Мобилдик топто иштеген өмүр сакчылары

Айнура Мусурова 26 жылдан бери медайым болуп иштейт. Ал 2020-жылы март айында Кыргызстанда коронавирус алгач катталгандан баштап Бишкектеги №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда түзүлгөн мобилдик топто иштеп жатат. 

"Кыргызстанда коронавирус жаңы катталган учурда аябай кыйын болчу. Элдин баары бизден коркуп, бизди көргөндө чоң эле кишилер эшиктерин ачпай койгон учурлар болгон. Урушуп, кууп, милиция чакырган күндөр болду. Азыр эл түшүнүп калды. Биз барганда эшиктерин ачып, жылуу тосуп алышат", - деди коргонуучу кийимдерин кийип жаткан медайым.  
 

Дарыгерлердин коргонуучу каражаттары. Аларды кийүүнүн өзүнчө эрежеси бар. 

Айгүл Өмүралиева кесиби боюнча акушер-гинеколог. Бирок үч жыл мурун билимин жогорулатып үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кошулган. Акыркы эки жылдан бери мобилдик топто иштеп жатат.

Мобилдик топтун иши эрте мененки саат сегизде башталат. Коргонуучу каражаттарды кийип, Айгүл Өмүралиева менен Айнура Мусурова чакырууга жөнөдү.

№6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда түзүлгөн мобилдик топто учурда беш группа иштеп жатат. Күнүнө аларга 200гө жакын кайрылуу түшөт. Алар Бишкектин Октябрь районун гана тейлешет.  

Мобилдик топко 12-кичирайондон чакыруу түштү. Үйлөрдүн номерлери так жана туура жазылбагандыктан Айнура менен Айгүл бейтаптын дарегин издеп бир топ убара болушту. Бул сүрөттө алар лифт менен 9-кабатка көтөрүлүп жатышат. 

"Бул үйдө лифт иштейт экен (күлүп). Айрым үйлөрдө лифт иштебей 10-12-кабатка жөө чыккан күндөр болот. Кээде лифт бузулуп ичинде калган учурларыбыз дагы болду", - дейт Айгүл Өмүралиева.

Дарыгер Айгүл Өмүралиева бейтапка дарыларды жазып берүүдө. 

"Биз бейтаптын өпкөсүн тыңшап, сатурациясын текшеребиз. Эгер абалы жакшы болсо көбүрөөк суу ичүүсүн сунуштайбыз. Эгер пневмонияга шек санасак дароо эле тез жардамды чакырабыз. Негизи ооруган адам оорудум деп жатып албашы керек. Басып, көнүгүүлөрдү жасап, жакшы тамактанып, сууну көп ичсе бат эле сакайып кетет", - дейт дарыгер. 

Медайым Айнура Мусурова ПЧР-тест алып жатат. 

Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы катталгандан бери мобилдик топко кайрылгандар көбөйгөн.

Дарыгерлер ооругандардын көбөйүшүн жарандардын санитардык талаптарды сактабай жатканы менен байланыштырат.

"Январь айында вирус жуктургандар кескин көбөйдү. Ага жаңы жылдык кечелер себеп деп айтсак болот. Анткени жаңы жыл алдында элдин баары корпоративге барышкан. Ошол себептен ооругандар көп", - дейт Айгүл Өмүралиева.

Адистердин айтымында, коронавирустун "омикрон" штаммына кабылган бейтаптар көбүнчө эти ооруп, өзүн начар сезишет. Тамагы кычышып, мурду бүтөт. Дене табы көтөрүлүп, дем алуусу кыйындайт. Вирустун бул түрүнө кабылгандар чанда гана жыт, даам сезбей калбаса көпчүлүк учурда оорунун симптомдору сасык тумоого окшош. Андан сырткары бул вирус адамдагы өнөкөт ооруларды козгойт. 

Бейтаптан үй шартында алынган ПЧР-тест.

Вирустун "омикрон" штаммы айрым адамдарда жеңил өткөнү менен өнөкөт ооруларды козгойт.  

2020-жылы карантин учурунда Кыргызстан боюнча 300дөн ашык мобилдик топ түзүлгөн. Ошондой эле, ыктыярчылар дагы жардам берген.

Мобилдик топ бир күндө 20дан ашык бейтаптын үйүнө барып ПЧР-тест алып, абалына көз салып, кеңештерди берип кайтат. Ар бир үйдөн чыккандан кийин коргонуучу каражаттарын чечип, атайын баштыкчага салып алып кетишет. 

 

Дарыгер Айгүл Өмүралиева менен медайым Айнура Мусурова Бишкектеги №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда түзүлгөн мобилдик топто иштешет.