөттү.
25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өткөн «#REакция» аттуу жарандык акциянын катышуучулары президентке жана парламентке кайрылуу жөнөтүштү. Алар бул кайрылууда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөө боюнча териштирүү жүргүзүүнү, бардык укук коргоо органдарынын жетекчилерин кызматтан кетирүү талап кылышкан. Акциянын катышуучулары коррупция тууралуу айтып чыккан журналисттердин жана активисттердин коопсуздугун камсыз кылууга, реформа жүргүзүүгө жана паракорчулук менен күрөшүүгө чакырышкан. Ошондой эле Түркияда өлтүрүлгөн уйгур улутундагы ишкердин өлүмүн иликтеген депутаттык комиссияга жарандык коомдун өкүлдөрүн кошуу маселесин коюшкан.
Бул окуялардын эпкини көп өтпөй парламентке жетип, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина буга байланыштуу президентке импичмент жарыялоо тууралуу кеп козгоду. Анын айтканы эл өкүлдөрүнүн баарына жага берген жок. Депутат Улан Примов президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн конституциялык укуктарын пайдаланып, өз милдетин так аткарып жатканын билдирди. Эл өкүлдөрү Азамат Арапбаев, Алмазбек Токторов да импичмент жөнүндө ойлорго кошулбай турганын айтышты.
Ошентсе да депутат Наталья Никитенко убагында Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп турган учурда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо маселесин козгогонун эстеди. Никитенко Текебаев бир топ иштер боюнча Атамбаевди айыптаганын билдирип, азыр дал ошол маселелер боюнча мурдагы президентке айыптар коюлуп жатканын белгиледи.
Жыйында депутат Элвира Сурабалдиева коррупцияга байланышкан фактылар жалпы эле бийлик органдарынын аброюна жана өлкөнүн инвестициялык жагдайына көлөкө түшүрүп жатканын эскертти. Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) башчысы Бакир Таировду кызматтан четтеп турууга чакырды:
- Азыр бизге сырттан келем деген инвестор «булардын аткезчилеринин колдору узун экен, Түркияда болсо да атып салышат» деген бүтүмгө келишти го?! «Бул боюнча иш козголду» деп жатасыңар, бирок ал ачык болушу керек. Баарын жабык карап жатасыңар деп, эл жаман көрүп жатат. Митингге чыкканы да ошондон. Эл «өкмөтүң да, депутаттарың да, баарыңар үлүштө олтурасыңар» деп айтып жатат, социалдык тармактарда жазып жатышат. Бул жерде маалыматты кантип бурмаласак деле бийликте отургандардын баарыбыз күнөөлүү болуп калып жатабыз. Бакир Дуулатович, сиздин атыңызга байланыштуу да бир топ нерселер айтылды. Ошондуктан иликтөө жүрүп жаткан учурда сиз кызматтан четтеп турушуңуз керек, аралашпашыңыз керек.
Ушу тапта Кыргызстандын бажысындагы коррупциянын ачыкка чыккан фактылары боюнча мурдагы жана азыркы президенттин, ошондой эле аларга байланыштуу кеп болгон Райымбек Матраимовдун тарапкерлери маалымат айдыңында жана социалдык тармактарда үч бөлүнүп жаатташып жатканы белгилүү. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликти Райымбек Матраимовго каршы чара көрбөй жатканы үчүн сындап келген. Азыркы мамлекет башчы болсо Райымбек Матраимов дал Алмазбек Атамбаевдин тушунда бажы органдарында белдүү кызматтарды ээлеп, өзү бийликте турганда бажы органдарында иштебей калганын жүйө келтирген. Ал эми Райымбек Матраимов жакында тараткан кайрылуусунда өзүнө коюлуп жаткан дооматтарды негизсиз деп баалап, Кыргызстандын укук коргоо органдарында коюлган суроолорго жооп берерин билдирген. Азырынча анын кайсы бир органдардын суроолоруна жооп бергени тууралуу маалымат жок.
Депутат Жанарбек Акаев «Азаттык» радиосунун «өлкөдөн чыгарылган 700 млн. доллар» жөнүндө айтылган иликтөөсүндөгү акча каражаттары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда өлкөдөн чыгарылганын эске салды. Бирок ал ошону менен катар азыркы бийликти да бул маселе боюнча чечкиндүү чара көрүүгө чакырды:
- 700 миллион доллар кимдин тушунда чыгарылып кеткени баарыбызга белгилүү. Атын аташыбыз керек, ал Атамбаевдин тушунда чыгарылган. Журналисттик иликтөөдө да 2017-жылга чейин деп көрсөтүлүп жатат. Макул, Атамбаев ошого күнөөлүү болсун, ал Хабибулла Абдыкадыр менен үйлөрдү курсун, анын учагында учсун, мечиттерди, резиденцияларды салдырсын - ал өзүнчө маселе. Атамбаев азыр түрмөдө. Бирок азыр эмне болуп жатат, азыр аткезчилик токтоп калдыбы? Биз - Кыргызстандагы эң жогорку орган Жогорку Кеңеш - ушул жерде талкуулап, чечим чыгарышыбыз керек. Болбосо демилге көчөгө чыгып жатат, эртең жазда жаштар мындан он эсе көп чыгат. Аткезчиликти кан буугандай токтотушубуз керек. КамАЗдардан ар биринен 4600 доллардан алып жатышат. Аскар Акаевдин убагындагы «капчык» Муратбек Малабаевден баштап, азыркы Райымбек Матраимов, Адамкул Жунусов, түрмөдөгү Кубанычбек Кулматовдон баштап баарын чакыралы.
