Ал октябрдагы парламенттик шайлоо үчүн мамлекеттик мекемелерден акча чогулткан деп шек саналууда.
Атайын кызмат ушундай эле шек менен 24-ноябрда президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаевди да кармаган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) мурдагы төрагасы Бакир Таиров мыйзамсыз акча алууга байланыштуу шектүү катары кармалганы жөнүндө УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов буларды айтып берди:
«УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Бакир Таиров мамлекеттик мекемелердин биринин жетекчисинен ири өлчөмдө акча каражатын алганын аныктады. Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси ири сумманы берүүгө мекеменин жетекчисин 2020-жылдын октябрь айында өткөн Жогорку Кеңештин шайлоосунун алдында партиялардын бирин каржылоо деген шылтоо менен мажбурлаган. Бакир Таиров 10-декабрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында, Бакир Таировдун башка ишкерчилик чарбаларынан да ушундай жол менен акча алган учурлары боюнча тиешелүү ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат».
Атайын кызмат акча өндүрүлгөн мамлекеттик ишкананын жана партиянын аталышын, мажбурлап алынган акчанын суммасын тактаган жок. Мындан тышкары Бакир Таировго кайсы берене менен иш козголгонун да ачыкка чыгарбай жатат.
Бакир Таиров УКМКнын жогоруда сөз болгон маалыматы боюнча комментарий бере элек. «Азаттык» анын өзүнө же анын мыйзамдуу өкүлүнө бул боюнча микрофон сунууга даяр.
Кылмыш ишиндеги «Биримдиктин» карааны
24-ноябрда «мыйзамсыз акча чогулткан» деген кине менен президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев да кармалган. Анда да партиянын жана мамлекеттик мекеменин аты аталган эмес. Бирок Дыйканбаев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясынын тизмеси менен катышып, анын шайлоо фондуна 1 млн. 500 миң сом которгон.
Жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо алдыга озуп чыккан «Биримдик» бийликтин негизги партиясы катары сыпатталып келген. Буга бийликчил деген саясатчылар, ошол учурдагы бир катар кызмат адамдары «Биримдик» партиясынын тизмеси менен шайлоого барганы да далил катары айтылган. Ошол эле кезде «Мекеним Кыргызстан» партиясы да бийликчил партия катарып мүнөздөлүп жүргөн.
Дагы караңыз «Биримдикке» бириккен аткаминерлерЖогорку Кеңештин азыркы алтынчы чакырылышындагы депутаттардын бир топ бөлүгү «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын тизмеси менен шайлоого аттанганы белгилүү. Быйыл октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон элдин толкуну менен бийлик алмашкан соң бул чакырылыш өз мөөнөтүн узартып алган.
Спикердин мурдагы орун басары Кубанычбек Исабеков камакка алынган Бакир Таиров кайсы мекемеден акча алганы так айтылышы керек деп эсептейт. Ал каражат «Биримдик» партиясы үчүн чогултулган деген оюн айтты:
«Финансы полициясын жетекчилиги - оңой кызмат эмес. Анткени министрлерге, кызмат адамдарына, ишкерлерге, баардык мекемелердин жетекчилигине кылмыш ишин козгой алат. Кызматтын укуругу узун. Финансы полициясы саясатка аралашпай коррупция менен күрөшүшү керек эле. Бакир Таиров кызматка бийликтин камчысын чабыш үчүн келген. Чуулгандуу иштерде аты аталганына карабастан кызматтан алынбай келгенинин себеби да ушул».
«Биримдик» партиясынын жетекчилиги уюмдун тизмеси менен шайлоого катышкан Курманбек Дыйканбаевдин кармалышы, анын партия үчүн акча чогултушу, азыркы учурда айтылып жаткан божомолдор боюнча комментарий бере элек.
Партиянын төрагасы Марат Аманкуловго, негизги мүчөлөрү менен талапкерлерине, Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаровго жана Асылбек Жээнбековго байланышып, шайлоо өнөктүгүндөгү каражат чогултуу тууралуу суроого жооп алуу мүмкүн болгон жок.
Аталган партия шайлоого жалпы жонунан 104 млн. 664 миң сом короткон. Парламенттик шайлоого «Биримдиктин» тизмесинен экинчи болуп катышкан Улукбек Кочкоров партиянын каржы иштерине аралашпаганын айтып жатат.
«Мен «Жаңы доор» партиясынын төрагасы болом. Парламенттик шайлоого «Биримдик» менен катышкам. Бирок алардын каржы маселеси боюнча кабарым жок. Такыр аралашчу эмесмин».
Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун божомолу мындай:
«Биримдик» же ошол сыяктуу бийликтин тегерегиндеги партияларга акча эки булактан келет. Биринчиси - бийликке кошомат кылган олигархтар же ишкерлер. Алардын тизмеси бийликтин колунда. Экинчиси - мамлекеттик компаниялар жана укук коргоо органдарынын башчылары. Мамлекеттик компаниялардын ичинен көрүнүктүүлөрү - «Дастан», «Мегаком», «Манас» аэропорту жана «Кыргыз алтын» ишканалары. Аларды болсо укук коргоо органдарынын башчылары коркутуп шайлоого акча чогултушат. Эгерде жакшылап иликтей турган болсо, анда ошол кезде күч түзүмдөрүн жетектеп турган адамдардын баары камалат».
Бакир Таиров деген ким?
Атайын кызмат камакка алган Бакир Таиров Финансы полициясында 2018-жылдын 29-апрелинен 2020-жылдын октябрынын ортосуна чейин иштеген. Парламенттик шайлоодогу элдик тополоңдон кийин бул мекемени Сыймык Жапыкеев жетектеп жатат.
54 жаштагы Таиров эмгек жолун Ички иштер министрлигинде баштап, 2007-жылдан бери Финансы полициясында иштей баштаган. Бакир Таиров жетектеп турган учурда бул мекеме Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерген эле. Бирок текшерүүнүн жыйынтыгы коомго жарыяланган эмес.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров ошол учурдагы бийликтин өкүлү катары Бакир Таиров да көп иштерге көз жумган деп эсептейт.
«Журналисттер канчалык далил көрсөтпөсүн, Финансы полициясы чара көргөн эмес, - деди ал. - Ошол эле Матраимовдордун мүлкүн узак убакыт бою текшерип туруп алган. Жыйынтыгында «Матраимовдун чет өлкөдө байлыгы жок» деп жооп берген. Ошол эле учурда Бакир Таировду бир жактуу каралаган да болбойт. Анткени бизде адат болуп калгандай, жаңы келген бийлик мурдагыларды четинен камап баштайт. Бакир Таировдун күнөөсүн сот далилдейт. Бирок шайлоого акча чогултуу азыр да уланат. Азыркы бийликтин алдында да каражат топтоо маселеси турат. Кимден алат? Албетте, мурдагы эле булактарга кайрылат».
«Азаттыктын» Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион доллар тууралуу иликтөөсүндө айтылган Чолпон Элмуратова жана Токтосун Туманбаев менен Бакир Таировдун туугандык байланышы болгон.
Иликтөөдө айтылгандай, Кыргызстандан которулган 700 миллион доллардын бир бөлүгү Германиянын Мюнхен шаарында жайгашкан «AKA Петролеумга» кеткен. Ал эми «АКА Петролеум» жана Чолпон Элмуратова - «Терек-Сай жаштары» жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) негиздөөчүлөрү.
«Терек-Сай жаштары» 2014-жылы Чаткалдагы Кассан сурьма кенин иштетүү укугун аукциондон 4,5 миллион долларга утуп алган. Аталган компанияны Токтосун Туманбаев башкарат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.