№6 төрөт үйү катары көпчүлүккө белгилүү болгон Бишкектеги Энени жана баланы короо боюнча улуттук борбордун гематология бөлүмүндө дарыланып жаткан эки наристе, үч эне жана эки кызматкер вирус жугузуп алды.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 7-майдагы онлайн брифингде ооруканадагы абалды мындайча түшүндүрдү:
«Ал жерде 17-24-апрелде бир бейтап бала апасы менен жаткан. Ооруканадан чыккандан кийин бир нече күн Бишкекте болуп, анан Тогуз-Торо районуна кетишкен. Баштапкы текшерүү учурунда алардан ошол жакта коронавирус табылган. Маалымат Бишкекке берилип, гематология бөлүмүндө эпидемияга каршы бардык тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. Алар жаткан кезде иштегендер жана дарылангандарды текшергенде дагы жети кишиден вирус табылып, алар Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылды».
Учурда гематология бөлүмү жаңы бейтаптарды кабыл алууну убактылуу токтотту.
Дагы караңыз Таажы вирусунун тарбия сабактарыАл арада баш калаадагы №14 бейтапкананын башкы дарыгери, кароолчусу жана дагы бир кызматкер коронавирус менен ооруканада жатканы бышыкталды. Башкы дарыгердин күйөөсүнө да вирус жугуп, абалы оор, өзүнүн саламаттыгы канааттандырарлык экени белгилүү болду. Илдетке кабылган бейтапкананын кароолчусунун жубайы буга чейин коронавирус аныкталган №3 бейтапканада иштеп келген.
Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев башкы дарыгер көчмө топтордон вирус жугузган деп боолголоп жатат:
«№14 бейтапканада көчмө топто иштеген дарыгер келип башкы дарыгерге отчёт берип турчу. Башкы дарыгер ошол жерден жугузуп алган окшойт. Бир нече жолу текшерилгенде анализи таза чыккан. Дене табы көтөрүлгөндө үйдөн дарыланууга аракет кылган. Ошол учурда күйөөсүнө да жуккан».
Медицина кызматкерлеринин вируска көп кабылып жатышын дал ушул көчмө топтор менен байланыштыргандар чыгууда. Бишкектеги ооруканалардын биринде дарыгер болуп иштеген Сыргак бейтаптар менен байланышта болуп, алардан жеринде анализ алып жүргөн көчмө топтордун өзүнчө иштешине шарт түзүлбөгөнүн чекилик катары баалады:
«Коргонуучу кийимдерди кантип кийип, кантип чечип жатканы, утилизация кандай болуп жатканы өзүнчө маселе. Бирок ар бир поликлиникада көчмө топ түзүлгөн. Анын курамына лаборант, эпидемиолог, терапевт же башка дарыгер кошулат. Булар чакырууларга барышат. Контакт болгондон кийин кайра эле ишине келип кесиптештери менен бирге иштеп, чогуу чай ичишет. Жумушу бүткөндөн кийин үйүнө барат да. Ошентип вирус жугат. Көчмө топторду башынан бөлүш керек болчу. Алар үчүн өзүнчө штаб ачып, чакырууларга ошол жерден жөнөтүп, кайра ошол жерге келип, үйлөрүнө да кетпешине шарт түзүлсө көбүнө жукмак эмес. Башында көчмө топтор элди барып көрүп келип, кадимкидей эле иштеп жүрүшкөн. Поликлиникаларда вирус көп чыккандан кийин гана бөлө башташты. Азыр алар 14 күн иштеп, 14 күн карантинде болот».
Дагы караңыз COVID-19: азайбаган оору, ойго салган сунушАл эми Нургазы аттуу дарыгердин пикиринде, вирустун белгилеринин байкалбаганы анын жайылышын шарттап жатат.
«Поликлиника, ооруканаларда шарт жакшы, - деди ал. - Бирок оорунун белгилери билинбеген учурлар да бар. Организминде вирус бар экени билинбегендер келсе медицина кызматкерлери өтө сактанып караганда деле жугуп калат. Анын алдын алыш үчүн бардык жарандарды бир күн ичинде тесттен өткөрүш керек. Бирок бул мүмкүн эмес болуп атпайбы».
Бул бейтапканалардын кызматкерлери вирус жугузуп алган биринчи учур эмес. Мурдараак №17 жана №3 бейтапканалардын өкүлдөрүнөн да илдет чыккан. №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева вирус жугузуп алгандан кийин кайтыш болгон.
Бишкекте карантин киргизилгенден бери эле бейтапканалар ишин улантып жатат. Ушул тушта расмий түрдө коронавирус табылды деген 895 кишинин 224ү медицина кызматкерлери. Вирустан каза болгон 12 кишинин бири дарыгер.
Дагы караңыз Мыкты дарыгер, мээримдүү эне эле...Акыркы күндөрү вирус жугузгандар Нарын аймагында да күч алды. 7-майдагы маалымат боюнча ооруга кабылган 24 кишинин теңи нарындыктар.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда да коронавирус боюнча абал оор болуп, дарт 13 кишиден табылды. Саламаттык сактоо министрлиги алыскы районго вирусту Бишкектен тажияга баргандар жугузганын билдиргени менен алардын жоопкерчилиги кандай болору жөнүндө эч кандай маалымат бере элек.
Бишкектин тургуну Жаркын Асанбек - элдин өзү да карантиндин талаптарын сактабай жатат деп кейигендердин бири.
«Көпчүлүк «коронавирус жок, бул жалган» деп ишенбей, симптомдору билинбегени үчүн «тиги дары деле ичпептир, оорубаптыр» деп жатат. Муну тайкы түшүнүк деп эсептейм, - деди маектешибиз. - Маалымат окушпайт, «WhatsApp» аркылуу келген чала сабат кабарларга ишенип отурушат. Кенебестиктен, кайдыгерликтен ушундай болуп атат. Карантин узарбасын десек коопсуздугубузду аябай карашыбыз керек. Коопсуздукту сактабасак, мыйзамга баш ийбесек, тоготпосок, карантинден кантип чыкмак элек? Ушуну ар бир жаран түшүнсө».
«Вирус таратты дегендер карантинде Чаткалга кантип жетти?» деп суроо салгандар да жок эмес. Ага тиешелүү өкүлдөрдөн жооп алууга мүмкүн болбоду.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.