Коррупцияга каршы президенттин эрки керек

Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Табыш Кожобаев жиберген сунуш.

Сингапур мамлекетинин премьер-министри Ли Куан Ю кантип өз өлкөсүн коррупциядан арылтып, дүйнөдөгү он алдыңкы мамлекеттин катарына кошкону бүт дүйнөгө белгилүү. Демек, коррупцияны жойсо болот экен да? Эмне үчүн ушул жолго түшпөйбүз? Бул жол коррупцияны жоюудагы жападан-жалгыз жол экени эчак эле далилденген.

Кыргызстанда мамлекетти башкаруудагы ачык-айкындык жокко эсе. Ачык-айкындыкты кимдер камсыз кылат? Менимче жогорку бийликте отургандар - президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт башчы камсыз кылышы керек. Мисалга «Белизгейт» маселеси канчага чейин ачыкка чыкпай жүрө берет, же буга башка мамлекеттин кийлигишүүсү керекпи? Бул иш ачыкка чыкпаса «коррупция менен күрөшүп жатабыз» дегенге коомчулук ишенбейт. Себеби бул ишти жасагандар - мамлекеттеги жогорку бийлик деңгээлиндеги кызмат адамдары.

Дагы караңыз Кыргызстанды жемкорлордон сактап калалы

Ѳлкөбүздө коррупциясы жок, мыйзам чегинде иштеген системаны түзүүгө эмне жолтоо болууда? Бул багытта биздин мыйзамдарыбыз жетиштүү эле деңгээлде. Бирок ошол мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдар, өзгөчө прокуратура жана соттор өз иштерин так аткарбай жатышат. «Сотторго элдин 75% ишеними жок» деп өлкө башчыбыз моюнга алып жатса, мындай өлкөдө коррупцияны жоюуга болобу? Мамлекеттик кызматтардын жетекчилигине өз ишин жакшы билбеген, мекенчилдиги жок, күн сайын адам болуу сапатынан алыс, «мен таза болсом коомубуз да таза болот» дегенди ойлобогон адамдардын коюлушу коррупцияны жоюуга чоң жолтоо болууда. Өлкөнү коррупциялык ыкма менен башкаруу эгемендик алган жылдардан бери калыптанып, жазылбаган мыйзам болуп калган.

Коррупцияга бөгөт коюунун дагы бир компоненти - жапон элиндегидей, биздин саясий жетекчилигибизде, интеллигенциябызда элге берген, өзгөчө шайлоо алдындагы убадаларыбызды антыбыз аткарылбай жатканында.

Кемчилигибизди моюнга алуу институту таптакыр эле жок. Кол алдындагы кызматкери олчойгон пара менен кармалса да жетекчиси билмексен, көрмөксөн. Ушул себептен эгемендик алган 28 жылдын ичиндеги беш президентибиздин экөө жана УКМКнын мурунку башчысы качкын, дагы бирөө, эки өкмөт башчы, депутат бүгүнкү күндө камакта. Өлкөбүздө коррупция кандай деңгээлде экени ушундан көрүнүп турбайбы.

Дагы караңыз Коррупцияга каршы өлүм жазасы керек

Коррупцияны жоюу боюнча бийлик башындагылардын билдирүүлөрү жана аракеттери жетиштүүбү? Менимче жетишсиз, өзгөчө аракеттери. Сиз уктуңуз беле, «өкмөт башчы, министр губернатор же аким бир коррупционердин бетин ачыптыр» дегенди? Бирок президентибиз 2018 жылдын февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынынан бери ушул күнгө чейин эл менен болгон жолугушууларында «коррупция менен күрөшүү - менин ишимдин негизги багыттарынын бири» деп айтып келет. Ал түгүл «коррупция тамырын биз ойлогондон да терең жайыптыр» деп моюнга алып, «бул багытта эл, коомчулук да жардам бериши керек» деп коомчулукка кайрылып келет. Бирок иш алгылыктуу жүрбөй жатат. Себеби тийиштүү мамлекеттик органдар жакшы иштебей жатышат. Буга мисал - биздин «Коррупцияга каршы элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү көптөгөн коррупциялык иштер боюнча президентке, прокуратурага, өкмөткө, губернаторго, акимге, Финполго, МУККна, фактылар менен кайрылабыз. Алар ыкчам, мыйзам чегинде иш жүргүзүштүн ордуна убакытты созуп, эптеп жооп беримиш болуп, ал түгүл ал тарапка адвокаттык кызмат кылып жатышат.

Президент «биз коррупционерлерге эл ичинде баш көтөрүп, басып жүрө албагыдай шарт түзүшүбүз керек, ошондо гана биз коррупцияны жоёбуз» деп айтканы бар. Бул боюнча төмөнкү фактыны келтирейин. Коррупция менен күрөшүүдөн түшүүчү атайын эсепке бүгүнкү күнгө 1,7 миллиард сомго жакын каражат түшүптүр. Бирок бир да коррупционердин аты атала элек. «Эмне үчүн аттары аталбайт?» деген сурообузга биздин коомдук бирикмеге прокуратура менен президенттин апаратынан: «Муну ачыкка чыгарууга али эртелик кылат» деген жооп келди. Дагы биздин: «Мамлекеттен уурдап тышка качып кеткендер жөнүндө кандай иштер жүрүп жатат?» деген сурообузга ИИМден жана Башкы прокуратурадан: «Аларды издөө боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат» деген жооп келди. 15-20 жылдан бери алардын бирин кармамак түгүл таппаса, ачык айтылбаса, бул коррупция менен күрөш эмес, тескерисинче коррупционерлерди колдоо деп түшүнөбүз да? «Дело №» гезити канчалаган коррупциялык иштерди көргөзүп келет?

Дагы караңыз Коррупцияны тапкандарды кызыктырыш керек

Коррупцияны кантип жойсо болот? Кыргызстан - чакан мамлекет. Бийликтин кылып жаткан иштери бат эле элге билинет. Бардык иштерде ачык-айкындыкты камсыз кылып, мамлекетибиздеги бардык органдар, өзгөчө укук коргоо органдары (айрыкча прокуратура) мыйзам чегинде эле иш алып барышса иш оң жагына эчак эле жылмак.

Биз өзүбүздү канчалык «парламенттик өлкөбүз» дегенибиз менен, «чыгыш менталитетибиз» менен, «кыргызчылыгыбыз» менен жана өлкөбүздөгү бүгүнкү күндөгү өзүнөн-өзү түзүлгөн кырдаалга карап, президент Конституциянын гаранты экенин эске алып, бул иштин башында президент турушу керек деп эсептейм. Себеби өлкөдөгү эң жогорку көзөмөл органы - прокуратура өлкө башчынын колунда. Ошондуктан президент бул багыттагы ишти өз көзөмөлүнө алып, иштин ыкчам жүрүшүн такай талап кылып турушу керек.

Табыш Кожобаев

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​