Журналисттик иликтөөлөрдө айтылган бажыдагы коррупция фактылары азыр деле актуалдуу деген пикирлерге «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да кошулат. Ал бажы тармагындагы жүк ташуудагы мыйзамсыз иштер бүгүнкү күндө да уланып жатат деп эсептейт.
- Реэкспортто коррупция болуп келген жана болуп жатат, - деди ал. - Менден башкалары «2017-жылга чейин болуп келген» деп эле токтоп калып атышат. Мен бүгүн да болуп атат деп айтам. Муну президент, өкмөт токтотушу керек. Жигердүү жарандардын талабы күн тартибинде бул маселе актуалдуу болуп турганын көргөздү. Президент, өкмөт, парламент да бул көйгөйдү буйтап өтүп, көз жаздымда калтырууга укугу жок.
Иш жүзүндө өлкөдөн чыгарылып кеткен акча каражаттарынын масштабы иликтөөдө айтылгандан да көп болуп чыкты. Бирок бийлик бул каражаттардын укукутук жагына көптөн бери баа бере элек. Финансы полициясынын башчысы Бакир Таиров парламенттин комитеттеринин жыйынында бул тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди:
- 17 банктан үч жарандын акча которушун көтөрүп чыктык. Толтурулган акча каражаттары Саймаити, Вуфули жана «Абдыраз» ишканасы тарабынан Кытайга, Түркияга, Литвага, Британияга, Германияга жана башка өлкөлөргө которулган. Алынган банктык документтерди талдоодо Айеркен Саймаитинин, Вуфули Бумаилиамунун жана «Абдыраз» коомунун эсептерин толуктоонун негизги булагы накталай акча болгон. Ал эсептерге акча алардын өздөрүнөн, жалпысынан сегиз адамдын атынан которулуп турган. Калгандарынын аттарын айта албайбыз. Бирок акчанын суммасы 932 миллион 736 миң доллар сумма болгон.
Жалпысынан бийлик органдары азырынча бул маселе боюнча иш жүрүп жатканын кабарлап, маселенин оор экенин моюнга алууда.
Атап айтканда, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жакын арада бул кеңештин жыйыны болорун жана анда коррупция маселеси караларын билдирген. Ал эми өкмөттүн басма сөз кызматы бул боюнча тараткан маалыматка караганда, аткаруу бийлиги учурда коррупцияга каршы күрөшүү механизмдеринин натыйжасы жетишсиз экендигин премьер-министр түшүнөт, бирок кадрдык жүрүштөр менен эле өзгөртүүлөрдү кылуу мүмкүн эмес деп эсептейт. Өкмөт өз билдирүүсүндө бажыдагы мыйзамсыз иштерге бөгөт коюш үчүн «Торугарт», «Эркечтам» бажы постторунда заманбап текшерүү комплекстери пайдаланууга берилгенин мисал келтирген.
Антсе да коомчулуктун көзүнө урунгудай кадрдык чечимдер же кылмыш иштери байкала элек. Ал тургай айрымдары коомчулукта көп суроолорду жаратууда.
Дагы караңыз Бажыдагы «байкатпаган» кадрдык жүрүштөрМисалы, бажы органдарындагы акыркы кадрдык жүрүш тууралуу 15-ноябрда белгилүү болгон. Анда былтыр кармалып, камакка алынганы жарыяланган «Түндүк-Чыгыш» бажы бекетинин башчысынын орун басары Элнура Мамбетжунушова Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына көтөрүлгөн. Финансы полициясы ага кылмыш иши козголгону расмий ырасталбаганын билдирген.
Финансы полициясы мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланыштуу компаниялардан 24 млн. сомдой салык өндүрүлгөнүн кабарлаган. Мынча каражат төлөнбөй калганы анын мүлкүн текшерүүнүн алкагында аныкталган. Бирок салыкты жашыруу кылмыш экенин айтып, Матраимовго жана анын жакындарына чара көрүлбөгөнүнө таң калгандар бар.
Бир катар адистер жалаң эле бажыдагы эмес, жалпы эле мамлекеттик органдардагы коррупцияны азыркы саясий система менен байланыштырышат. Алардын айрымдары өкмөттү түзгөн орган катары Жогорку Кеңештин да жоопкерчилигин эске салышууда. Алардын бири - УКМКнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы башчысы Максат Мамытканов.
- Депутаттар парламентте жөн эле кыйкырып отура бербей саясий эркин көрсөтүшү керек, - дейт ал. - Анткени өкмөттү депутаттар өзүлөрү шайлаган. Коалициялык көпчүлүктөгү фракциялардын өкүлдөрү министр болуп отурушат. Демек мамлекетте болуп жаткан коррупция - өкмөттүн курамын түзгөн партиялардын кесепети. Алардын ишине депутаттар да жооптуу. Ошон үчүн Жогорку Кеңеш коррупцияга тиешеси бар министрлердин баарын жоопко тартууну талап кылып, жумуштан кетирчүсүн кетириш керек. Алардын ордуна таза адамдарды алып келип, «жыйынтык көрсөтөсүңөр» деп талап коюш керек.
21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.
Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Олчойгон ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.