Коррупциянын тамыры көмүскө экономикада

Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Ширин Абдураимова жиберген сунуш.

«Азыр акчаң болсо башыңа келген машакаттын баары оңой эле чечиле турган заман». Мындай пикирди улуу муундан да, орто муундан да, өсүп келе жаткан жаш муундан да угам. Дал ушул түшүнүк элдин аң-сезимине, көз-карашына сүңгүп кирип, өлкөбүздүн эгемендик алгандан бери чейрек кылымдан ашуун убакыт өтсө да, өнүгүүнүн жолуна бир кадам алдыга таштамыш болуп, бирок кайра эле эки кадам артта экенин айгинелейт.

«Акча чечет» түшүнүгү тараза ташын мыйзамга эмес, коррупцияга оодарып алды да, кадыресе көнүмүшкө айлантты. Эми ушул жемкорлуктун келип чыгуу себептерин аныктоодо «Toyota» компаниясынын негиздөөчүсү Сакити Тойоданын өзөктүк себепти талдоодогу дүйнөгө белгилүү «Беш эмне үчүн» усулун колдонуп көрөлү.

Кыргызстанда көмүскө экономиканын көрсөткүчү боюнча ар кандай сандар айтылып келет. Экономиканы өнүктүрүү министрлиги өлкө экономикасынын 50 пайызга жакыны көмүскөдө экенин белгилесе, эркин эксперттер бул көрсөткүч дээрлик 70 пайызга барабар экенин айтышат. Ал эми Дүйнөлүк банктын буга чейинки отчётторунда Кыргызстандын көмүскө экономикасында 8 миллиард доллар айланып жүрөрү айтылган. Бул өлкө бюджетинен бир канча эсе көп сумма. Тейлөө, курулуш, соода-сатык тармагында эмгектенген ишкерлерди көмүскөгө түрткөн негизги жагдайлар – салык төлөмдөрүнүн көптүгү, коррупция жана саясий туруксуздук.

Көрүнбөгөн көмүскө экономиканы канткенде ачык-айкын кыла алабыз?

  • Салык жүгүн жеңилдетүү, бюрократияны жоюу. Натыйжада кош бухгалтерия жүргүзүү токтотулат, мамлекеттик текшерүүчүлөр эч кандай ката таба албайт, ушул чөйрөдөгү коррупция да азаят.
  • Ишкерлердин коопсуздугуна көңүл бөлүү, аларды «каралардын» кысымдарынан арылтуу. Натыйжада ишкерлер бизнесин ачык-айкын жүргүзө башташат.
  • «Бизнестин жоопкерчилиги» маданиятын өнүктүрүү, түшкөн кирешени мамлекет менен мыйзамдуу түрдө бөлүшүү. Натыйжада ишкерлер төлөгөн салыктар кайра эле казынага барып, андан ары пенсия, айлык акыларга бөлүнөт.
  • Накталай акчаны колдонууну электрондук версияга өткөрүү. Кандай гана сатып алуу болбосун, банктык карталар же атайын тиркемелер аркылуу төлөө. Натыйжада өлкөдөгү акчанын эсеби так болуп, ким кимге канча акча жөнөткөнү ачык болуп, ким, качан, эмне сатып алганы да даана көрүнөт.

Кыргызстанда мыйзамга гана баш ийген система болушу үчүн дал ушул коррупцияны ооздуктоо зарыл. Коррупциядан арылыш үчүн жемкорлуктун желеси болгон көмүскө экономиканын деңгээлин түшүрүш керек.

«Мамлекетти башкаргың келсе, жакын адамдарыңдын темир тордо отурушуна даяр бол», деп Ли Куан Ю айткандай, өлкөнү коррупциянын деңгээли төмөн мамлекеттердин катарына кошууда бийлик адамдарынын аракеттери эң негизги факторлордон.

Бийлик органдары, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес, жеке ишканалардын жетекчилери керт башты ойлоону, кайдыгерликти токтоткондо гана саясий туруктуулук орнойт. Саясий туруктуулук экономикалык туруктуулукка жол ачат. Экономикалык өсүш мыйзамды да күчтөнтөт. Ал эми мыйзам бар жерде ар дайым бакубат жашоо бар. Ошондо гана «сот жообуна тартылганда, экзамен тапшырып жатканда, диссертация жактаганда, жумушка орношуп жатканда, иш-кагаздары так эмес болгон убакта акча чечет» деген түшүнүк бара бара азаят.

Ширин Абдураимова, Бишкек шаары

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​